Кагаз жүзүндөбү, же иш жүзүндө өсүп жатабы?

Сапар Исаковдун премьер министр болгонуна жарым жыл болду. Бул аралыкта Сапар мырза эмнени жасаганга үлгүрдү деген суроого жооп издегендер арбын. Өкмөт башчынын “Жаңы доорго – кырк кадам 2018-2023” программасын эффективдүү ишке ашыруу менен ачык жана таза мамлекетти куруу боюнча максаттары жүзөгө ашып жатканы азырынча көзгө көрүнө элек. Ошондой болсо да Исаков Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкканын маалым кылды Ал өз сөзүндө Кыргызстандын экономикалык өсүү ыргагы экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталып жатканын билдирди. Бирок кайсы тармактарда кандай өсүш болгону ачык айтылган жок.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *