Иса Өмүркуловдо уят деле жок экен, ал премьер болсо деле жыргатпайт…

Атамбаевдин досу Иса Өмүркуловдо уят деле жок экен. Премьер-министр Сапар Исаковго интрига жасап, ордун талашып жатканы кандай. Кичине арыдан бери болсо болмок. Сапардын аракети жакшы, эл да баалап жатат. Иштетпей эле карт бөрүлүгүнө салып итере берсе болобу? Анда Атамбаевдин досу болгону кайсы? Ырас, жаштар келсин дегенден кийин жаштарга жардам беришсин да бут тоспой. Иса премьер болсо деле жыргатпайт.

Булак: “Ачык саясат”

2 comments

  • Meder says:

    Убагында Чуй областына да Айбек Асранкулов деген жаш губернаторду дайындаган. Жыйынтыгында ондурушто тажрыйбасы жогунан ишти алып кете албай кызматтан кеткен. Азыр да ошол практикалана баштады. 40 жаштын тегерегиндеги иш тажрыйбасы жок жигиттер губернатор болуп дайындала баштады (Чуй областына). Ондурушто иштебегендер, же туз эле базардан келип эле кызматка тура баштады. Билимди он жолу Европадан алса да иш тажрыйбасы жок жигиттердин колунан эч нерсе келбейт!!! Муну турмуш озу далилдеген жана дагы эле далилдеп берет. Мындай корунуш окмот мучолоруно да тийиштуу. Премьер министрибиз да жаштык кылып, ишке жалан Европалык диплому бар досторун ишке ала баштады. Анда биздин дипломду алгандар кочодо, кызматсыз калыш керекби? Канчалаган Мурдагы тажрыйбалуу, билимдуу министрлер кызматы жок журушот?

    • Дос says:

      Чүйгө келген жаңы жетекчи -губернатор жигит чагылгандай тездик менен кызматтан кызматка көтөрүлүп жатат, бир жыл мурун эле райондук салык кызматында иштеп жүргөн эле, башына бак даарып аким болду,эми эң чоң облуска жетекчиликке келди. Демек, Кеминде аким болуп жүргөндө өзүн эң жакшы жагынан көрсөткөн го, кеминди оңдоп койгонунан чоңойду да, же шайлоодо жакшы иштеп бергендир деп ойлойм. А балким чын эле абдан таланттуу, жөндөмдүү, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жылдызы жанган жигиттир… Же болбосо Сапардын же Алмаздын жакшы, кыйбас кадры болуп жүрбөсүн… Кандай болсо да чүйлүктөргө ак жолтой жетекчи болушун тилейли. Ал эми мурунку губернатор Бакыт мырза эмнеси менен эсте калат? Жасаган кайсы чоң иштери бар? Өзүнүн материалдык абалын аким, губернатор болуп жүргөндө катыра бекемдеп алды , Кыргызстандагы 100 байдын катарына 6 жылдын арасында кошулду деп жүрүшөт. Негизи Бакыт мырза күндүн чыкканы менен батканын байкаган, кимге качан, кандай, кантип мамиле кылышты жакшы өздөштүргөн, колунан келген кишилерге өз учурунда жолугуп, кошомат кылганга астына ат салдырбаган жагы бар. Атына заты жарашат. Качандыр бир кезде кудайдан корксо канчалаган туура эмес иштерине өкүнөт болду бекен?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *