Июнь айында мамлекеттик карыздын өлчөмү 293,5 млрд сомду түздү

2017-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызынын өлчөмү 4 млрд 245 млн 95 миң АКШ долларын (293 млрд 550 млн 95 миң сомду) түздү. Бул туурасында КР финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

мамлекеттик тышкы карыз – 3 млрд 871 млн 59 миң АКШ доллары (267 млрд 668 млн 96 миң сом);

мамлекеттик ички карыз – 374 млн 36 миң АКШ доллары (25 млрд 881 млн 99 миң сом).

Таблица жана инфографика түрүндөгү толугураак маалыматты  бул шилтеме аркылуу көрө аласыздар.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *