Сапар Исаковдун адвокаты Нурсулуу Ахметованы дагы суракка алууну талап кылууда

Камактагы Сапар Исаковдун жактоочулары тергөөчүгө президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованы ТЭЦ чырына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алуу өтүнүчүн келтиришти. Улуттук коопсуздук комитети иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү саясаты, каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметованын ТЭЦтин модернизациясы боюнча сурак берээр-бербеси туурасында маалымат айта албай тургандыктарын билдиришти. Исаковдун жактоочуларынын бири Нурбек Токтакунов социалдык тармакка: «Президент Атамбаевдин атына жазган катта ТВЕА компаниясын колдоо тууралуу сөз да болгон эмес. Ал катта кайсы бир компания көрсөтүлүп, белгиленген эмес. Анын үстүнө кат жалгыз эле Сапар Исаков тарабынан даярдалган эмес, Нурсулуу Ахметова да кошо даярдашкан», – деп жазды.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *