Икрамдын “изин” сагынган Акибаев

«Шоопур» бийликти тизгиндеген доордо тирукмуш жетекчилер болду го, чиркин. Ошол доордун бир мисалы, Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, тактап айтканда экс-губернатору Аскат Акибаев бизнеси менен алек. Жакында кызын турмушка узатып куда күттү. Областы жетектөө оюнчук эмес да, канткен менен ага тажрыйба жөндөм керек дегендей. Мындан улам Акибаевдин кандай жетекчи болгонун айта албайбыз. Айтууга деле эч нерсе оозго илинбейт. Эч кандай аракеттер жасалбаса эмнени айтат элек. Антсе да бир билгенибиз Аскат мырзанын кайрадан мамлекеттик кызматка келүү ниети бар. Бирок, баягы, бийлик тараптагы Икрам Илмияновдой таянычы жок кайрадан бийликке келүү кыйынчылык жаратат го.

Каныбек Кадыралиев

Булак: “Де-Факто”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *