Исаков менен Кулматовду камоо өч алуубу?…

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ТЭЦтеги коррупциялык схемаларга байланыштуу кылмыш иши козголуп, коррупцияга шектелип камакка алынды. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бул жагдайды “Коррупция менен күрөш эмес, өч алуу” деп атады. Ошондой эле “Жээнбековду элпек достору опурталдуу жолго түртүп жатышат” – деген эскертуу аралаш кескин сынга алды.

Учурда камалгандар боюнча коомчулук тарабынан кайчы пикирлер арбын айтылууда. Айрымдар коррупционерлер ким экенине, кандай кызматты аркалаганына карабастан камалып жазасын тартыш керек, президент эң туура жолдо бара жатат дешсе, кээ бирлер саясий куугунтук жыттанып, тандоо ыкмасы өкүм сүрө баштаганын айтышып коңгуроо кагышууда. Айтор коомдо пикирлер бир кылка эмес. Ар ким ар кайсы ракурстан карап өз көз караштарын айтышууда. Бириникин туура, экинчисиникин ката деп баа берүү эрте. Саясий куугунтук бар же жоктугун соттун чечими аныктайт. Деги эле соттун чечими кандай өңүттө чыкпасын, каалайбызбы же каалабайбызбы баары бир карама-каршы аргументтер айтылбай койбойт. Анткени резонанс жараткан саясий иште деги эле эки тарапты тең бирдей канааттандырган соттун чечими болушу мүмкүн эмес. Болсо да, чанда болсо керек. Көпчүлүк учурда сөзсүз бир тарабы нааразы болот.

Арийне коррупцияга каршы күрөш жаңы этапка, баскычка чыкты. Буга чейин Кыргызстандын тарыхында бир дагы премьер-министр коррупцияга айыпталып камалган эмес. Эми Сапар Исаковдун тагдыры кийинкилерге сабак болуп, бир дагы кол тийбес ыйык жан жок, карапайым жарандардан тартып, бийликтин эң бийик сересиндегилер мыйзам алдында бирдей экенин сезүүгө тийиш. Ал эми Исаковдун, Кулматовдун, Осмоновдун күнөөлүү же ак экенине сот чекит коёт. Ошондой эле бул ишке президенттин канчалык деңгээлде кызыкчылыгы бардыгы, тергөө жана соттук процесстердин акыйкат, калыс, мыйзам чегинде жүрүшүнөн билинет. Эл көрөгөч.

Сот кандай чечим чыгарса да, элден өткөн тараза болбойт. Демек, саясий куугунтуктун жел аргысы согуп жатабы же акыйкат мыйзам алкагында иш жүрүп жатабы коомчулуктун бере турган өз баасы бар. Дал ушул нерсени көңүлдөн чыгарбашыбыз кажет.

Ырас, учурда Исаков менен Кулматовдун баш коргоо чарасы шашылыш өзгөртүлүп, тергөө бүткөнчө камакка алуу чечиминин чыгышы күмөн ойлорго жем таштады. Бул көрүнүш качып кетпөө үчүн коопсуздук чара катары каралган менен күрөштүн төркүнүнө үңүлсөк, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун  ортосундагы саясий тиреште өлкөдө ким кожоюн экенин туюнтуу сыяктуу саясий максат бардыгын баамдоо кыйын эмес. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бийлигин бекемдеп, таасирин арттырып, күчүн көргөзүп жатат. Атамбаевдин 6 жыл бирге иштешкен эң  жакын адамдарынын коррупцияга айыпталып камалышы, коом алдында аброюна оңбогондой сокку урду. Эл арасында кандайдыр бир деңгээлде мамлекетти тоноп, ичип-жеген тура дегенге негиз түзүлдү. Бул абалды Жээнбековдун утушу катары бааласак болот. Бирок бул камоо мамлекетке желди делген каражаттарды кайтарууга экономиканы көтөрүүгө багытталбай, саясий өңүттө үстөмдүк көргөзүү максатын көздөсө, президентке келечекте көп көйгөй жаралат. Элдин ишениминен ажырап калуу кыйынга турбайт.

Демек, коррупциялык күрөштө өң-тааныштык, жердешчилик мамилеге басым коюлуп, тандоо ыкмасы өкүм сүрбөй, мыйзам чегинде калыстык менен адилеттиктин бийлиги орнош керек. Бүдөмүк жараткан, нааразычылыкка түрткөн, эл арасына жик салган күмөндүү, шектүү иштерге жол берилбеши шарт. Бир сөз менен айтканда президент Сооронбай Жээнбеков: “Мен коррупция менен күрөшүүдө тууганыма да, досума да карабайм. Ким коррупцияга аралашса, мурда-кийин мамлекетке сиңирген эмгегине карабай камалат” – деген убадасынын өтөөсүнө чыгып, адилдиктин үлгүсүн көрсөтүп, мыйзамды туу кылып кармашы милдет.

Мына ушул ракурстан алганда, ТЭЦтеги кырсыкты жана жаңылоого Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллар каражаттын – максаттуу сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, коррупциялык схемаларга шектүү катары аттары аталган премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри – Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана башкалар дагы камалып, жазасын алууга тийиш. Ошондой эле өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев, ошол кездеги Жогорку Кеңештин эл аралык жана энергетикалык комитеттерин башкарып, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимге корутунду чыгарып беришкен Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиевдер дагы көңүл сыртында калбашы кажет.

Эгер иш ала болуп, бийликке карата кошомат кылгандарга жумшак, сылык-сыпаа мамиле жасалып, каяша айтып, баары бирдей жооп беришин талап кылгандар чыркырап күйбөш керек. Кытайдан насыя алуу боюнча келишимди бир учурда үч окуудан кабыл алууга шарт түзүп, мыйзамдын бузулушун камсыз кылган Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын төрагасы, президенттин иниси Асилбек Жээнбековдун дагы кайсы бир денгээлде мыйзам алдында жоопкерчилиги да каралышы керек.

Деги коррупцияга каршы күрөш текши, бир кылка, мыйзам чегинде жүргүзүлүп, мамлекетке зыян алып келген, элдин ырыскысына кол салгандар жазаларын алып, жеп-ичкендерин кусуш үчүн коррупция боюнча кылмыш иши козголгон аткаминерлердин баары абактан орун алышы зарыл. Мына азыркы кезде Жогорку Кеңеште коррупцияга айыпталган Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Исхак Пирматов, Аскар Шадиев, Музаффар Исаков дегендер бар. Шадиев кимдир бирөөлөрдүн көмөгү менен Америкага качып кетти. Жапаров президенттин иш сапарын коштоп, мадырайып жанында жүрөт. Мындай ала мамилеге жол берилбеш керек. Булардан тышкары, шайлоо алдында өзү айткан 35 коррупционерди четинен камаганга убакыт жетти.

Кыскасы, өткөн бийлик кетирген кемчиликтерге жол бербей, жаңылыш катаны кайра-кайра басып мүдүрүлбөй, тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу кажет. “Кумтөрдөгү”, “Жерүйдөгү” коррупциялык схемалар ачылууга тийиш. Насыяга алынган ар бир ири долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси кайрадан каралып баа берилиши керек. Бажы тармагындагы кыңыр иштер иликтенип, мамлекеттин канын соруп миллионер атыккандарга катуу чара көрүлүшү абзел. Ошондой эле эң негизгиси, коррупция менен жазалоо, камоо ыкмасы менен эле күрөшпөстөн, бала бакчадан тартып, системалуу маалыматтык түшүндүрүү, идеологиялык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, алдын-алуу чарасы көрүлүүсү милдет.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *