Исаков кетти, Абулгазиев премьер болот…

Кечээ Canap Исаков башындa турган өкмөттү отставкага кетирди. Исаковдун жылдык отчетун (СДПК, «Кыргызстан» фракциялары колдоп, опозициялык «Республика – Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Meкeн» фракциялары четке каккан. Натыйжада, фракциянын өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети колдогон. Комитеттин чечими палатага добуш берүүгө коюлуп, 101 депутат “макул” деп добуш берди. Президент парламенттин чечимин дароо колдоп, өкмөттү отставкага кетирген жарлыка кол койду.

Учурда ким премьер-министр, ким спикер болот, кайсы министрлep кызматынан айрылат деген маселе кызуу талкууга алынууда. КСДП фракциясы премьер-министрлик кызматка президенттин апарат башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлиги жактырды. Жогорку Кеңеш эртең кезексиз жыйынга чогулуп премьер-министрдин кандидатурасын карайт.

Ал эми кийинчерээк Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков дагы кызматынан кетип, эки тизгин, бир чылбыры КСДП факциясынын лидери Иса Өмүркуловго тийип калышы мүмкүн болуп турат. Бул операция Мухаммедкалый Абулгазиев Сапар Исаков тапшырбай кеткен өкмөттүн отчетун тапшырып, өкмөттүн курамы жаңылангандан кийин ишке ашаары күтүлүүдө.

Албетте, Абулгазиев мамлекеттик кызматта жетишээрлик тажрыйба топтоду. Экономиканы түшүнөт. Конфликттен алыс жетекчи. Президент менен ымаласы жакшы. Ортодо ишеним бар. Премьер-министр болсо, чыңалган саясий абалды жөндөп кеткенге мүмкүнчүлүгү жетет. Ал эми Иса Өмүркулов өкмөттүн отставкасын бир адамдын кызыкчылыгы өкүм сүрбөш үчүн колдогонун ачык айтты. Муну менен экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата таарынычы, ич күптүсү бардыгын билдирди. Демек, кезинде өкмөт башчы же спикерлик кызматты Атамбаев ыраа көрбөй койгонуна ыза болуп калган. Эми көксөгөнүнө жете турган учур келди. Спикер болууга мүмкүнчүлүк жаралды. Ошол себептен эски досу, эски үзөңгүлөшүнөн кол үзгөнгө барып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков КСДПнын ички саясатын жакшы билгендиктен Иса Өмүркуловдун көксөөсүн таап, өзүнө имерди.

Ошентип 7 ай өкмөт башчысы болгон Сапар Исаков саясаттын курмандыгы болду. КСДП, «Кыргызстан» фракциялары Исаковдун отчётун колдошкон менен отставкага кетирбей коргоп калууга барышкан жок. Көпчүлүк коалициядагы «Бир Бол» фракциясы ыргылжың позицияны карманып, соодалашып туруп алды. Натыйжада, «троянский конь» ыкмасы колдонулуп, өкмөттүн отставкасы оппозициялык фракциянын колу менен ишке ашты. Өкмөттүн отчетун колдоп берип, кайра өзүбүз кетсин десек шерменде болобуз деген КСДП, «Кыргызстан» фракциялары оппозициялык фракциялардын ишенбөөчүлүк көрсөткөн чечимин колдоого аргасыз болушту. Кызыгы, президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчысына каршы үгүт жүргүзүшүп, Өмүрбек Бабановду сүрөөнгө алышкан «Республика – Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» фракциялары бүгүн Сооронбай Жээнбековдун камчысы болуп чабылып, көлдөлөң болуп төшөлүп отурат. Саясат ушунусу менен кызык тура.

Арийне, мындай шахматтык жүрүш аркылуу көпчүлүк коалиция ыдырабай сакталып калды. «Республика – Ата-Журт» коалициялык көпчүлүккө кирип, курамы кеңейтилди. Фракция лидери Жыргалбек Турускулов коалицияга кирүүдөгү башкы максат көпчүлүк коалицияны бекемдөө, өкмөттүн жаңы курамын түзүү экенин айтты. РАЖдын көпчүлүк коалицияга киришине бир гана КСДП депутаты Рыскелди Момбеков каршы болду. Коомчулукта өкмөттү кол жоолуктай пайдаланып, саясий курмандыкка чалуу өлкөнүн экономикасына оңбогондой терс таасирин тийгизээри белгиленүүдө.

Ырас, Сапар Исаков колунун келишинче өкмөттүн жүгүн тартканга аракет кылды. Бирок ар бир баштаган иши туюкка кептелип, иши жүрүшпөй койду. Ошол эле Жогорку Нарын ГЭСтерин курууга багытталган долбоору, «Акылдуу шаар» долбоору ара жолдо калды. ТЭЦтеги авария дагы оңбогондой сокку болду. Бул окуядан чубалган чуу бүгүнкү күндө да токтой элек. Күнөөлүүлөр четинен камалып жатат. Кадрдык саясаты дагы жемиштүү болгон жок. Бир катар каталыктарга жол берди. Президент иштен алган кадрды кайра кызматка дайындап, ажырымды күчөтүп жиберди. Ишенген кадрларынын көбү ылайдан өтө албай, баткакта калды. Асты кылмыш иши козголуп түрмөгө отурду, арты жоопкерчиликтен коркуп кызматын таштай качты.

Маселен, Сапар Исаков жаңы өкмөт башчысы болуп келгендеги технократ атаган өкмөттүн курамы жарамсыз болуп чыкты. Вице-премьер министр болгон Дүйшөнбек Зилалиевге учурда кылмыш иши козголуп сурак берип жатат. Андан кийинкиси Аскарбек Шадиев дагы сурак берип, ана камалат, мына камалат болуп кылдын учунда турат. Темир Жумакадыров жол кырсыгынан кайтыш болуп кетти. Толкунбек Абдыгулов 1-вицеликти аркалай албай, Улуттук банкка куйрук түйүп качты. Мүлк фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков, «Энерго-холдингдин» жетекчиси Айбек Калиев камакта. Юстиция министри Уран Ахмедов, маданият министри Түгөлбай Казаков кызматтан кетти. Мамлекеттик маалыматтык технология жана байланыш комитетинин жетекчиси Нурбек Абасканов дагы күмөндүү иштерге кириптер болуп кызматтан алынып, кылмыш иши козголуп сурак берип жүрөт. Аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев ТЭЦтеги жаңжал боюнча иштен алынып, сурак берүүдө. Мындан сырткары учурда иштеп жаткан ички иштер министри Улан Исраилов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев боюнча да эл арасында нааразычылык күч. Жаңы өкмөттүн курамы түзүлсө, булар дагы кызматынан кол жууй турган болууда.

Айтор, Исаковдун жолу болбоду. Эн негизгиси экс-президент Алмазбек Атамбаевге ооп, президент Сооронбай Жээнбеков менен тирешип, ооматын качырды. Кесиби дипломат болгон менен экөөнүн ортосунда данакер болгон ийкемдүү саясат жүргүзө албай, эки оттун ортосунда чайналды. Кыскасы, өтө оор кыйчалыш абалдан жол таап чыгып кете албай, торго чалынды. Балким президент Сооронбай Жээнбеков менен тирешпей, акылдашып иш кылганда, кадр саясатын биргелешип чечүүнү жолго койгондо мындай абалга кириптер болбойт эле.

Арийне, ушуну менен экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы, эң негизги таяныч күчүнөн ажырады. Буга дейре УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева иштен алынган болчу. Эми мындан ары экс-президент менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун мамилеси оңолушу кыйын. Оңолгон күндө дагы ортодогу ишеним кайра калыбына келбей турганы белгилүү болуп калды. Саясатта түбөлүк достук эмес, кызыкчылык гана өкүм сүрөөрү далилденип отурат.

Автор: Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *