Исмаил Исаков: “17-марттагы чек ара инцидентинин себептери жана кетирилген кемчиликтер”

«Ким менин кетирген кемчиликтеримди туура көрсөтсө, ал менин – мугалимим; ким менин кылган иштеримди туура белгилесе, ал менин – досум; ким мага кошоматтык кылса ал менин – душманым» (Сюнъ-Цзы).

17-мартта Өзбекстан бир нече эл аралык келишимдердин, декларациялардын жана БУУнун уставынын талаптарын бузуу менен биздин аймакка аскерлери менен кирип, мамлекеттик маанидеги Бишкек – Кербен – Ала-Бука – Чаткал жолун Аксы районунун Сары-Булак айылынын жанынан бир тараптуу тосуп алып, Нооруз майрамына карата бизге «белек» беришти.

Өзбек тарап өздөрүнүн баскынчылык иштерин «биз өзүбүздүн аймакта аскер техникаларыбызды каалаган жерибизге алып барып коюуга укугубуз бар» – дешип биздин аймакты өзбекстанга тааныш деген пикирди дүйнөлүк коомго сиңдирүү үчүн ачык жарыя кылып, тогуз күн биздин бийликтин шаштысын алышты. Ал эми биздин «бала бакчалардын балдарынан түзүлгөндөй» бечара бийлик эл аралык келишимдердин талаптарын окубай, билбей, алардын айткандарын жана биздин аймакка аскерлери менен киргенин туура дегендей «бул жердеги тилкеме «неописуемый», «такталбаган» – дешип, аларга «ПАС» берип, бизге «ГОЛ» киргизгенге «дарбазабызды» аңырайтып ачып беришкени аз келгенсип, «с больной головы на здоровью» – дегендей «Атамбаевсыз Кыргызстан» – дешип, А.Атамбаевдын жүргүзгөн саясатына каршы жүрүшкөн өзүнчө оппозициялык топтун кээбирлерин өзбек тарап менен сүйлөшүп «жүрүшкөн» дегендей күнөөнү коюуга «фактыларды» коомго ММКлар аркылуу тараттырып, аларды мамлекеттик «төңкөрүш» жасоого камданышкан деген айып коюп, коомчулукка «далил катары» тымызын жазылган сөздөрүнөн кесип-кесип беришип, өзбек тарап өздөрү чыгып кеткенге чейин алардын лидерлерин камакка алганга дагы үлгүрүштү. Мындай кадам бийликтин Батукаевди бошотуу операциясынан дагы аша чапкан «өтө улуу комбинацияга» тете болуп, Остап Бендердин комбинациясы жана коңшу тараптын чек араны басып алуусу биякта эле калып, өзүнчө тарыхта кала турган «Төңкөрүш Гейти» – деген атка татыктуу болду.

Тилекке каршы, оппозициясы бечел, кээбир мандатынан айрылган экс-депутаттардын жана тизмеде турган кандидаттардын сөздөрү менен түз айтууга дитин барбаган парламент чек ара маселесин жабык эшикте карашып, өзбек тараптын баскынчылыгы, эл аралык кайсыл укуктук нормаларга карама каршы келээрин жана биздин бийлик бутактарынын өкүлдөрү тарабынан кол тийбес чек арага кол тийгиздирип, аймактын бүтүндүгүн буздургандарды талкуулабай, маселени үстүртөн эле орустар айтмакчы «для галочки» карашып, эптеп-септеп чечим алганга араң жарашты.

Жыйынтыгында, Конституциянын талабын бузууга жол бергендер жана мыйзамда бекитилген милдеттерин аткарбай кол тийбес чек арабызга кол эле эмес, буттарына, дөңгөлөктөрүнө тебелетип киргизишип, тогуз күн бастырткандардын аты-жөндөрү, ага түз жана кыйыр тиешеси бар мамлекеттик органдар коомго жабык бойдон калды. Эң кейиштүүсү мамлекеттик органдардын тиешелүү кызмат адамдары жана өзгөчө ММКлар тарабынан айтылбай турган «техникалык» сөздөрдү бардык телеканалдардан кайталай берип, ал сөздөрүбүз кийин дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө өзүбүзгө казылган «зындан» болоору биринин дагы акылына кирген жок. Адилеттүүлүк үчүн белгилеп кетчү бир гана жакшы жагы, кеч болсо дагы Президент А.Атамбаевдын алты күндөн кийин элибизди сабырдуулукка, биримдикке чакырып, коңшулар менен чырга барбоону баса белгилеп, керек болсо бизде дагы күч бар дегендей айтканы коомчулукта жакшы кабыл алынып, жаштардын духун көтөрүп, эл арасындагы кээ бир бушаймандыктарга бөгөт койгондой болду.

Өзбек тарап өздөрүнүн бизге жасаган баскынчылык иштерин кандай гана актоого аракет кылбасын алар эл аралык укуктук талаадан чыгышып, төмөнкү бир нече келишимдерди, укуктук актыларды жана БУУнун уставын бузууга барды.

 

  1. 1991-жылдын 8-декабрында КМШ өлкөлөрүн түзүү келишими кабыл алынган. Анын 5-беренесинде «Тараптар КМШ өлкөлөрүнүн аймактарынын бүтүндүгүн ошол учурдакы өлкөлөрдүн ортосундагы чек араларды таануу менен чек аранын кол тийбестигин сакташат…» – деп бекитилген. Келишимди бардык тараптар ратификациялаган. Тилекке каршы, келишимдеки милдеттерин өзбек туугандар аткарган жок.
  2. 1991-жылдын 14-мартында Ошто «Достук жана кызматташтык жөнүндө» келишим кабыл алынып, кийинчирээк эки тараптан ратификацияланган. Анын 3-беренесинде «Тараптар Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн СССРдин алкагында түзүлгөн эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араны тааныйт жана сактайт жана кол тийбестигин так сактаганга милдеттенет» деп бекитилген. Чек ара жок болсо, анда алар кайсыл чек араны тааныган жана кайсыл чек аранын кол тийбестигине милдеттенген? Ушул келишим менен басып алган жерди алар биздин аймак катары таанышкан жана «кол тийбейбиз» деп биздин алдыбызда милдеттенме алышкан. Бул милдеттерин аткарбай одоно бузушту.
  3. 1991-жылдын 21-декабрында Алма-Ата, 1992-жылдын 14-февралында Минск, 1994-жылдын 15-апрелинде Москва декларациялары кабыл алынып, жогорудагыдай эле «Эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана чек аранын кол тийбестигин сактайбыз» – дешип милдеттенме алышкан. Бул декларациялардын бардыгы эки тараптан ратификацияланып, күчүнө кирген. Булардын нормаларын дагы алар бузууга барышты.
  4. БУУнун Уставынын 2-беренесинин 4-бөлүгүндө «Все Члени ООН воздерживается в их международных отношениях от угрозы силой или её применения как против территориальной неприкосновенности…» – деп жазылган. Өзбек тарап БУУнун мүчөсү катары жогорудакы милдетин аткарган жок.
  5. 1996-жылдын 24-декабрында Ташкентте «Түбөлүк достук жөнүндө» келишим кабыл алынып, эки тараптан ратификацияланып, күчүнө кирген. Келишимдердин бардыгында урматтуу Ислам Каримовдун колу бар. Ушул келишимдин 1-беренесинде «эки өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана чек аранын бузбастыгын ырастайт» деп так жазылган. Эмне үчүн 1991-жылдагы Оштогу келишимдей эле экинчи жолу келишим кабыл алынган? Себеби, Өзбекстан бизден айырмаланып, 1991-жылдан 1996-жылга чейин алам деген жерлерин алып, күч менен чыгараарын чыгарып, андан кийин тосконун тосуп, кээбир жерлерди траншея кылып казып, өзүнүн чек арасын бекемдеп анан ушул келишимди кабыл алдырган.

Тилекке каршы, биз өзүбүзгө тиешелүү жерлерди ушул күнгө чейин жогорудагы келишимдердин негизинде алалбай, кайрадан сүйлөшүү процесстеринде профессионалдык деңгээлдерибиздин өтө төмөндүгүнүн кесепетинен сөзүбүздөн жыгылып, кээде жеке кызыкчылыкты көздөп, берилбей турган жерлерди берүүгө кол коюп, дагы эле кээбир жерлерден кол үзүп жүргөндүгүбүздү алар ө-ө-ө-тө жакшы билишип алып, биздин алдыбызда алган милдеттерин аткаруудан баш тартып, аны бузууга барышты.

1996-жылкы келишимден кийин биздин Өкмөт айласыздан азыркы Аксы – Ала-Бука айланма жолду салган, себеби ага чейин азыркы жолдон 150-250 метрдей аралыкта алар чек ара сызыгын траншея казуу аркылуу бекитип, мурунку биз каттаган жолдорду жаап, чек арачыларын коюп койгон болчу. Мүмкүн аны Президент, азыркы Өкмөт жетекчилери менен мамлекеттик кызматкерлер билбесе дагы, ошол жердин тургундары жана ошол учурдакы оппозиция өкүлдөрү ошондоку кыйынчылыктарды бүгүн эсинен чыгара элек.

Ошолорду көргөн жана билген 2000-жылдары ошол жолду салып, асфальт басыла элек учурда чаң болуп, жамгыр жааганда белчеден баткакка батып, кыйналса дагы «биз өзүбүздүн жерден өтүп жатабыз» дешип, чек арадан өтүүнүн азабын унута баштагандар, коңшулардын ошондой жоруктарын жана өзүбүздүн мамлекетибиздин бийлигинин бечелдигин көрүп, анысы аз келгенсип алардын туура эмес айткан сөздөрүн мамлекеттик ММКтардан тынбай угуп жаткан эл бийликке кайсы алкышын айтмак.

Коңшуларыбыздын баскынчылык жол менен биздин аймакка кирип, мамлекеттик деңгээлдеги кандуу жолду тосуп алганына өзүбүздүн бийлигибиз адекваттуу чара көрө албаса дагы, жок дегенде болгонун болгондой айта албаганы жана алардын баскынчылык иш-аракеттерин актагандай айтышы бийлик адамдарынын өлкөнүн кызыкчылыгын коргоону көздөбөгөнүн, келишимдер жөнүндө таптакыр түшүнүктөрү жоктугун жана өздөрүнүн Конституцияда жана мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин аткара албагандыгын тастыктап, кайрадан ушундай чырлардын күчөлүшүнө жана кайталанышына негиз түзүп беришти.

Биз 2000-жылдарда Үзөнгү-Куушту нукура кыргыздын жери деп расмий документтер менен далилдеп жүргөнүбүздө, ошол учурдакы тышкы иштер министри Иманалиев жана Аламанов мырзалар «жок, Үзөнгү-Кууш кытайдын жери» – дешип бизге каяша айткандай, азыркы бийликтегилер дагы кетирген кемчиликтерин актоо максатында өздөрү жарыя кылгандай «биз делимитация иштерин аягына чыга элекпиз, ошол жер «неописуемый», «такталбаган» болчу» -дешип күнү-түнү элге танылоо менен эртең өзүбүздөн душман издеши мүмкүн. Алардын ошентип айтканы делимитациялык сүйлөшүү учурунда кээ бир объектилер үчүн колдонула турган эле «техникалык» сөз. Ал сөздөрдү эл арасында жалпы чек ара боюнча жарыялап коңшуларды актагандай айтуу жогорудакы келишимдерге төп келбейт, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргобойт, делимитация процессиндеки сүйлөшүүлөрдө бизге коюлган капкан жана сүйлөшүү процесстерин көпкө узарткан жана кээ бир жерлерибизден ажырата турган жол. Эгерде алардын айтканындай болсо, анда эмнеге 350-500 метрдей нарагыраак «неописуемый» жерден биздикилер ошол эле замат коңшу тарапка кирип жолдорун биздин чек ара аскерлери менен тосуп алышпады. Тосуп көрүшсүн ошол замат келишимдерди көтөрүп, чек арасын кайтарган аскерлери менен тумшука коюп, кууп чыгышмак.

Ошондуктан, биздикилер делимитация процессиндеки сүйлөшүүлөрдө келишимдин талаптарын баса белгилеп, сүйлөшүү стратегиясынын алкагында жана туруктуу бир позициянын негизинде «Урматтуу коңшулар, силер дагы, биз дагы СССР таркаган учурдагы чек араны таанып, келишимдердин негизинде кол тийбестик боюнча милдеттенме алганбыз, ошондуктан сүйлөшүүлөр бир гана биздин силер колдонуп жүргөн Суу сактагычтар, айыл чарба иштерин жүргүзүүдө тараптар тарабынан убактылуу колдонулуп келген жерлер, объектилер жана ошонун айынан алардын жарандарынын биздин аймака, биздин жарандардын силердин аймагыңарга салынып аралашып калган үйлөрү, ошол үйлөрдө жашаган жарандардын тагдыры жана СОХ, БАРАК, Шахимардан боюнча гана сүйлөшүү жүргүзөбүз, ал эми калгандарын канча жүз километр болбосун автоматтык түрдө бекитебиз» – деп Казак туугандар Орустар менен бүтүргөндөй ишти эчаак эле бүтүрүп алыш керек болучу. Тилекке каршы, андай айта албай мурунку сүйлөшүү процессиндеки катачылык жолунан азыр дагы чыга албай «ошондой инцидентке» дагы дуушар болдук жана дагы болобуз.

Кылымдар бою бирге, ынтымакта, чек ара-мегара дегенди билбей  СССР деген өлкөнүн аймагында бир эл болуп жашап, андан кийин эгемендүүлүктү алганыбыздын изин суутпай келечекте дагы түбөлүк достукта, ынтымактуулукта жашайлы деген ойду ишке ашыруу максатында башка келишимдерди эске албасак дагы, «Достук жана Кызматташтык жөнүндө» жана «Түбөлүк достук жөнүндө» келишимдерди кабыл алып, айткан сөздөрүбүздү эл аралык мыйзамдар менен бекитип, достукту кайрадан күчөтөбүз – деп милдеттерди алып, анын негизинде 2010-жылы бизге мүрүлөрүн тосуп «отту» улантпай, бизге жардам берген коңшулар эмнеге жогорудакыдай кадамга барышты? Алар үчүн андай жолго барууга эмнелер түрткү болду?

Биринчиден, алар Камбар-Ата ГЭСин орустар тарап курууда өтө чоң нааразычылыктарын билдирип, каршылыктарын айтып, жада калса бизге терс баа беришкен эл аралык деңгээлдеки жыйындарды дагы өткөрүштү. Ушундай себептердин биринен орустар менен мамилеси сууп, ЖККУдан да баш тартты. Орус тарап алар менен катнашты жакшыртуу максатында бир топ «уступкаларга» барганга айласыз болушуп, карыздарын да кечиришти. Жыйынтыгында өзбек тарап максаттарына жетишип, өздөрүнүн туруктуу позициясы менен ГЭСти курдурбоого орустарды мажбур кылышты. Орус өлкөсүн мажбурлаган коңшулар, эми «алардын алдында силер ким элеңер» дегендей алардын Камбар-Ата ГЭСи боюнча бизге болгон «чо-оң тарынычынын аркасындагы иштери жана ошон үчүн бизге көргөзгөн «сөөмөйү» болду.

Экинчиден, ошол келишимди Жогорку Кеңеште карап жатканда биз бир топ депутаттар «бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт, ал келишимде «кабальный» шарттар жазылган, өзүбүздүн суу боюнча саясатыбызды жүргүзө албай калабыз, коңшулар менен мамиле бузулат» дегенге карабай Президент, Өкмөт, көпчүлүк коалиция мен мүчө болгон СДПК фракциясы баш болуп, Ата-Мекен, Ар-Намыстары төш болуп, бизди душмандардай жаман көрүшүп, ураалап өткөрүшүп, сыясын суутпай кол коюшкан болчу. Кийин келишимди «экономикалык кыйынчылыкка» шылтоолоп, денонсация кылып жатканда ошол келишимди «ураа» – деп колдогондор180 градуска тетири бурулуп, биздин сөздөрдү сүйлөгөндөрүнө «а балли кеч болсо дагы акылдарына криптир» – деп ичибизден рахматыбызды айткан элек. Мына ошолор жүргүзгөн кыргыз элинин кызыкчылыгына төп келбеген саясаттын кесепети.

Үчүнчүдөн, чек ара маселеси боюнча делимитация иши башталгандан тартып, кабыл алынган келишимдердин алкагында Өкмөт тарабынан атайын иштелип чыккан бир дагы стратегиялык иш-пландын жоктугунун кесепетинен аларга мурдубуздан жетелетип, алдыбыздагы түз жолду көрбөй, өңдү-дөңдү жолго түшүп алгандыгыбыздан жана сүйлөшүү процесстерине катышкан биздин мамлекеттик органдардын кызматчыларынын профессионалдык деңгээлдеринин өтө төмөндүгүнөн эл аралык келишимдердин алкагынан четтеп, «мурундан жетелеткендин» жыйынтыгы.

Төртүнчүдөн, өзгөчө, биздин бийлик бутактарынын жетекчилеринин кайдыгер мамилеси, алардын эл аралык келишимдерди кунт коюп, ийне жибине чейин иликтеп окубагандыгы, сүйлөшүү стратегиясын иштеп чыкпагандыгы, эки тараптык сүйлөшүү учурундакы протоколдорду талап кылып, окуп, анализдеп анан жыйынтык чыгарбагандыгы жана сүйлөшүү процесстерине катышкан чиновниктерди атайлап даярдабаганынын кесепети.

Бешинчиден, министирлик, комитеттик жана агенттик ж.б. дэңгээлдеги жетекчилердин басымдуу көпчүлүктөрүнүн профессионалдык дэңгээлдеринин төмөндүгү, тажырыйбаларынын жоктугу, алардын чек ара маселеси боюнча бириникине бири карама-каршы келе турган ой-пикирлери жана мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербеген иш-аракеттери. Мисал катары айтсам, Бакиев учурунда чек ара кызматынын жетекчисинин туура эмес айткан сөзүнөн кийин бир түндүн ичинде коңшулар биздин Аравандагы карьерди зым менен тосуп алышкан.

Дагы бир мисал, мындан эки жылча мурун азыркы чек ара кызматынын бир орун басары өз милдетин аткаруудан аша чаап, Ала-Бука районундакы Көк-Таштакы чек ара постун толугу менен алуу жөнүндө чек арачылардын протоколуна кол коюп, 19 миңдей гектар жерден түбөлүкө кол үзүү коркунучун пайда кылган. Маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, Президентке маалымат жеткенде, протоколдогу колду кайра кайтарып алам деген аракети ишке ашпай, жерден түбөлүкө ажырагандай шарт ошол бойдон калган. Бул иш өтө чоң коррупциялык ишке тете болсо дагы, Өкмөтүбүз, укук коргоо органдарыбыз менен коррупция-морупция кызматтарыбыз ооздоруна талкан салып алгандай отургандарына караганда, алардын бир мандем-сандемдери бардай, болбосо эчаак эле «ызы-чуу» чыгып, тиешеси бар «азаматтар» өздөрүнө тиешелүү «шыбагаларын» алышмак.

Үчүнчү «свежий» мисал – Ункар-Тоо боюнча Өкмөттүн токтому.

Алтынчыдан, биз алар менен жакын коңшу катары сый-урмат мамиле кыла албаганыбызда, бекеринен айтылбайт «алыскы достон, жакынкы коңшу жакшы» – деп. Мамлекет башчы же өкмөт башчы бир дагы жолу аларды «расмий» чакырып коноктогон жок, ал эмес дипломатиялык этиканы сактап, «урматтуу коңшулар жок дегенде мейман-конок болуп кеткиле» деп сөз түрүндө айтканга жарабадык. Бизде башка өлкөлөрдүн ырчыларын ырдатып, аларга эбегейсиз акчаларды берип жүргөн фактылар болгонун ким билбейт. Ошол эле акчага жок дегенде бир жолу аларды чакырып, коноктосок болот эле го. Ислам Каримов Орто-Азиядагы жетекчилер арасында жашы жагынан эң улуу аксакалыбыз, тажрыйбалуу, мекенчил, 31 млн. калкы бар өлкөнүн 1989-жылдан берки жетекчиси. Мусулман элинде улууну урматтоо кичүүлөрдүн парзы. Биз мындай кадамга барганга да жараганыбыз жок. Демек, бирден-бир негиз сый-урмат мамилебиздин жоктугунан болду.

Жетинчиден, бир жолу дагы Президентибиз же Өкмөт башчыбыз чек ара маселеси боюнча алардын Президенти жана Өкмөт башчысы менен ийри отуруп түз кеңешип, жакынкы коңшу катары чын дилибиз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албаганыбыздын кесепети дагы тийди.

Сегизинчиден, өзгөчө түштүк региондо экономика жана улуттардын катнашы жактан тыкыс байланыш өлкө катары Бажы уюму боюнча жок дегенде алар менен ой-пикир бөлүшпөй, жакынкы коңшуну таштап, алыскы достун айткандарын «кынтыксыз» аткаруу үчүн баш-отубуз менен киргендигибиз жана бүгүнкү «олку-солку» жүргүзүлүп жаткан бир тараптуу саясаттын жыйынтыгы, ошону менен бирге «көңүлүбүзгө жараша» кээде ачылып, кээде жабылып жаткан «Достук», «Сох», «Кызыл-Кыя» ж.б. чек ара посторунун залалы.

Мына ушулардын бары биригип жогорудагы окуяга алып келди. Эгемендүү өлкө катары алдын алып, ушул «инцидентти» болтурбай койсок болот беле? Албетте, болот болчу.

Анда эмнеге алдын ала чара көргөн жокпуз, ага ким тоскоолдук кылды, бийлик өкүлдөрү өлкөнүн коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин так аткарыштыбы, кайсы катачылыктарыбыздын жана кетирген кемчиликтерибиздин кесепетинен дарбазабыз аңырайып ачылып, башка өлкөнүн аскерлери келе жатканда жабууга үлгүрбөй калдык.

  1. Эң чоң кемчилик, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин шалаакылыгында жана алардын өздөрүнүн милдеттерин так аткарбагандыгында, алардын милдети ошондой акыбалды алдын ала билип туруу, маалыматтарды керектүү мамлекеттик органдарына убагында берип, алардын ыкчам чара көрүштөрүнө мүмкүнчүлүк түзүү. Тилекке каршы, аткарган иштери баягыдай эле. Азыркы өлкөбүздө орун алган «Гейттер» анын далили. Ошентип, жогорудакы окуя МУККнин өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарбагандыгынын кесепети.
  2. Кемчилик чек ара кызматынын аткарган ишинде. Чек ара кызматынын милдети кайтарып турган чек аранын «такталган-такталбаганына», «талаш-палашына», «описуем- неописуемына» карабай, чек арадагы аймактын бүтүндүгүн жана колтийбестигин сактоо, тескерисинче ошондой кырдаалда Чолпонбай Тулебердиевдей болуп көкүрөгүн тосуп күч менен киргендердин мизин кайтаруу. Эмнеге алар мамлекеттин канчалаган каражаттарын коротуп, ал жерди күнү-түнү кайтарып жүрүшкөн, же орустар айтмакчы «для галочкагабы»? Кайтара албагандары аз келгенсип, «бул тилкеме неописуемый участок» – дешип айткан сөздөрүнө эмне дейсиң? Алардын логикасы боюнча «такталбаган» «неописуемый» жерлерге «часовойдун» турганына карабай коңшу өлкөлөрдүн аскерлери кирип каалагандарын кылса болот экен да. Анда «часовойдун» кереги не? Ушунча жылдан бери күнүгө чек ара заставалардын жетекчилери катардагы жоокерлерге «чек араны бекем кайтаргыла» – деп буйрук берип кайтарттырып жүрүп, тигилер басып алгандан кийин «такталбаган участок» – деп «четте калганы» устав-муставтардын талаптарын четке кагуу эмеспи? Ошентип, чек арачыларыбыз мыйзамдарда бекитилген милдеттерин аткарбай, кол тийбес чек арабызга колдору эле эмес буттарын, дөңгөлөктөрүн бир каршылык көрсөтпөй бастыртырып, киргизишип башка өлкөлөрдүн аскерлерине 9 күн биздин мамлекеттик деңгээлдеки жолду тосуп турушуна «мүмкүнчүлүк» түзүп бериши кыргызчылыктын туу чокусу болду. Ошондой чек арачылардын «баатырдыгына» мамлекет жетекчилерибиздин жана парламенттин унчукпаганы бийликтин деградацияланганынын белгиси экендигин гана түшүндүрөт.
  3. Конституциянын 8-беренесинин 1-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис», ал эми 88-беренесинде «Өкмөт Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын… мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн камсыз кылат» – деп бекитилген. Өкмөтүбү мыйзамдарды бияка эле койолу, жогорудакы Конституциялык нормаларды аткарыштыбы? Аткармак тургай кол тийбес чек арабызга башка өлкөнүн аскерлерине тебелетип киргизип, аймактын бүтүндүгүн камсыз кылууга «чамасы» дагы жетпеди. Анысы аз келгенсип, башка өлкөнүн аскерлерине биздин аймактын бүтүндүгүн буздуруп, өздөрүнүн «кылмыштык» иштери менен «мүмкүнчүлүк» берген Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик органдардын атка минерлерине «муу» деген сөздөрүн айта албады. Жогорудагы Конституциянын нормаларын аткарбагандыгы жана тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан конституциялык милдеттерин аткарбагандыгына жол бергендиги – Өкмөттүн кетирген чо-о-о-ң катачылыгы жана кылмышка тете кемчилиги.
  4. Коңшулардын баскынчылык аракетин өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо максатында эмес, башкача бурмалап, мамлекеттик бийлик бутактарынын «камчысын» чапкан жана алардын мыйзамсыз иштерин «тууралаштырып» маалымат берген массалык маалымат каражаттарынын кетирген кемчилигинде жана алардын кээде «адвокат», кээде «прокурор» болуп жасаган «медвежья услугасы» менен бийлик атка минерлерин түз жолдон адаштыргандарынын жыйынтыгынын кесепети. Далил катары айтсам, бир телеканалдын кабарчысы ошол жерге барып «коңшулар келишимдерди одоно бузуп баскынчылык жол менен биздин аймакка кирип аскерлери менен мамлекеттик деңгээлдеки жолду тосуп алып турушат» дегендин ордуна «мына биз дагы өттүк, алар эч кимди кыйнабай, документтерин текшерип эле өткөрүп жатышат» деп «бийлик адамдары туура айтат, ал жер бизге таандык эмес» дегендей дүйнөгө коңшулардын баскынчылык иштерин актагандай маалыматтарды чагылдырышы жана «төңкөрүш Гейт» менен оппозициянын кээ бир өкүлдөрү боюнча берген маалыматтары.
  5. Дагы бир кемчилик оппозициянын бир муштум болуп биригип бийликке күчтүү атаандаштыкты түзө албагандыгы. Өзгөчө, трибунасы бар парламенттеги оппозициянын бечелдиги. Оппозиция канчалык күчтүү болсо, атаандаштык ошончо күчтүү болуп, бийликти тазалаганга, алардын жалпы эл үчүн жакшы иштешине, мыйзамдардын так аткарылышына толук шарт түзүлүп, өлкөнүн тез өнүгүшүнө жол ачылып жана мамлекеттин коопсуздугун көздүн карегиндей сактаганга эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөр пайда болот эле. Түшүнгөн элге, жетекчилерге оппозициянын болушу бул базардагы буюмдардын атаандаштыгындай эле. Бийликке, атаандаштыктын жоктугу бул өнүкпөөнүн, өзүм билемдиктин, мыйзамсыздыктын, эки-жүздүү кошоматчылыктын жана кулчулуктун жолу.
  6. Мамлекеттин башчысы, Куралдуу Күчтөрдүн кол башчысы болгон Президенттин кетирген катачылык иштеринде. Анын Конституциянын талаптарына каршы келген негизсиз ыйгарым укуктарын көбөйтүү жолу менен жүргүзүп жаткан ички, тышкы жана кадр саясатынын жыйынтыгынын кесепети жана бийликтин атаандаштыгына жол ача турган оппозициянын өнүгүшүнө тоскоолдук аракети.
  7. Акырында, бирден бир кемчилик элибизде. Элибиз, бийликтин бирден бир булагы катары тунук булактан таза эмес бийлик бутактарын түзүүгө мүмкүнчүлүк бергендигибизде, аларды убагында тазалай албаганыбызда, бийликти элдин турмушун жакшыртуу боюнча иштете албай, кайрадан өзүбүзгө «кожоюндай» мамиле кылгандарына унчукпаганыбызда, өзүбүздүн тагдырыбызды чечүүдө эң негизги баалуулук болгон укуктарыбызды жана эркиндигибизди толук колдонбой, кайдыгерлик мамиле кылгандыгыбызда.

Эми болоору болду. Ушул «инцинденттен» кандай сабак алабыз? Май баскан көздөрүбүз ачылгандай эле болду, мамлекеттик органдардын нукура беттери ачылды, алардын күчтөрү кээ бир оппозиция өкүлдөрүн «бурмалап» камоодон жана башы көрүнгөн оппоненттерин ар кандай ыкмаларды колдонуу менен саясий аренадан чыгаруудан башка колдорунан «пок» дагы келбегенине барыбыз күбөө болдук. Ошого карабастан, жогорудакы инцидент, биринчи мөөнөттө бийлик адамдары үчүн чоң сабак болушу керек. Мындан кийин андайларга жол бербөө максатында мамлекеттик бардык органдар мыйзам чегинде түз жана кыйыр тиешеси барларга укуктук баа берүүлөрү зарыл. Бекеринен айтышпайт «без наказанность пораждает престуления» – деп. Ошону менен бирге акылмандар «башына тоо түшсө чымындай көр, чымын консо тоодой көр» – деп айткандай бардыгыбыз жогорудакы «инцинденттен» биргеликте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн башыбызга тоо түшкөндөй ой жүгүртүп, чечим кабыл алышыбыз абзел.

Исмаил ИСАКОВ, экс-депутат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *