Искендер Кадыркулов, “Түндүкэлектро” ААКтын жетекчиси: “Светке болгон тарифти көтөрүүнү биздин мекеме чечпейт, бул саясый өңүттөгү маселе”

-Искендер мырза, сөздүн башын коррупциядан баштайлы. «Энергетика системасында коррупция жок» десек эч ким ишенбесе керек. Сиздер ушу жагынан кандай күрөш жүргүзүп жатасыздар?

– Коррупция менен күрөшүүнүн алгачкы кадамы акылдуу эсептегичти орнотуу болчу. Абонент менен инспектордун ортосундагы контакт жоголду. Бизде 550 миң абонент болсо, анын 200 миңине акылдуу эсептегич коюлду. Чоң-чоң өндүрүш иш-каналары, жаңы конуштар жана көйгөйлүү аймактар. Ал эми көп кабаттуу турак жайларга коюнун кажети жок. А жерде эч ким уурдабайт. Анткени газы, жылуу суусу бар. Электр жарыгын анча көп көлөмдө колдонбойт. Ошентип коррупциянын бир чоң бутагы өзүнөн өзү жоголду. Бул кызматка келгени оркоюп чыгып калган коррупцияны көрө алган жокмун. Албетте, «такыр эле арылдык» дегенден алыспыз. Чочугансып, кээде-кээде «тиги инспектор бул абонент менен» дегендей болуп калган учурлар бар. Андайды териштирип, керек болсо катуу чара көрүп, жумушшан айдап, укук коргоо органдарына чейин тапшырабыз. Бул эми бир жылда бир же эки жолу катталат, көп эмес.

– Ишканаңыздагы жөнөкөй инспектор канча айлык алат да, сиз канча айлык аласыз, эгер сыр болбосо баарын айтып бербейсизби?

– Эч кандай сыр эмес. Менин айлыгым 32 миң сом. Андан тышкары, илимий даражам бар, ага 600 сом алам, «выслуга лет» деген бар 60 пайыз кошулат жана КР (Ключевые показатели эффективности), ар бир айдын көрсөткүчүнө жараша 15 миң сом, орто эсеп менен 70-75 миң сомдун тегерегинде чыгып калат. А жөнөкөй инспекторлордуку болсо фидерге жараша болот. 15 миң сомдон башталат. Аларда да “выслуга лет”, көрсөткүчкө жараша жана “премиальный” болуп 25-30 миңге чейин жакшы иштегендер алат. Мындан сырткары, «Кабельний служба» деген бар. Алардын айлыгы жогору. Өзүңүз көрүп атасыз, жылдын ушу мезгили абдан оор. Эгер жер алдындагы кабель күйүп кетсе, аны издеп таап, жерди бир канча метр тереңдикте казып, күйүп кеткен жерин кайрадан жамап чыгышат. Ошондуктан алар 40 миң сомдун тегерегинде алышат. ОИТ деген бар (отдел информационной технологии), программаларды камсыздоо бөлүмү. Башка мекемелерде ар бири миң доллардан кем алышпайт. А бизде 40 миң сомго жетпеген айлык алышат.

– Электр жарыгын өйдө-ылдый секириктеринен улам үйүндө муздаткычы, компьютери ж.б. жабдыктары жараксыз болуп калгандар жок эмес. Мындай учурда сиздин кеңешиңиз?

– Акылдуу эсептегичи бар үйлөрдө свет ары-бери секирбейт. Өтө төмөн же өтө жогору көтөрүлүп баратканда өзү автоматтуу түрдө өчүп калат. Муну эсептегичтин жакшы касиети катары баалап атабыз. А эски эсептегичтерде бар, болот. Андай учурда комиссия чакырып, «Түндүкэлектронун» күнөөсү болсо, күйүп кеткен электр жабдыктарын төлөп беребиз. Ушу жерден кошумчалап коюш керек, ишкананын кызматкерлери кай жерде свет өйдө-ылдый, эмне үчүн андай болуп атканын билгенге мүмкүнчүлүгү болуп калды. Ошол эле учурда мындай мүчүлүштүктү тез аранын ичинде жөнгө салуу үчүн абдан ыңгайлуу шарттар каралган. Кээде кардарлар эбак күйүп кеткен муздаткычын же телевизорун догурунуп келишет. Биздин кесипкөй адистер жеринде барып иликтеп, баардыгын аныктап чыгышат. Дагы бир жолу айтып коёюн, эгер биздин күнөө менен жанагындай приборлору күйүп кетсе төлөп беребиз. Келишимде мындай нерселер каралган.

– Шаарда төрт район бар эмеспи, мисалы, өзү Свердлов районунда жашайт. А электр жарыгы Биринчи Май районунан алат. Свет өчүп калган учурда эки район бири-бирине түртө салып койгон учурлар кездешет экен…

– Илгери Бишкек кичинекей болчу. Электр жарыгын камсыздоо шакекче түрүндө эле. Менин светим өчүп калса жакынкы кошунамдан же тескерисинче, кошунамдыкы өчүп калса менден алып дегендей. Ошондой аймакгар, тилкелер азыр да бар. Жогорудагыдай бири-бирине түртө салган көйгөйү болбош керек. Бул боюнча айтып койгонуңуз жакшы болду. Балдарга эскертип, бүгүн эле чара көрүлөт.

– Кыш мезгилинде жер алдынан кеткен кабель күйүп кетип, 30-40 түтүн 2-3 күн катары менен свети жок отуруп калгандар бар. Анын ичинде чиедей жаш балдар, кары-картаңдар… угуп алып бооруң ачыйт экен. Ушу маселени жөндөсө болбойбу?

– Жаңы жыл күнү да бизде ушундай оор абал катталып, тезинен калыбына келтирип, аракет кылышты. Бул боюнча бир окуя эске түшөт. Ушундай кыштын күнү болчу. Авария болот. Такыр таппайбыз. Издеп келсек бирөө үстүнө аптека куруп салыптыр. Аргасыздан ичине кирип, полун казып эки күн дегенде оңдоп бүттүк. Жакында эле жаңы жабдыктуу болдук. Кабелдин күйүп кеткен жерин 10-15 мүнөттүн ичинде таба турган.

– Эми башкасын коё туралы, свет кымбаттабайбы, ушуну айтсаңыз?

– Барган сайын бул маселе оорлоп баратат. Светтен түшкөн акча өзүбүздүн жыртык-тешигибизди жамаганга жетет. А негизи алдыга жылууну ойлосок, мамлекет өзү дотация жасаш керек го, энергокомпаниялардын мойнуна илип койбой… Ал эми светке болгон тарифти көтөрүү маселесин биздин мекеме чечпейт, бул саясый өңүттөгү суроо.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *