Ирандын Президенти Хасан Рухани Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Руханиден Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстан элине Жаңы жыл менен куттуктоо келип түштү.

Телеграммада Ирандын Президенти  Кыргызстан Президентин жекече  жана өлкөнүн Өкмөтү менен элин келе жаткан 2018-жылы менен куттуктады.

“Жаңы жылдын келиши менен дүйнөгө зордук-зомбулуксуз тынчтык, акыйкаттык, теңдик  жана туруктуулуктун орношуна күбө болобуз деген үмүттөмүн. Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине келе жаткан Жаңы жылда ден-соолук, ийгилик, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”, – деп белгиленет Хасан Роуханинин куттуктоосунда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *