Каада-салттардын күңгөй-тескейи

Кыргыз эли байыртан каада-салтка, ырым-жырымдарга, жөрөлгөлөргө бай келет. Алардын катарында адам акыркы сапарга узап жаткан учурда жасалып келген өзгөчө жөрөлгөлөр бар. Бирок акыркы мезгилдерде бул жөрөлгөлөрдүн жасалышы боюнча коомдо ар кандай кайчы пикирлер жаралууда. Айрымдары бул каадалар дүйнө салган адамга көрсөтүлөн сый-урмат десе, айрымдары текке чачылган ысырапкорчулук дешет.

“Атамдын кадыры үчүн дагы деле жасай беребиз”

Адам көз жумган күнү кабар айтуу менен катар эле мал союлуп кан чыгарылып маркумду акыркы сапарга узатууга камылгалар башталат. Дасторкон жайылат, мал союлат. Жыртыш жыртуу, чачыла чачуу, келген конокторго баштык жасоо, ээк бүтөө жөрөлгөлөрү менен коштолот. Үчүлүк, жетилигин берүү менен аяктайт. Албетте мунун баары эле оңой эмес каражатты талап кылаары шексиз. Анткен менен каарманыбыз Токмок шаарынын тургуну Элзада Намазбаева алты ай мурун атасынан ажыраган, анын үй-бүлөсү жакын адамын жайына берүү үчүн бир топ эле чыгымга учураганын, бирок атасынын кадыр-баркы, урматы үчүн дагы деле чыгашасына карабай өз каадасын кыла бере тургандыктарын айтат.

Атамдын сөөгүн кичи мекени Тоң районунун Орто-Арык айылына алып барып койдук. Биз борбордон айылга жеткенче эле боорсок жасалып, кан чыгарылган экен. Келген конокторго деп эки жылкы, андан тышкары майда жандыктар да союлду. Жыртыш жыртуу жөрөлгөсү жасалды. Дасторконго абдан көңүл бурулат, ошондуктан кадимкидей эле дасторкон даярдалды. Жетилигин чыгардык. Ага өзүнчө мал союлду. Атам жана анын аталары кадыр-барктуу адамдар болгон. Ошондуктан анын абройу, урматы үчүн бул нерселердин бардыгын жакшы деңгээлде жасаганга аракет кылдык. “Убагында ушундай киши эле, балдары минтип койду” деген сөзгө калбайлы, эртеңки күнү башыбызды бийик көтөрүп жүргөндөй бололу деп колубуздан келгенин жасадык. Өзүбүз көп жылдан бери Токмокто тургандыктан, кийин ал жактагы тааныштарды чакырып кафеде куран окуттук. Жалпысынан жүздөй киши болду. Бирок эч ким “мынча кетип калды, ысырап болуп калды” деген жок. Бизге эң негизгиси келген коноктор ыраазы болуп, жакшы тилектерин айтып, дуба кылып кетсе эле болгону.

Элзада ошондой эле убагында гана өз каадасын кылып тим болбой, учурда соопчулук иштерин да жасашарын билдирди. Алар Токмоктогу борбордук мечитте атасына багыштап мал союшат. Мечиттен эттерди бөлүштүрүп балдар үйүнө таркатышат.

Дин буга эмне дейт?

Динде адам өлгөндө жасалуучу жөрөлгөлөр боюнча эмнелер каралгандыгын билүү үчүн дин таануучу Сабыр Мураталиевге кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду:

  • Шариятта бир жерде бирөө каза болсо ал үйдөн үч күн тамак-аш чыкпашы керек. Алыстан келген коноктор үчүн жамандык болгон үйдүн кошуналары тамак-ашын камсыздап, ошолор тейлеши керек. Негизи эле үй ээлеринин мал союусуна тыюу салынат, “макрух” деп коет. Ал эми сый-урматын кийин деле кыла берсе болот. Себеби, сый-урмат менен кайгы бир жерде болбойт. Каза болгон адамга эң негизги урмат куран окутуу, жакшы тилектерди айтуу, күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн дуба кылуу. Ал эми мал сойгонуң түккө татыбайт. Тескерисинче күнөө болушу мүмкүн. Эгерде күчү жетип атса, колунда болсо “бул ушунун атынан” деп колунда жокторго садага түрүндө берип койсо болот. Алардын дубасы, сообу деле жетет.

Мындан тышкары дин өкүлү шариятта жетилик, үчүлүк деген түшүнүктөр жок экендигин, дүйнөдөн өткөн адамды сөзсүз эле жети, үч күндө эмес, башка убактарда деле эскерип, куран окутуп турса болорун кошумчалады.

“Өлүмдө атаандаштык болбосун”

Динде жогорудагыдай сын-көз караш менен каралган маркумдун кара ашын өткөрүү жөрөлгөлөрү кыргыз элинде илгертен бери эле жасалып келе жатканын, болгону акыркы учурдарда ашкере ысырапкорчулукка жол берилип жатканын, айрыкча бул жатта атаандашуу күчөп, “казга теңелем деп карганын буту сынган” учурлар көп болуп жатканын айтат тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Амантур Жапаров.

  • Каза болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча мурдатан жасалып келген ритуалдар бар. Жакын адамын жайына берип жатканда кыргыздар илгертен жылкы союп, кара ашын өткөргөн. Мунун мааниси көз жумган адамдын атынан садага чабуу болуп саналат. Себеби, түрк доорлорунда жылкыны өлгөн киши менен кошо көмүү салты болгон. Бара-бара ал трансформация болуп, жылкынын терисин же башка бөлүгүн коюп калышкан. Кийинчерээк жылкыны союп, топурак салганы келген элге берилип, куран окутула баштаган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында келген элге жыртыш айруу делген кездемени бөлүп (акыркы учурдарда жүз аарчы ) таратуу, акча чачуу, улгайган адам көз жумса чачыла чачуу деген ырымдар бар. Булардын ичинде арты жакшы болсун деген ой камтылган. Дасторконду жайнатып жаюунун кажети жок, Ритуалдык тамак болгон боорсокту жасап, чай берип, табагын тартса жетиштүү. Мелдеш кылып жиберүүнүн зарылчылыгы жок. Үчүлүк, жетилик мурдатан болуп келген  милдеттүү жөрөлгөлөр. Эскерип куран окутуу максатында жасалат.

Этнографтын ою боюнча, бул жөрөлгөлөрдү жасоодо атаандаштыктын кереги жок. Максат “Ала-Тоодой эт кылып, Ысык-Көлдөй чык кылып” тойго айландырып жиберүү эмес. Тек гана акыркы сапарга узап жаткан кишиге куран окутуп, дуба кылуу.  Бардыгын орду менен, өзүнүн материалдык абалына жараша жасашы керек. Артында калгандардын эртең жашоосу уланаарын эстен чыгарбоосу зарыл.

“Эл туура жолго баратат”

Ислам дининин таасиринен улам, коомдун динден түшүнүгү кеңейип жаткандыгынын натыйжасында айрым аймактарда адам дүйнөдөн кайтканда жасалуучу ырым-жырымдарды, жөрөлгөлөрдү ысырапкорчулук катары карап, аларга кетчү чыгымдарды азайтып башташты. Мындай айылдардын бири Ноокат районунун Үч-Бай айылы. Үч-Бай айылынын имамы Арапбай Эргешов элдер акырындап бул нерсенин ысырапкорчулук экендигин түшүнүп келе жатканын, аталган айылда беш жыл мурункуга салыштырмалуу чыгымдардын эки эсеге азайгандыгын билдирди.

  • Мурда адам өлгөн күнү эле чоң мал союлуп, каадасы жасалчу. Кыркылыгына чейин ар бир бейшемби күнү “бейшембилик” деп куран окутулчу. Ошондо жалпысынан беш жолу бейшембилик өткөрүлчү. Ар бир бейшембиликке эле 20 миң сом кетиши мүмкүн. Ал эми азыр шарты болуп калса музоо, болбосо кой эле союлат. Бейшембиликтердин да саны кыскарды. Эки гана жолу өткөрүлөт.

Бул чечимге эл өзү келди. Аларды эч ким тескеп-көзөмөлдөбөйт. Болгону имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, аш-тойлордогу ысырапкорчулукка мыйзам деңгээлинде чектөө киргизүү маселеси Жогорку Кеңеште 2014 жана 2016- жылдары, өкмөттө 2015-жылы көтөрүлгөн. Бирок бардыгы тең жактырылган эмес. 2016-жылы депутат Аида Салянова тарабынан  “ салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бирок бул мыйзам долбоору да колдоо тапкан эмес. “Спутник” маалымат агенттигиндеги маалыматтарга караганда, мыйзамга ылайык жаназага туруучу адамдардын саны чектелбейт, бирок маркумду узатуу зыйнатына жылкы, бодо мал жана кой-эчки союуга тыюу салынмак. Адам дүйнө салгандан кийинки үчүлүгүн, жетилигин, кыркылыгын, жылдыгын белгилөөдө жылкы жана бодо мал союуга тыюу салынып, ал жүздөн ашпаган адамды чакыруу менен чектелмек.

Автор: Чынаргүл Жумабекова, Кыргыз-Түрк “Манас” университети

(ред.автордук орфография жана стилистикасы сакталууда)

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *