Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер: “Архитектурадагы мыйзамдарды аткарбасак, Бишкектин абалы оорлошо берет”

Шаарыбыздын туш тарабынан ар кыл көп кабатуу үйлөрдү курган курулуштар орун алып, саны көп, сапаты жок курулуш компаниялары да көбөйдү. Жаңы имараттар менен толукталып жаткан шаарыбыздын бүгүнкү өңү, колорити кандай? Кесипкөй архитекторлор барбы, имараттар курулаарда архитекторлор арасында ар кандай конкурстар уюштурулабы?  Бул суроолорго жооп издеп көрдүк.

 — Ишенбай ага, мурда архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинде эмгектенип кеттиңиз. Азыркы убакта түрдүү курулуш компаниялары көбөйүп, шаарыбыз күн санап жаңы имараттар менен толукталууда. Бүгүнкү шаар архитектурасы тууралуу кандай пикирдесиз?

— Эң чоң кемчилик – бул кыргыз архитектурасын тейлеген адамдардын арасында профессионал архитекторлолрдун жоктугу. Архитектор менен градостроителдин чоң айырмасы бар. Мыйзам чегинде шаар куруу долбоордун негизинде гана болушу керек. Азыр бизде ким кайсы жерден участок сатып алса, ошол жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат. Деталдык планировка барбы, кандай нерсе куруш керек? Бизде кайсы жерге кандай нерсе курулуш керек – баары деталдык планировкада каралган. Ал союз убагында бекитилген. Аны эч ким жокко чыгарган эмес. Ушул эле кезде карап көрсөк, “Россия” кинотеатрынын артына чоң курулуш курулуп атат. Ал планда каралган эмес. Мына ушундай мыйзамды бузуп жатканды тейлеп карай турган орган жок болуп жатат. Экотехинспекция деген мыйзамды туура аткарып жатабы? Көзөмөлдөөчү орган катары. Бирок алардын көзгө көрүнөрлүк иш аткаргандары кана? Ал жерде профессионалдар жок. Ошентип борбор калаабызда мыйзам чегинде эмес, хаос болуп жатат.

— Бизде кесипкөй архитекторлор барбы? Имараттар салынар алдында архитекторлор конкурсу болуп турабы?

— Ал конкурска жеткенге чейин шаардын курулушунун башкы планы бар. Башкы пландан кийин деталдык планировка деген бар: канча кабаттуу үй курулушу керек? Көчөлөр, көчөлөрдүн профилдери кандай болот? Кайсы жерлерге автоунаа токтоуучу жайлар керек? Кызыл линия деген болот, мына ушуларды алдыңкы он жылдарга болжолдоп куруу ж.б. баары каралышы керек. Азыр болсо көрүп жатасыз, автоунаалар батпай жатат. Кайсы жерди караба, жолдун эки тарабы автоунаа токтотуучу жайга айланды. Үйлөр, үйлөрдүн жанына канча административдик кеңселер курулуп жатат. Бирок автоунааны кай жакка коюу көйгөйү каралбайт. Аны караган киши жок. Анын баары деталдык планировкада көрсөтүлөт. Токтогул көчөсү болобу же Чүй проспектиси болобу, автоунаа батпайт. Унааңды кай жакка токтоторуңду билбей кыйналасың. Учурда кыска көчө кесилиштеринде курулуштар белгиленген сызыктан чыгууда. Буга “бул туура эмес” деген киши жок. Ошентип, жоболордо жазылган эрежеге көңүл коштук мамиле жасалууда.

— Жакында “Имараттардын алдына токтотулган автоунааларга тыюу салынсын”деген мыйзам каралгандай болду…

— Биздин мыйзамдарыбыз да кызык. Мыйзамда “туура эмес жерге коюуга болбойт, айып салынат же машина эвакуацияланат” деп кабыл алып жатышат. Бизде тыюу сала турган мыйзам кабыл алышат, бирок мамлекет өзү “унааны кай жакка токтотушат, кай жакта унаа токтотуучу жай болот” дегенди чечпей жатышат. Биринчи шарт түзүп бериш керек. Мисалы, шаардын борборунда жайгашкан “Айчүрөк” дүкөнүнүн жанында жалаң чоң дүкөндөр, маркетингдер, супермаркеттердин баары курулду. Ал эми машинени кай жакка коюш керек ким билет? Мамлекет бул маселени чечпей жатат. Курулуш кургандардан “сенин дүкөнүңө канча машина келет, ошого жараша унаа токтотуучу жай куруп бер” деп талап кылбай жатат. Талап коюшкан жок.

— Шаардык кеңешке шайлоо болор алдында ушул мыйзамдар боюнча бир топ убадалар берилди эле…

— Мисалы, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын, ж.б. партиялардын жакшы пландары бар эле. Бирок ишке ашканы кана? Депутаттыкка шайланышаарда “тигини курам, муну кыйратам” дешет, бирок каражатты кайдан алышат? Жөн эли элди алдамай да. Жаңы курулуп жаткан үй болобу, офис болобу, ошондон талап кылынышы керек. Курууга уруксат берилбеши керек. Бирок бизде уруксат бере беришет. Күндөн-күнгө курулуштар өсүп жатат. Буга архитектура уруксат берип жатат. Аны көзөмөл кыла турган орган болушу керек. Мыйзамды бузуп жаткандарды кармап, токтотуп, тизгинин тарткан адамдар болушу керек.

— Жамаачыланган, жанды кейиткен жаңы конуштарыбызчы?

— Жаңы конуштар – бул борбор калаабыздын чоң оорусу. Жаңы конуштар түшөөр алдында кайсы жерде бала бакча, мектеп болот, жолдор кандай салынат – планы болуш керек. Кээ бир жаңы конуштар долбоордун негизинде курулат. Бирок ошол эле архитектура бала бакча, мектеп боло турган жерлерге үй курууга уруксат берип коюп жатпайбы. Анан кийин кандай болот? Мындай маселелер чачтан көп. Кыргыз архитектурасы тууралуу мыйзамдарды аткарбасак, анын негизинде жашабасак, Бишкек шаарынын жыл өткөн сайын абалы кыйындап баратат. Калаанын өңү өчүп баратат.

— Айланып келип эле өкмөт башчыларына такалат экен да…

— Ошол өкмөт кадрларды тандоодо эң чоң ката кетирип жатат. Мамлекеттин өсүү деңгээлин курулуш белгилейт. Бишкек шаары ушундай абалда болсо, Ош, Жалал-Абад ж.б. облус, аймактарыбыздагы кичи шаарларыбыз тууралуу кеп козгоп кереги жок.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *