Ирандагы ажырашуу жок жана тамеки тартпаган айыл

Ирандын Ардебиль провинциясында жубайлардын ажырашуусу, тамеки менен маңзат тартуусу жок өзгөчө Аг-Гале деген айыл бар.

Бул айылда болжол менен 420дай киши жашайт. Айылдын тургундары жазында жана жайында айыл чарбачылыгы менен, ал эми күз жана кышкысын мал чарбачы­лыгы менен алектенишет. Тургундар өздөрүн бардык керектүү болгон нерселер ме­нен камсыз кылышат, а түгүл чоң, шаарларда жашоо кандай экендигинен түшүнүктөрү да жок. Айылдын 90 жаштагы аксакалдарынын бири Сеид Абдоллахинин айтымында, бул айылда эч ким эч качан тамеки тарткан эмес, мандат колдонгон эмес. Аг-Гале айылында ушундай “көңүл ачуулар” пайда болбошу үчүн дүкөндөрдү жана чайканаларды ачууга тыюу салынган.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *