Ишкерлердин укугун эми “бизнес-омбудсмен” коргойт

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында «Бизнес-Омбудсмен» институту киргизилет. Ал Кыргыз -эми Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү комитети түзүлөт. Бул тууралуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков  кечээ жакында Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

«Биз көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарындагы кемчиликтер менен күрөш жүргүзөбүз. Ошондуктан ишкерлердин укуктарын коргоо максатында «Бизнес-Омбудсмен» институту киргизилет. Өнөр жай саясатыбызды өзүбүз аныктоочу мезгил келди. Ушул максат менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү комитети түзулөт», – деди ажобуз Сооронбай Жээнбеков.

Комитет коомдук башталышта иштейт. Анын курамына алдыңкы бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн чакыруу каралууда.

Булак: “De-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *