Иса Өмүркулов спикер Чыныбай Турсунбековду кызматынан жыга чаба албай убара тартууда

Өткөн жуманын акырында КСДПнын жоош депутаттарынын бири Узарбек Жылкыбаев парламентте “Чыныбай Акунович, УКМКга тапшырма бериңиз, Өмүрбек Текебаевдин Кипрге сапарын текшерип, бизге маалымат берсин. Түрк басылмалары Кипрде Текебаев экс-президент Курманбек Бакиев менен жолугушту деп жазып жатышат. Бул деген кыргыз элине чыккынчылык!” деп күпүлдөдү.

Көп өтпөй эле түрк басылмалары “”Текебаев менен Бакиев Кипрде жолугушту” деген маалымат бизге Кипрден эмес Бишкектен келди” деп билдиришип, ал кыргыз бийлиги уюштурган кезектеги чагым экени билинип калды.

Көрсө КСДПчы депутат жогорку сөзүн фракциянын лидери Иса Өмүркуловдун партиялык тапшырмасы катары аткарган экен. Чыныбайды кетирип ордуна олтурсам дегенде эки көзү төрт Исаке Чыныбайдын “Менин саясаттагы устатым Өмүрбек Текебаев, саясатты Текебаевден үйрөндүм” деп айтып жүргөнүн, Чыныбай менен Текебаевдин мамилеси жакшы экенин, парламентте сөз бергенде Текебаевге калыс мамиле кылганын эске алып, колундагы депутаты аркылуу Чыныбайды Текебаевге каршы тукуруп, бир ок менен эки коён аткысы бар экен.

Эгер Чыныбай КСДПнын тапшырмасын аткарып УКМКны Текебаевге каршы расмий түрдө тукура алса анда Текебаев менен мамилеси бузулат. Эгер Чыныбай бул тапшырманы аткарбай койсо анда “мына, Чыныбай сизди жаманатты кылгысы келген атамекенге, Текебаевге жан тартып жатат, КСДПнын депутаттарынын тапшырмасын аткарбай жатат” деп Атамбаевге жамандап, Чыныбайды жыга чапканга шылтоо болот деген Исакенин интригасы экен.

Эмесе КСДПчы депутат Узарбек Жылкыбаев өзү интригадан алыс, ызы-чууну жаман көргөн, бирөөгө обу жок эле асыла бербеген жигит дешет.

Булак: Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *