Имамдар үчүн колдонмо курал катары китептер чыгат

Кыргызстанда имамдар үчүн колдонмо китептер чыгат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча китептер иштелип чыгып, айыл аймактагы имамдарга колдонмо курал катары берилет.

Айта кетсек, китептерди муфтияттын тиешелүү бөлүмдөрү жеңилдетилген түрдө даярдап чыгат. Ал аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *