Индонезияда дагы бир жер титирөө катталды

Жер титирөөнүн кубаттуулугу 6,3 баллды түздү.

Бүгүн, 11-октябрда Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында күчтүү жер титирөө катталды.  Алдына ала айтылган маалыматка караганда,  кем эле дегенде үч адам  көз жумду.  Бул тууралуу Индонезиянын Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу агенттигинин расмий өкүлү Сутопо Нугрохо билдирди.

Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте,  Ситубондо районунан түндүк-чыгыш тарабынан  60 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Нугрохонун айтымында титирөө күчтүү болуп,  кубаттуулугу Бали аралында да сезилди. Бирок цунами коркунучу жарыяланган эмес.

Андан сырткары титирөөнүн кесепетинен аралда бир нече имарат ураган.

Эске салсак,  28 сентябрьда кубаттуулугу 7,4 баллга жеткен жер титирөө Сулавеси аралында катталган. Эки сутканын ичинде 170ке чукул силкинүү байкалган.  Күчтүү жер титирөө толкун бийиктиги 3-5 метрге жеткен  цунами пайда болушуна  алып келген.

Акыркы маалыматтар боюнча кырсык 1944 адамдын өмүрүн алган.

Ошондой эле, Индонезиянын Ломбок аралында  кубаттуулугу 7,0 баллды  түзгөн жер титирөө катталып, анын очогу 20 чакырым тереңдикте,  Матарам шаарынын түндүк чыгышынан 49 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *