Интернет заман

Биз жашаган коомдо азыр интернет деген заматта тароочу маалымат булагынын уюткусу болуп калды. Кыргызстанга интернеттин келиши 1995-жылга таандык. Компьютер күнүмдүк жашообуздун негизги куралына айланып, ал гана эмес чөнтөк телефондор аркылуу электрондук почталар менен маалымат алышуу кадыресе турмуш көрүнүшү болуп калды.

Тамга тааныган баладан баштап, ак-сакал адамдарга чейин интернетти пайдалануу күнүмдүк жашоонун зарылдыгына айланып бара жатат. Бир жагынан интернеттин зарыл иштерге убагынан кечиктирбей бүтүрүп алышка бир топ жеңилдикти бергени жакшы. Кандай тармактан, качан болсо да каалаган маалыматты издеп таап, убакытты да үнөмдөөгө болот. Анткени мурун бир маалыматты табуу үчүн китепканаларга барып, архивдерди аңтарып, кашайып олтуруп алып таап, анан жаза турган ишке колдончубуз. Азыр иш столубузга олтуруп алып, дүйнөлүк жаңылыктарды, илим, билим, тарых ж.б. тармактарда болгон кийинки жана мурунку жаңылыктар, ачылыштар, фактылар болобу заматта таап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан улам кээде интернет булагы китептин ордун алмаштырарына да пикир айткандар бар. Себеби азыр китептерди да интернет аркылуу окуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок чындыгында китептин орду интернеттен бийиктиги да, тереңдиги да, түбөлүктүүлүгү да артыкча турган такыр башка нерсе экендиги өзүнчө козгой турган чоң сөз. Интернет маалыматтын тез жеткирүү жагынан гана ашкере артыктчылыгы бар экендиги чындык.

Ошол эле учурда экинчи тарабынан алганда, интернеттин терс жактарынын таасири да оңойго турбайт. Ага көбүнчө өспүрүм жаш муундардын таалим-тарбия алуу курагында адамдык алыптануу табинин бузулуп, көз караштарынын терс жакка бурулушуна берген таасирин айтуута болот. Натыйжада интернет байланышуунун жолу эмес, жаман адаттарды үйрөнүүнүн жолуна да таасир берүүдө. Кээ бир мектеп жашындагы улан-кыздар интернет аркылуу порно сайттардын жана онлайн оюндардын тузагына илинип, чыгалбай калган учурлары да болууда.

Эң бир кейиштүү көрүнүш азыр интернет оюндарын ачкан чакан клубдардын көбөйүшү. Анда балдар көбүнчө тескери тарбия алуучу оюндарга кызыгуусу артып, окууга да кызыкпай, ата-энесинен жашырынып, тамакка берген акчаны оюнга ыксыз коротуп, интернет кумарына алдырып койгону. Ал эми андай клубдарды ачкандарга интернет оюндарына чектөө коюу тууралуу сын айтылса, кардарлардын санын азайтып алышкысы келбегенин ачык эле билдирген фактылар бар. Алар акча табууну гана ойлошот.

Атайын изилдөөлөргө караганда биздин өлкөдө болжол менен бир айда интернетти 900 миңге жакын колдонуучу болсо, анын 37 пайызы интернет үчүн 100 сомдон 500 сомго чейин, 20 пайыз адам 500 сомдон 1000 сомго чейин, 11 пайызы 1000 сомдон 3000 сомго чейин акча сарпташат. Кызматтык иштеринде бекер интернет колдонуучулар 12 пайыздан ашыгын түзөт.

Интернет өзүнө тарткан кумары күчтүүлүгү менен айрымаланат. Ага кирип олтурган адам оңой менен эрте чыга албастыгы да байкалган. Биздин республикабызда интернет колдонуучулардын 40 пайызга жакыны жумасына 3-4 саат интернетте отурушканы аныкталган. Ал эми 30 пайызга жакын адам бир жумада 5-6 саат, 10 пайыз адам бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернетте олтуруу менен өткөрөт экен. Андан да көп убакыт интернетке көз каранды болууга көнгөндөр да бар. Ал турсун интернетке уюлдук телефондор аркылуу киргендердин катмары да көбөйүдө. Интернетке артыкча берилүү менен көз карандылык болгондо адам чыныгы жашоодон алыстап виртуалдык жашоого кирип кетүү коркунучу келип чыгат. Бул нерсе адам интернетке өтө көп олтура берип, эми чыгам, анан чыгам деп сүңгүп кирип, убакытты көзөмөлдөөнү жоготуудан келип чыккандыгы эл аралык деңгээлдеги психологдордун изилдөөлөрүнөн билинген. Дүйнө жүзүндө интернет колдонуучулардын 10 пайыздан ашыгы ошондой тагдырдын ээси экендиги белгилүү болгон. Бул деген ар бир атуул үчүн олуттуу маани бере турган нерсе экени чындык. Анткени азыркы мезгил компьютердин заманы болуп калбадыбы.

Интернет тууралуу кызыгып кетип менин бир ыр саптарым жаралды эле. Ошону ушул жерге кыстара кетүүнүн ыгы келип тургандай:

Бут дүйнөнүн миң тамырын бир тергеп,

Кайда олтуруп, каалаганың билсең, көп…

Бул замандын кызматына байланган,

Кулагы жок кулдай экен интернет.

Жашыл жарык жанып турган чекитке,

Жаппай атың бекитпегин, бекит же…

Тим болалбас журөк сымал кыймылдуу,

Тирүү дүйнө тигилгенсийт эшикте.

Ал тирүүлүк азап-бакыт кошоктоп,

Жүрөк токтогондо гана бир токтоп…

Жашоо күрөш, туулгандан өлгөнчө,

Ташты жарып чыккан жашыл чөпкө окшоп.

Миң-миллион кепке кулак түрүүгө,

Дүйнө айлантып чыгаргандай билүүгө,

Куу турмуштун күңгөй-тескей сүрөтүн,

Кубалашкан секунддарга илүүдө.

Ааламдашуунун күрөө тамырына айланып бараткан интернет кызматы дүйнөдөгү эң бат жайылган маалымат булагы болгондон кийин, аны миллиарддаган интернет колдонуучулардын катарында кыргызстандыктар дагы заманбап өздөштүрүүсү канткен менен жакшы жөрөлгө. Бирок, жогоруда айтканыбыздай анын терс жакка багыт алып кетүүчү экинчи бетин абайлап чек коюуга маани берсек.

Бактыгүл Чотурова

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *