Иманкадыр Рысалиев, эксперт-аналитик: “Бажы тармагына киреше түшүрүүнү Жээнбеков камсыздаса, ал эми Исаков менен Кулматов спектакль уюштурду”

Бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦиндеги авариядан соң коомчулукта көптөгөн суроолор пайда болуп, саясый күрөш курчуй баштады. Биз ушул маселе боюнча белгилүү эксперт-аналитик Иманкадыр Рысалиевге бир нече суроолор менен кайрылдык.

— Иманкадыр мырза, эң акыркы жаңылыктан баштайлычы, Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов ЖМКлар аркылуу январь айында бажы жыйымдары эки эсе көбөйгөнүн айтышып, муну коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасы катары түшүндүрүштү. Сиз мындай пиар акциянын сырын кандайча чечмелейсиз?

— Бажы салымдарынын көбөйүшү тууралуу айтсак, мен түшүнбөйм, Сапар Исаковдун буга кандай тиешеси бар? Эмне, ал Өзбекстанга барып, чек араларды ачуу, товар алмашууну көбөйтүү боюнча макулдашып келдиби? Же Кытай менен чек арада үч жактуу көзөмөл жүргүзүү тууралуу Назарбаев менен макулдаштыбы? Эң алыскы айылдарда жашаган калк деле бул иштердин баарын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жасаганын билишет. Сапар Исаков интернетке көбүрөөк үңүлүп, билимдүү-илимдүү кишилер анын жетишкендиктери тууралуу эмнелерди жазып аткандарын окуп турса болмок. Интернет коомчулук жазып жаткан фактылар төмөндөгүдөй: 2018-жылдын январь айында 2,8 млрд. 800 млн. сом бажы жыйымдары чогулган, бул 2017-жылдын январына салыштырганда 907 млн. сомго көп. Эки эсе эмес, 146 пайызга көбөйгөн. Бажы салымдарынын көбөйгөн себеби, 2017-жылдын январында Кыргызстанга 1028 жүк ташыган чоң машиналар кирген болсо, 2018-жылдын январында 1872 машина, башкача айканда, 844 машина көп кирген. Бизге карата коэффициент да өзгөрүп, 2017-жылдын январындагыдай 0,70 доллар эмес, 1,5 доллар колдонулду. Мында коррупцияга каршы күрөшүүнүн жыты да жок. Эмне үчүн Сапар Исаков 2016-жылдагы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна даярдыкка байланыштуу тарыхты айтпайт? Сапар Исаков “бул оюндарды уюштурууга донорлорду тартабыз” деген, бирок, кийинчерээк донорлор акча бербеси, бюджетте да каражат жок экени белгилүү болду. Ошондо премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бажы кызматына жыйымдарды көбөйтүү милдетин коюп, натыйжада, Өзбекстандын чек арасы жабык турса да чындап эле коррупцияга каршы күрөшүүнүн эсебинен бажы жыйымдарын 10 млрд. сомго көбөйткөн. Эң кызыгы, Көчмөндөр оюну бүткөн соң Атамбаев Сапар Исаковду “Манас” ордени менен сыйлады. Ал эми ишмердиги менен мактанбаган айрым белдүү кадрларга ойдон чыгарылган “коррупционер” деген жарлыкты ким жабыштыргысы келип атат? Түшүнүктүү. Дагы бир жагдай, Сапар Исаковду сотко берген демөөрчүлөрдүн бирин түрмөгө отургузуп коюшту. Тарыхый фактылар ушундай.

— Эмне үчүн Кулматов үн катпай, оозуна талкан салып отурат?

— Унчукпаган себеби, фактылардан кабардар. 2016-2017-жылдардагы бажы жыйымдарынын өсүү динамикасы кандай болгонун билет (2016-жылга караганда 2017-жылы 5 млрд. сом ашыкча жыйналган). Негизи Кулматовго чейин деле план ашыгы менен аткарылып келген. Бул өңүттө эч кандай жарнамасы жок эле президент Сооронбай Жээнбеков отчет алып келген. Ал эми жаш пиарчы Сапар Исаков болсо спектакль уюштуруп, алдына Кулматовду отургузуп алып, даяр текстти окуп берди. Сапар Исаковдун коррупцияга каршы күрөшүүсүнүн болгон сыры ушунда.

— Таңгаласың да, качантан бери бажы тармагы бир айлык отчет тапшырып калган?

— Туура айтасың, мындай практика эч жерде жок. Жалпы кирешелер боюнча кварталдык жана жылдык отчет болот. Булардын оюнун эл эми түшүнө баштаса керек. Эске сала кетчү жагдай, Кулматов 2012-жылы бажы кызматынын төргасы болуп турганда 30 млрд. сом чогултуп, жылды жапса, ал кеткенден соң, маселен, 2013-жылы 37 млрд. сом, 2014-жылы 43 млрд. сом чогулуптур. Жылдан-жылга ушундай өсүү болуп турат да. Же ушул сандардын көрсөткүчү менен Кулматовду “жеп жүргөн” деп жарга такасак жарашабы?..

— Азыр элдин баары Бишкек ТЭЦиндеги аварияны, 386 млн. долларлык кытай кредитине байланышкан окуяны талкуулап жатышат. Бул боюнча эмне айта аласыз?

— Эгер күтүлбөгөн катуу суук болбогондо, эч ким ал тууралуу билмек эмес, жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак. Мени таңкалтырганы, Сапар Исаков уюштурган пресс-турдан кийин эл Бишкек ТЭЦиндеги абалды көрүп, 386 млн. долларлык кытай кредити уурдалып кеткенин түшүнүштү. Өкмөт башчы эмне үчүн пресс-тур уюштуруп, стратегиялык объектидеги талкаланган терезелерди, тамчы өткөн чатырларды, додо болуп үйүлгөн таштандыларды көрсөткөнү мен үчүн азырга чейин түшүнүксүз. Муну менен ал өзүнө жана ТЭЦ үчүн жоопкер Калиевге өкүм чыгарып салбадыбы. Билген кишилер Сапар Исаков журналисттерди ТЭЦке жибергенде, ал ишкана дале эски буу казандар менен иштеп жатканын, жаңылары али тестирлөөдөн өтө электигин билген эмес, себеби, ал эски цехтерде эч качан болгон эмес. Анан телевизордон көрсөтүп, өзү да уят боло баштаганын сезген учурда кеч болуп калганын айтышууда. Ошентип, премьер-министрдин оңунан чыкпай калган пиар жүрүшү депутаттарды кытай кредити проблемасына туш кылып, таңкалган депутаттар “ал кредит эмне болду?”, “аны ким сугунуп алды?” деп сурай башташты. Сапар Исаков аныгында Атамбаевди уят кылып койду…

Эми Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандагы коррупционерлер  тууралуу бүт чындыкты айтышат го? Ошондон кийин эл “парламент тарасын” деп айтпай калат. Депутаттар Нооруз майрамына карата кыргыз элине белек тартуулап, жок дегенде бир жолу уурдалган кытай кередити жөнүндө айтышат болуш керек. Кредит уурдалгандыгына эч кимдин күмөнү жок, болгону стратегиялык объектиге жумшалууга тийиш болгон ал акчаларды ким, кантип “сугунганын” билгилери келишет.

— Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кетет деп ойлойсузбу? Качан кетиши мүмкүн?

— Кытай кредитине тиешеси бар кишилердин көбү аларды жөн гана отставкага кетирип, же кызматтан алып коюуларын каалашат, бирок, УКМК, башкы прокуратура иш козгоп, Жогорку Кеңеш, Бишкек шаар кеңеши депутаттык комиссия түзүп, баары иликтөөсүн баштаган соң бул иш өкмөттүн отставкасы менен гана бүтпөсүн түшүнүп турушат, бул маселе саясый күрөштүн предметине айланат. Бул көп чиновниктердин түрмөгө отуруусу менен бүтүшү мүмкүн. Андыктан, алдыдагы жаз аябай эле “ысык” болчудай…

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *