Кадыры калбаган кадрлар…

Эгемендүүлүк алгандан бе­ри Кыргызстаныбыз эмнени гана көрбөдү. Өзгөчө кадр маселесинде бир топ өтө орчундуу калпыстыктар орун алды. Эки жолу өлкө башчысын эл көтөрүлүп туулган жеринен кууп салды. Алар кетсе, алардын адамдары да кызматтан кетип, туруксуздук орун ал­ды. Качкын президенттер мигрант сымал башка өлкөдө баш калкалап, күн кечирүүдө.

Биринчиси Аскар Акаев жылмаңдап жакшы эле башкарып жаткандай сезилди эле, көрсө ошол кездеги канайым Майрам Акаева тымызын бийликке аралашып, кадр маселелерин кадимкидей калчап, үй-бүлөлүк башкаруу баш багып калыптыр. Баш бакмак турсун, прези­дент Акаев эмей эле, Май­рам Акаева болуп, ансыз бир дагы маселе чечилбей, башкарууну толук колуна алганы күнү бүгүнкүгө дейре жомок болуп айтылып келет. Кызы Бермет депутат болмокчумун деп желпинип, Айдары айга колун созуп, Акаев сормо сазда калды. Мына ушундай ыплас иштери ошол кездеги оппозицияга “көктөн издегени жерден табылып” такты басып жыгылышат.

Аскар Акаев үй-бүлөсүн аралаштыра коюп ала салып кетсе, экинчиси Курманбек Бакиев өткөндөн сабак албай, бийликке ач көз үй-бүлөсүн аралаштырып куулуп кетти. Баласы Максим менен иниси Жаныш аз эле убакыттын ичинде кызарган жердин баарына ээлик кылышып, акыр-аягы бири-бирин атышып, бири агасынын, бири атасынын айласын алты кетиришип, калктын чөнтөгүнө да кол сала башташты. Ар бир чалынган минутадан 60 тыйындан кармап, өзүбүздө өндүрүлүп чыккан электр энергиясын чет жакка пулдап, бизге веердик өчүрүүнү киргизип тынч жаткан элдин уйкусун бузуп, элди козутуп алышты. Бакиевчилердин мындай кадамдары калкка катуу тийди. Акыр-аягы өлкөдөн куу­луп чыгып, чет өлкөдө баш калкалоого аргасыз болушту.

Андан кийин убактылуу өкмөттүн төрайымы Ро­за Отунбаева президенттикке келип, сыйлык ала ал­бай жүргөндөрдүн баарын сыйлады. Бирок өлкөдө кадр маселеси дагы деле курч абалда калды. Кийинки президент болуп Атам­баев келди. Ал келгеңде деле өлкөдө стабилдүүлүк болгону менен кадр маселесинде стабилдүүлүк болбоду. Негизи эле эгемендүүлүк алганы жыл сайын өкмөт башчы алмашып, аны менен кошо министрлер кабинети кошо кетип, эми эле иштейин деп жаткан министрди иштен алып, иштетпей коюшту. Мындай көрүнүш кайталана берип, кимдин кайсы жакта министр экенин да билбей калдык.

Мисал катары айта турган болсок, экономика жаатында акыркы 13 жылда 12 ми­нистр алмашылыптыр, мамлекеттик мүлк фондунда 24 жылда 24 жетекчи иштесе, акыркы эле 3 жылда 7 жетек­чи алмашыптыр. Энергетика тармагы деле жыргап калбаптыр 8 жылда 8, Улуттук банкта акыркы 3 айда эле 3 төрага алмашып, кадр саясатынын ашмалтайы чыгып турганын далилдеди.

Мындай жол менен кете берсек же кадрга жыргабай, же иштеген иши билинбей, министрлер кол жоолук эле болуп калат го. Дагы белгилей кетчү жагдай, жаштар келсин, жаштар кыйратат, эскилер кызматынан кетсин, жаштарга орун бергиле деп жаттык эле. Өкмөткө кырктын кырындагы жалаң жаштар келди. Эмне болду акыркы 2-3 ай­да эле?Канча вице-премь­ер алмашты? Алмаштырып олтуруп, акыркы күндөрү жаман кептер жармашты. Кыргызда “орун алмашкан менен сумма өзгөрбөйт” де­ген жакшы сөз бар. Иштин жагдайын жакшы жакка өзгөртө албаган соң, орун ал­маштырып эмне кыласыңар?.. Кадр өстүрбөй эле, эгемендүүлүктөн бери өз көмөчүнө күл тарткан заман болду. Мындай темп менен жакында жыргабай турганыбыз анык…

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *