Иманалиевдин иритмеси

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында курулган ак сарайдын мыйзамдуулугун териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Атамбаев буга чейин ал үйдү бюджеттин акчасын кетирбей өзүнүн, досторунун жана бюджеттик эмес фонддун эсебинен курганын жана ал мамлекеттин карамагында калаарын билдирген. Бирок ошого карабай, «бөйрөктөн шыйрак чыгарганды» жакшы көргөн, алкынды самындай колго токтобой, кырдаалга жараша түсүн өзгөрткөн Каныбек Иманалиев бул маселени демилгелеп чыкты. Албетте, күмөн жараткан жагдай болсо мыйзамдуулугу текшерилсин. Бирок резиденцияга Атамбаев үчүн курулду делген үйгө мамлекеттен бир тыйын кетпесе, курулуш ишин президентгин иш башкармалыгы жүргүзсө, үй мамлекеттин менчиги катары саналса, бул жерде текшериштин кажети барбы деген суроо туулат… Анан ич күйдүлүк кылып негизсиз чуу салып, коомчулукту күмөн ойго түрткөн бузукулуктун кереги барбы? Андыктан бул иш Иманалиевдин иритмеси экени көрүнүп турат…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *