“Кайф” кармаган Канат Садыков

Жаңы кызмат, жаңы иш дегендей ар бир жаңы нерсенин оз жыргалы да бар эмеспи. Дегеним, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков жаңы жетекчи болуп келгенде ишеним арткандар арбын болду эле. Бүгүн Канат мырзага нааразы болгондор арбый баштады. Көрсө Канат Жалилович, өзүнө өтө ишенимдүү иш алып барып, «Бул жерде менден башка кожоюн жок» – деп доогурсуп атыптыр. Өзүн туңгуч окуу жайдын падышасы сезип, «кайф» кармап аткан Канат мырзанын канатын кайрууга эмитеден аракеттер да башталыптыр. Эчен чуулу окуяларга коштолгон бул ректорлукту сиз бизден жакшы билесиз, эсиңизге келбейсизби Канат мырза!

Булак: “Де-Факто”

1 ой-пикир

  • М says:

    Мен болсом, Кaнaт мырзaгa университеттин ректорлугу эмес, тоок кaйтaртпaйт элем. Aргa жок. Оозу кыйшык болсо дa бaйдын уулу сүйлөсүн деген зaмaн. Кыргыздын билим берүү системaсын бүтүргөн эргул эми университеттин түбүнө жетпей койобу.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *