Икрамжан Илмиянов: “Мен Америкадан эмес, Россиядан кайтып келем”

Белгилүү телеоператор/журналист Каныбек Темиров биздин редакцияга кызыктуу интервью жөнөтүптүр, каарманы белгилүү “Шопур” Икрамжан Илмиянов экен. Албетте анын Кыргызстанга келгенине ишенгибиз келет, бирок, Каныбек мырзадан анын бул жердеги фотосун же видеосун сурасак, жок экендигин билдирди. Кызык, колунан камера түшпөгөн Каныбек мырза кыйналып жазып олтурбай, видеоинтервью кылып койсо эле болмок экен. 

-Икрам мырза, кийинки учурларда дайыныңыз билинбей кетип, маалымат булактары түрдүү кептерди таратууда. Мында Сизди Америкага чыгып кетти деген да кабар болду. Ал жактан келдинизби?

-Жок мен Америкага барган жокмун. 30 күндүк Рамазан айында кичи Умрага барып Мекке-Мединада зыярат кылып жүрүп эми гана Кыргызстанга келдим.

-Анда АКШга барам деген планыңыз барбы?

-Жок, андай планымда жок. Учурда Орусияга барууну көздөп жатам. Анткени 2 жылга жакын мурун апама ошол жактан операция жасалган. Учурда апамдын илдети күчөгөнү байкалууда. Ошондон улам  кайра Орусиядагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарылануусун улантышы зарыл. Ошондуктан, азыр ал жака апамды алып барып,  жанында болууну пландап жатам.

Сиз саясаттасызбы же андан кеттинизби?

-Жок, мен буга чейин да саясатта болгон эмесмин. Ал эми мамлекеттик кызматтан өз ыктыярым менен баш тарткамын. Азыр өзүмдүн жеке жумуштарым менен эле алек болуп жүрөм.

-Сизди Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин “мен көрсөткөмүн”,- деп мактанып жүрөт деген да маалыматтар чыкты. Буга эмне дейсиз?

-Эч кандай Жээнбековдун талапкердигин мен сунуштадым деп мактанган эмесмин. Бул кимдир бирөөлөрдүн өз кызыкчылыктары үчүн чыгарган жалган сөздөрү. Эгер ал сөздү уккан адам болсо аты-жөнүн ачыктап эле тастыктап берсин. Бирок президенттик шайлоодо көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу анын талапкерин колдогом, ал тургай штабында да иштегенимди жашырбайм.

Негизи сиз Орусиядан кайра кайтып келесизби ?

-Албетте, сөзсүз Кыргызстаныма келем.

-Суроолорубузга убакыт бөлүп, жооп бергениңиз үчүн чоң рахмат. Жараткан апаңызга шыпаа берип тезинен сакайып кетсин жана Умрадагы каалоо-тилектериңизди кабыл кылсын!

Маектешкен Каныбек Темиров, журналист

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *