Индонезияда 4D куран музейи салынат

Индонезиянын Маланго шаарында ислам борборун салуу пландалууда. Ал борбордо 4D форматындагы “Куран музейи” болот. Бул тууралуу “islam.ru” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Музейди курууда анын сырты көрүнүшүнө эмес ички мазмунуна маани берилмекчи. Үлгү катары Дубайдагы “Этихад” музейинин жасалгалары алынган. Куран музейинин 4D форматында болуусунун себеби аяттарды мазмуну менен сапаттуу түрдө көрсөтүү.

Музейди куруу жобосу 2019-жылдан 2023-жылга чейин пландалууда. Ал үчүн 5,56 га жер жана 29,69 млн доллар каражат бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, куран музейинин курулушу Индонезиянын халал-туризмди өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасына киргизилген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *