Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Бул референдум бийликтин кызыкчылыгы үчүн гана багытталып жатат”

— Исхак Абсаматович, баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга эмнеге каршы болуп, сиздердин фракция кол койбой чыгып кетти?

— Биздин фракция өзүнүн жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө келген долбоорлорду карап туруп, кээ бир жерлерде өзүбүздүн сунуштарды бердик. Ошол сунуштарыбызды канааттандырган жок. Анын үстүнө колдойсуңарбы же колдобойсуңарбы деп эч ким сурабады. Акыркы долбоорду көргөн да жокмун, ким жазса, ошол кол койсун.

— Анда референдумга каршы турбайсыздарбы?

— Референдумга каршыбыз деген жокпуз. Референдумдун жол-жобосу туура эмес деп айтып жатабыз. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жакшылап карап чыктым. Ал боюнча менин тескери пикирим жок. Жол-жобосун туура сактасак, эч кимдин эртең жалаасы болбойт. Негизи баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр таптакыр бийликтин табиятын алмаштырбайт. Кээ бир жерде өкмөт башчысынын милдеттерин күчөтүп жатат. Ал туура. Биз парламенттик республика болгондон кийин премьер күчтүү болушу зарыл. Фракцияда биз тараптан өлүм жазасын коштуруу боюнча сунуш болгон. Экинчиден, прокуратуранын ордун төмөндөтпөш керек деген сунушубуз бар болчу. Аны ким карады, кимдер жооп берди, түшүнүксүз болуп калды.

— Азыр сиз бул референдум бийликти түп тамыры менен өзгөртпөйт деп жатасыз. Анда мынчалык ызы-чуу болуунун эмне кереги бар эле?

— Бул референдум бийликтин кызыкчылыгы үчүн гана багытталып жатат. Жөнөкөй жарандар – балдары мектепке барса, үйдө тынчтык болсо, жумушу ордунда болсо ошого ыраазы болушат. Ал эми бийликтин табияты ушундай. Азыр айрым депутаттар өз сын пикирлерин берип жатышат. Негизи биринчи келген долбоордо көп нерсе туура эмес болуп калган. Мындан сырткары адам укуктары боюнча да көп нерселерди караса болот. Биздин эгемендүүлүгүбүзгө доо кетпегидей болушу зарыл. Мына, Кадыржан Батыров соттолуп өкүм алгандан кийин Варшавада бизди сындап сүйлөп жатат. Бул кыргыз жарандарына өтө оор тийе турган нерсе. Ушундай адамды ЕКУУга алып барып сүйлөткөнү бул Кыргызстанды тоготпогондук деп билсе болот.

— Кандай талаш-тартыштар чыгышы мүмкүн?

— Өкмөт өзүмдү-өзүм билем десе, Жогорку Кеңеш баарын биз чечебиз деп жатат. Бийлик болсо эч кимге көз каранды болбойм деп олтурат. Бул дүйнөдө эч ким көз каранды болбой коё албайт. Мисалы премьер министрдин ыйгарым укуктарын көбөйтүүгө мен макулмун. Мына 26 жылда 26 өкмөт башчы алмаштырып, гиннес рекорд китебине кире турган болуп калды. Акыркы 4 жылда 4 премьер-министр алмаштырдык. Бул эмне деген шумдук? Өкмөт башчы өзүнүн тармагы менен таанышып чыкканча эле кызматынан кетирип салып жатабыз. Албетте, көп өкмөт башчылар ар кандай ызы-чуу, жаман сөздөр менен кетишти. Бирок алардын бири дагы соттолгон жок. Жөнөкөй жаран бирдеме жасаса тез аранын ичинде соттолуп, өкүмү бат эле угузулат. Ошондуктан кызматтык мөөнөт дегенге да өзгөртүү киргизип жатат. Бир гана мындай ыкманы сот колдонсун деп жатабыз.

— Ушунча жылда бат-бат өкмөт башчыларды алмаштырганыбыз уят чын эле. Сиздин оюңузча өкмөт башчы канча жылга чейин кызмат ордунда олтурса ишинин жыйынтыгын көрө баштайбыз?

— 3 жыл олтурса адамдын кандай иштегенин көрөбүз. 3 жылда эшиктин алдындагы эгилген дарак деле мөмө бере баштайт да. Элестеткиле, 16 министр, 24 ар кандай кызматтар менен таанышып чыкканча эле жыл айланып кетип жатпайбы. Анын ортосунда жамандык, жакшылык дегендерге барат. Райондордо жүрүшөт милицияны шагыратып тизип, тоз-тополоң кылышып. Өткөндө “президент, премьер-министр, төрага баарыңар эл уктап жаткан убакта жумушка келип, эл эс алып жаткан убакта жумуштан кеткиле. Себеби борбордук көчөлөрдө силерди өтөт деп миңдеген машиналар тизилип турушат. Ошондуктан эрте келип, кеч кеткиле”деп айттым. Ушундай иштесе борбордук көчөлөрдө тыгындар азаймак. Муну жасап койсо өздөрүнө эле жакшы болмок.

— Абсамат Масалиевич дагы ушинтип элдин баарын токтотуп, тоз-тополоң салып жумушка келчү беле?

— Атам биринчи катчы болгондо алдында бир МАИ жүрчү. Жол чыракка жеткенде гана бакырчакты жандырып өтүп кетчү. Азыркылардай алдын ала жарым саат күттүрүп, жол тостурган болгон эмес. Биринчиден атам буга жол берчү эмес, жаман көрчү. Анын үстүнө партиялык тартипте өзүңдү көрсөтпө деген бекем тартип бар болчу. Бүгүн баардык система алмашып, азыркы жетекчилердин денелери мынчалык өтө сактык менен корголоору баарыбызды таң калтырат. Өзүм Мамбет Мамакеев атындагы оорукананын жанында жашайм. Биз го жеңил машине менен жүрөбүз. Маршруткадагылар, шашып бараткандардын абалы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Үч кызматкер баарын токтотуп өткөндө, башка убакта өтпөйбү деп ким деле болсо жиндейт да.

Маектешкен Б.МЫРЗАТОВА   

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *