Кыргызстандык Ильзат Ахметов УЕФАнын футбол жылдызы боло алчулар тизмесине кирди

Жакында Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) 2019-жылы Европа футболунун жылдызы боло алчу жаш булгаары чеберлери тууралуу респонденттер аркылуу рейтинг тизмесин түзүп, анын ичинен алдыңкы 50 оюнчуну атап чыгышты. Бизди кубантканы, алардын катарына Кыргызстандык жердешибиз болгон, учурда Россиянын ЦСКА футбол клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметовдун да ал тизмеге киргени болду.

Ильзат азыр 21 жашта. Бишкек шаарында туулган. Чоң футболго болгон кадамы «Алга» клубунда башталган. Кийин футболго болгон ынтазары күч алып, Россиянын Тольятти шаарындагы Юрий Коноплев атындагы футбол академиясына тапшырып, 16 жашында Казань шаарынын «Рубин» футболдук клубуна алынып негизки составдагы эң жаш футболчу аталган. Өткөн жылдын күзүнөн тарта Москванын ЦСКА футболдук клубу менен 4 жылдык контракт түзүлүп, азыр аталган клубда ойноп келет. Анын биз үчүн дагы бир жагымдуу жагдай жаратканы Ильзат «Россиянын 2018-жылдагы эң мыкты жаш футболчусу» деген даражасына татып, «Биринчи бешилик» деген наамга ээ болду. Бали!

Эң мыкты демекчи, Ильзат жер планетасындагы мыктынын мыктылары делген футбол чеберлери чогулган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын негизги баскычында ойногон алгачкы кыргызстандык. Ал Чемпиондор Лигасынын тандалма турунда төрт матч ойноп, анын экөөсүндө, бири -аалам футболунда атак-даңкы таш жарган испандык «Реал», ошондой эле дагы бир күчтүү делген италиялык «Рома» командаларына каршы оюнга чыгып, атаандаштарынын дарбазасына гол жаратууда эң ыңгайлуу жагдайды жаратканы
баарыбыздын эсибизде болсо керек. Айрым жердештерибиз аны «Эмнеге Кыргызстан курама командасына ойнобойсуң? Эмнеге жарандыкты алмаштырып Россияга көчүп кетип калдың?» деген сыяктуу суроолорду тынымсыз жаадырганданбы, жакында видео кайрылуу аркылуу: «Айрымдардын кемсинткендери мени капалантат. Бирок жүрөккө жакын албаганга аракет кылам. Ким менин абалымды түшүнсө, ал туура мамиле кылат. Мен Кыргызстанды саткан жокмун, тескерисинче, төрөлгөн өлкөмдүн атагын чыгаргым келет»- деп жооп берди.

Биздин айтаар кеп: бир эле Ильзат эмес, учурда дүйнөнүн булуң-бурчунда окуп, иштеп өздөрүнүн тамшандырган ийгиликтери менен кубанткан бардык мекендештерибизге «кайда гана жүрбөгүлө, ылайым аман болуп дагы да чоң-чоң ийгиликтерди жарата бергиле, биз силер менен сыймыктанабыз!» деген аруу тилекти айткыбыз келет. Ал эми чоң футболдо көптү үмүттөндүргөн Ильзат Ахметовго кааларыбыз, кезинде ушул эле борбор калаабызда төрөлүп, чоңоюп, окуп, кийин чет өлкөгө кетип, ал жактан «Гандбол боюнча дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу» аталып жана да Эл аралык гандбол федерациясынын чечими менен «Жер планетасындагы XX кылымдын эң мыкты гандболисти» деген бийик наамга ээ болгон, Европанын, Дүйнөнүн, Олимпиаданын чемпиону, кыргыз уулу Талант Дүйшөбаев сыяктуу жердешибиздей киндик каның тамган Кыргызстаныңдын намысын жер жүзүнө желиберет дегибиз келет! Ошондо биз, Ала-Тоо койнундагы жердештериң учурда Улуу Британиянын футбол боюнча Премьер-лигасындагы «Тоттенхеминде» мыкты чеберчилигин көрсөтүп, бир эле Түштүк Корея мамлекети эмес, жер жүзүндөгү жалпы корей улутунун сыймыгына айланган Сон Хын Мин менен кандай сыймыктанышса, биз да сени кыргызстандык жердешибиз катары баалап, алардан ашса ашып, алды кем калбаган кубанычка бөлөнөөрбүз. Жаратканыбыз жакшылыгынан берип, касиет арткан Кыргыз жеринин дөөтүсү колдосун, сени Ильзат!

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *