Искендер Ормон уулу, «Сереп» изилдөө институтунун директору: Инвестицияны Кытайдан күтсөк, эгемендүүлүгүбүзгө зыяны тийиши ыктымал

Искендер мырза, өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттери тышкы оюнчулардан канчалык көз каранды?

– Бул жагынан экс-президент Алмазбек Шаршенович убагында президент катары коңшу мамлекеттер эле эмес, чоң өлкөлөрдөн даты ыксыз жалтактоого жол берген жок. Көп учурда «дипломатиянын рамкаларына окшошпой калды» деген сындар айтылганы менен, эгемендүүлүктү баса белгилеп, чоң мамлекеттерге даты каяша кайтара алган лидер боло алды. Ошол эле Орусиянын, Түркиянын президенттери менен ага-инидей мамилеси болгонуна карабай, керектүү жерде каяша берип келди. Экс-президентибиздин маанилүү сабактарынын бири ушул болду. Азыркы президентибиз жаңыдан эле конституциялык укук-тарын колдоно баштады. Бирок Казакстан, Өзбекстан менен алаканы жакшыртып, Туркия менен байланышты жолго салгандай болду. Өзбекстандын лидери алмашып, Орто Азиядагы мамлекеттер менен тыгыз иштешүүгө болгон аракетинин негизинде Кооптуу аймакта
мамиле оң жагына чечилди. Орусия, Европа, Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок азырынча чоң сыноо боло элек.

– Кытайга элчилик үчүн берилүүчү 3 гектар жер, карыздардын көлөмү, Кытай жарандарынын агылып келүүсү элибизди кооптондуруп койгондой. Деги эле Кыргыз-Кытай кызматташтыгынын күнгөй-тескейин айтсаңыз?

– Азыркы учурда Кытайды дүйнө эли бир четинен мүмкүнчүлүк, бир четинен кооптуу мамлекет катары карашат. Бул үмүт менен коркуунун ортосундагы байланыш да. Керек болсо Америка Кытайдын соодасынан баш тарта албайт, бирок үстөмдук кылып доминант болуп кетүүсүнөн сестенет. Европа, Япония, Орусия мамлекеттеринин ар биринде Кытайдан кооптонуу бар. Кыргыз-Кытай алакасы бүгүн болуп, эртең бүтүп кала турган иш эмес. Бул тарыхтан келе жаткан жана мындан ары улануучу мамиле. Кытайдын жер аянты, элинин саны, экономикальш өнүгүү күчү бара-бара биздин өлкөгө кандай натыйжа алып келет? Инфраструктуралык көп иш-терибиз, карызыбыздын көлөмдүү бөлүгү Кытайга байланыштуу да. Ошол эле учурда баардык параметрлер боюнча экономика, технология, дүйнөлүк бренд маркалар, жаңы түшүнүктөгү бизнес байланыштар ж.б. тармактар боюнча токтоосуз өнүгүп жаткан өлкө катары бизге көп мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берет. «Өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа» дегендей, өзүбүздүн максаттарыбыз-ды, кызыкчылыктарыбызды так билүү менен кызматашуу жолдорун жакшырта беришибиз керек. Анткен менен карыздын көлөмү жагынан кооптуу жагдайларды айтпай коюуга болбойт. Кытайдын ички саясатында, кээ бир басылмаларында жер аянтын кеңейтүү боюнча ойлор айтылып келет. Бирок, азыркы эл аралык нормалар ага жол бербейт го. Себеби, Кытайдын тышкы саясатында Орто Азия мамлекеттеринин ички иштерине кийлигишпөө, Орусия жана башка державалар менен дисбаланс боло тургандай доминант болбоо сыяктуу белгилүү принциптери бар. Бул кылымдар бою келе жаткан Кытайга таандык жумшак мүнөздүү саясат. Ошондуктан басып алуу же аскердик кийлигишүү болорун айтпайбыз. Бирок экономикалык байланыш, кен байлыктар жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүбүздүн баарын Кытайга байлай берсек, эгемендүүлүгүбүзгө чоң зыяны тийип калышы толук ыктымал. Карызды карабай аша чаап ала берсек, аны да талай турган кез келет. Кайтарып бере турган акчабыз жок, жерибизден бөлүп берүүдөн сактанышыбыз керек. Өлкөдө кытай жарандарынын саны арбыды. Алар бизди кыстап-кыйнап көбөйүп атышкан жок да. Биздин коррупциялык иштерден, чек арадагы маселелерден, паспорт менен камсыз кылууда болгон көйгөйлөрдөн улам максатсыз келген чет өлкөлүктөргө баа бериш керек. Биз чакан мамлекет болгонубуз менен мыйзам чегинде иш алып барып, ички эрежелерди сактасак, чоң держава болсо дагы Кытай зыян кылбайт.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *