Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер: “Калың журттун көчүн баштаган өкмөт мүчөлөрүнө ак жол каалайм”

Кечээ Өкмөттүн жаңы курамы  парламенттеги тармактык комитеттин жана башкаруучу коалициянын колдоосуна ээ болду.

Кыргыз өкмөтүндө  төрт вице-премьерлик кызматтын бирөөсүндө жана 12 министрликтин алтоосунда жетекчилик алмашты. Министрлер кабинетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков өз кызматында калды.

Талапкерлер боюнча талкуу бир калыпта өтүп, жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү баарына тең “макул” деген добушун беришти.

Бирок маселе  юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын ордуна келчү Уран Ахметовдо жаралды. Себеби, Уран Ахметов буга чейин президенттик жана өкмөттүк аппараттардын укук бөлүмдөрүндө иштегени, Жапонияга барып окуп келгенинен башка жарытылуу деле маалымат жок болуп чыкты. Айтайын дегеним, “Бир бол” фракциясынын оппозициялык көз караштагы  депутаты Чолпон Жакупова “жаш адистерди алып келебиз деп жакшы иштеп жаткан кадрларды  сүрүп чыгаруу  туура эмес. Министрликке чейин кадрлар өсүш керек. Тиешелүү тепкичтерди басып өтпөсө, жакында көчөдөн келгендерди деле министр кылып отургуза баштайт окшойбуз” деген санаркоосун билдирди. Экинчи кайчы пикир Ички иштер министрлигине сунушталып жаткан Улан Исраиловдун талапкерлиги боюнча болду. Президенттин мурдагы жансакчысы делген Улан Исраилов жазында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы болуп дайындалган. Улан Исраилов Ички иштер министри болуп кандай иштээрин ким билсин. Бирок анын бул жооптуу кызматка келгени боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер жаралып, президент кетээрине жакын күч структураларына жалаң өзүнө жакын адамдарды алып келип жатат деп айткандар да болду.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине мурда “Республика” партиясынан депутат болгон, азыркы “Бир бол” партиясынан талапкер  Нурбек Мурашев келди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлик кызматына коомчулукка гендердик теңчилик маселелери боюнча адис катары таанымал  “Кыргызстан” партиясынан таанымал Таалайкүл Исакунова дайындалды. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине буга чейин өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматты аркалаган Гүлмира Кудайбердиева болду. Анын ордуна вице-премьер болуп “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Чолпон Султанбекова келатат. Жалпысынан бул жолу өкмөттө алмашкан жети жетекчинин экөөсү “Кыргызстан” фракциясынан, бирөө “Бир болго” тийсе, калгандары  КСДПдан же президенттик аппараттын тегерегиндегилерден болду. Өкмөт башчы  Сооронбай  Жээнбеков коалицияга кирген партиялар арасында кызмат талаш болбогонун маалымдады. Өкмөттүн жаңы курамы купулуңузга толдубу деген суроо менен айрым инсандарыбызга суроо узаттык.

– Азыркы өкмөт өтө жооптуу мезгилде элдин жүгүн, ысык- суугун көтөргөнү келишти. Кыргыз салтында жаңы иш баштагандарга ийгилик каалайт эмеспи. Менин деле тилегим жаңы курамга мамлекеттик маанилүү иштерине ийгилик жакшылыктарды каалайм. Байкашымда негизинен мурдагылар эле калыптыр. Коалицияга кирбеген партиялардын өкүлдөрү болгон үчүн жакшы иштеп жаткан Айыл чарба министри Т.Бекбоев, Социалдык өнүктүрүү министри Базарбаевге окшогондордун кирбей калгандыгы өкүнүчтүү. Дагы эле Билим берүү министрлигинин багы ачылбаптыр. Ушул өтө маанилүү тармакка татыктуу, тармактын ишин жакшы билген адам келсе жакшы болмок. Маданият министри болуп Т.Казаковдун калганын элдер жактырып жатышат. Күч структураларына да купулга толгон адискөй адамдардын келишин коомчулук самап келе жатканы менен, бул жолу да эл ишенимине төп келгендер бул тармактан ат үстүнөн көрүнбөй жатканы айтылууда. Кантсе да калың журттун көчүн баштаган өкмөт мүчөлөрүнө ак жол каалайм!

Булак: Асман плюс 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *