Канат Исаевдин иши оңолду…

Камактагы Канат Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп турган учурдагы кылмыш иши өткөн жумада токтотулду. Сот “коррупция” статьясын “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” статьясына которуп, ал иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскарткан. “Камырдан кыл сууругандай” бул кылмыш ишинен кургак чыккан. Эми болсо президенттик шайлоонун алдында “бийликти күч менен басып алуу аракети” боюнча козголгон иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Натыйжада, депутаттын адвокаттары Исаевди үй камагына чыгаруу маселесин коюшту. Буга байланыштуу, коомчулукта бийлик Чүйдөн позициясын бекемдөө максатын көздөп жатат деген пикирлер айтылууда.

Булак: “Фабула” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *