Кайрат Кыргыз: “Буттарым түз, жакшынакай эле фигурам бар”

Кайрадан Кайрат Кыргыз бизде конокто. Кайрат чыныгы чыгармачыл жигит. “Бала кезинде эч нерседен тартынбай чоңойсо керек” деп ойлой берем. Бу жолу суроолор өзүнүн мүнөзүнө жараша берилип, тиешелүү жообун алдык.

— Кайрат, элде жок күлкүң бар, бирде кекилик, бирде сагызган, бирде улардын үнүнө окшоп кетет. Өткөндө бирөө “күлкүсү бир тайлык” деп атты эле, азыр тайлар арзандап 20 миң сомдон ашпай калды…

— Фантазиялуу чыгармачыл адамдардын күлкүсү ар бириники ар башка болот эмеспи. Кээ бир куудулдардын “орустарды туурап күлдүрөм” дегенине караганда, жашоодон алынган нерселерди чагылдырса жөнөкөй адам катары күлкүм келет. Бир жакшы жыргап алам. Чындап күлкүм келгенде жарыла күлөм. Съемкадагы көргөн күлкүлөр бул чети эле. Демек, бирөөлөр менин күлкүмдү бир тайлык деп 20 миң сомго бааласа, аз эле баалап коюптур. Менин күлкүм 5 тайлыкка барабар дей бергиле. Бөлөк адамдар мени күлдүргөндөн мурун мен аларды күлдүрүп коём. Кээде аны өзүм да билбей, “кантип күлдүрүп койдум, эмне айттым күлдүргүдөй…” деп калам. Шаң тартуулап, маанай көтөргөнгө аракет менен жүрөм. Мисирейбей, керсейбей эле. Тамашаны түшүнгөн адамдар менен жүрсөң өзүңө да жакшы. Себеби, чыныгы күлкүң чыгат. Уялып, тартынып, «элдин арасындамын» деп күлбөй отура берсең да жаман го. Кээ бир адамдарга да таңкалам, бирөөнүн күлкүсүн да көрө албай кеткендерге. Күлкүсү жаңырып жатса жактырбагандарга. “Алар оорулуулар” десек болот. Эмне себептен Японияда күлүп жүрүшөт? Бири биринин нервин жебейт, жаман абалда болуп турса да. Ичинен сөгүп турса да күлүп турат. “Ошол жанындагы адам капа болбосун” дешет. Ошондо өзү да жакшы абалда болот жана бирөөгө да жакшы маанай тартуулайт, иш ордунда болуп, илгерилейт.

— Атанын уулу же апанын уулу болот, сен апаңа жакын өскөн окшойсуң…

— Эне тили деген нерсе бар. Тилим энеге бурулган. Мугалим болгондуктан мамам мени менен көп убакытты өткөзөт. Сабагын берет, акыл-насаатын айтып, “бирөөнүн эмгегин жебе, ууру кылба, ушак айтпа” деген асыл сөздөрү жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган.

— Буттарың түзбү? Эгер кийинки клипке кыска юбка кийип тартыла турган болсоң, өзүңө макулдук бересиңби же “кой, бул уят, искусствонун да чеги болуш керек” дейсиңби?                                   

— Менин буттарым түз! Ага мактанбайм. Жакшынакай эле фигурам бар. Бирок, дене түзүлүшүм булчуң жактан жакшы болсо, балким чечинип деле тартылмакмын. Эгерде комедиялуу фильм болсо, керектүү сюжетке тартылып коюу эч нерсе эмес. Андан бир жерим кемип калбайт.

— Спирт ичимдиктерин ичпеген эркек жок. Канча стаканга мас болосуң? Мас болсоң ыйлайсыңбы, күлөсүңбү, мушташасыңбы, уктап каласыңбы же ырдайсыңбы?                                  

— Спирт ичимдиктерин профилактикадан өтүү максатында ичүүгө болот. Бир жылда бир жолу жетиштүү. Мен да ошол сыңары бир жылда бир жолу жакшы ичип коём. Бирок мас болбойм, күнүгө ичпегендиктен болсо керек да. Бирок, мага жага бербейт, эртеси кыйналам. Мага ар түрдүү өзгөчө тамактар жагат. Аларды “жакшы тамак калгыча, жаман курсак айрылсын” дегендей, кекиртектен тиреп калгыча жей берем.

— Чачыңдын жасалгасы кандай аталат? “Взрыв на макоронной фабрике” деп атап койдум, буга кошуласыңбы? 

— Ар бири ар кандай ойлосо болот. Сиздин айтканыңыз тамаша экенин түшүнүп турам. Бирөө тотукуш, бирөө бала короз, дагы бирөө банан багы ж.б. Бул өзгөчө стиль. Мага гана таандык. Сүрөт жөнөткөндөрдөн бир нерсени байкоого болот, пальма дарагы мен үчүн жакыныраак өңдөнөт.

— Аялың “Салмакенин баласы мени менен иши жок” деп өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип салбайбы?

— Аялым жөнүндө андай жаман ойлор жаман адамдын гана оюнда болот. Билимдүү, деңгээли бийик адам өз ордун, ар учурдун күрөө тамырын сезип, билип турат. Жаман нерсе жасайын десе да баары бир окшошпойт.

— Дүйнөлүк классикада эркектердин бас, баритон, тенор сыяктуу үн түрлөрү бар экенин билсең керек. А кыргыз фольклорунда ушуларды кыргызчаласа болобу?

— Эмнеге болбосун? Жоон, коңур жана шаңшыган деп айтып жүрүшөт. Бу да бекеринен эместир. Ырчылардын баардыгы бир кылка эмес да. Бирөөнүкү меникине окшоп шаңшып, үнүнүн кооздугун, көркөмдүүлүгүн көрсөтөт, чыгарат. Мен сахнада көңүлдүү маанай тартуулап ырдаганым өзүнөн-өзү эле билинип турат. Ал эми кандай ырчы экенимди угарман тыңдап, ыр ышкыбозу тиешелүү баасын берет. Ырдоо жагынан өтө катуу сын пикир уккан эмесмин. А сахнадагы жүрүм-турумум, ырдоо манерам жөнүндө башка кеп.

— “Эркин Мээрканов менен Кайрат Кыргыз экөө соо эмес. Булардын ориентациялары кыйшайып кетиптир…” деген сөздөргө эмне дейт элең?

— Чыгармачыл адамдын артынан жаманга караганда жакшы сөздөр көбүрөөк болот. Ошол эле учурда көралбагандар да жок эмес. Мээсин башкара албаган, жүрөгүн тыңшабаган, акыл-эси тайкы адамдар гана оюна келгенди оттоп, ушак таратат. Колу кычышып жамандап жазат, эптеп эле бирөөнү жамандаш керек болот. Ошондой бир төмөн нерсени жазганча өзүнүн ишин бүтүрүп алса мамлекетке, өзүнө пайдасы тиймек. Кээде ошолордун жер жүзүндө жүргөнүнө боорум ооруп кетет. “Жаштар жакшы музыка, маанилүү тема үйрөнсүн” деп аракет кылып жатам. Ал эми негативдүү сөздөр менен курчагандарды кантип оңдоо мага караштуу эмес экен. Орустар “горбатого могила исправит” дейт эмеспи, же кыргызда “жаман адаты өз башы менен кошо кетет” дейт. Анын сыңарындай, мындай адамдарга убакыт коротуп, көңүл буруп бекер. Андан көрө жакшы сүйлөсөң бумеранг болуп кайра сага келерин унутпасак…

— Изденүүң түгөндүбү, түгөнө элек болсо жакынкы арада угармандарды, ыр ышкыбоздорун дагы эмне менен таңкалтырайын деген оюң бар?  

— Изденүү эч качан түгөнбөйт, чыгармачыл инсан күнү-түнү ойлуу, ой чабытта болуу менен өткөрөт. Көрүүчүлөргө, угармандарга жакшы ыр тартууласам дегенде ак эткенден так этери турган иш. Жаңылануунун тез-тез келип туруусу фантазиянын күчтүүлүгүнөн гана пайда болот. Жакшы ыр менен угармандарымдын таңкалтыра алгам. Алдыда дагы-дагы угарман, көрөрмандарымды таңкалтыра турган бийик деңгээлдеги көркөм чыгармаларды тартуулоого баардык күч аракетимди жумшамакмын.

— Бүгүнкү күндө “Жаштык кез” клибиңди канча адам угуп-көрүп койду, бу да чек эмеспи?

— Бүгүнкү күндө “Жаштык кез” ыр абдан жогорку сапатта ырдоого ыңгайлуу болгондуктан бир топ адамдар көрүп, угуштуу. Бешиктеги бала укту, буту баскан наристе, саанчы жеңе, сакалын бубак баскан карыя, жоолугун алдыга салынган апа, деги койчу, баары укту, сан жеткис дейин эми. Уккан адамдар чыныгы чыгармачылыкты баалаган ыр ышкыбоздору экени талашсыз. Негизи баса белгилесем, кыргыз эли таланттарга, ыр-күүгө бай. Муну менен мактана алам!

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Б

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *