Кайрат Осмоналиев, саясий серепчи: “Коомчулук президенттин айткандары ишке ашса деп күтүп жатат”

– Кайрат мырза, Баш­кы прокуратурада иш кандай жүрүп жатат? Президенттин талаптарын бүгүнкү Башкы көзөмөлдөөчү орган аткара алаарына көзүңүз жетеби?

– Башкы прокуратура прези­денттин “көзү” болушу керек. Коррупция менен күрөшүүдө негизги координатор болушу зарыл. Бирок кээ бир прокурорлор өздөрү коррупцияга малынганын кантип жокко чыгарабыз?.. Прокуратурада коомдун ишенимин кетирген, системаны булгаган прокурорлор бар экенин жашырып болбойт. Ошол себептен бул тармакка кардиналдуу люст­рация керек. Башкы проку­рорго президент ошол багытты көрсөтүп, системаны тазалоо керектигин айтты.

– “Коррупция менен күрөшүү менен айткандарын аткаруу үчүн азыркы президентке күчтүү команда керек” – дешет. Президенттин күчтүү командасы барбы?Азыркы командасы менен элге берген убадаларын аткара алабы?

– Азыркы команда прези­денттин үмүтүн актай элек. Укук коргоо органдарынын башчыларынын арасында өзгөрүүлөр албетте болот. Коомчулук жакшы иштей албаган, президенттин сынына кабылган укук коргоо органдары­нын иштен алынышын күтүп жатат. Жыйынтык кандай болоорун күтө туралы…

-Аппарат башчы Фа­рид Ниязовдун кызматтан кетүү үчүн арыз жазышына эмне себеп болушу мүмкүн? Прези­дент менен иштешүүнү туура көрбөй жатышы мүмкүнбү?

– Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы боюнча эч нерсе айта албайм. Ал балким президентке ишеним маселесин койгусу келгендир. Практика жүзүндө эгер кызматкер ишинде жакшы иштесе, баалуу кыз­маткер болсо анын арызы кабыл алынбайт. Жөн гана убактылуу эс алууга чыгат. Бал­ким президент ошол себептен Ф.Ниязовдун арызын кабыл алган жок болушу керек.

– Аткаруу бийлиги учурда кандай иштеп жатат? Өкмөттүн иши президенттин купулуна толот деп ойлойсузбу?

– Коомчулук бүгүнкү ӨКМӨТкө абдан үмүт артып жатат. Тез арада бардык тармакта өзгөрүүлөр болуп кетүүсү, реформалардын жүрүп кетүүсү кыйын. Ошондой болсо да кардиналдуу өзгөрүүлөр атка­руу бийлигинде байкала элек. Өкмөт дагы иштеши керек. Аларга убакыт берилди. “40 кадам” аттуу программасын мисалга алсак, өкмөттүн ал­ган багыты туура деп ойлойм. 4-5 айдан кийин өкмөттүн ишине баа бериле баштайт. Өзүңөргө маалым, жакында эле кээ бир өкмөт мүчөлөрүнө дисциплинардык чаралар колдонулду. Бардыгы иши аркылуу компетенттүүлүгүн далилдеши керектигин түшүнүп калышты. Иштей алба­ган адамдар ордун бошотуп бериши керек. Бул боюнча да президенттин Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан сын сөздөрүнүн жыйынтыгын күтөлү…

– “Парламент тарайт” деген сөздөр айтылууда, парламент тарашы мүмкүнбү?

– Парламент тарашы мүмкүн эмес. Жакынкы арада тарабайт. Тарашына эч себептер жок.

Маектешкен Мирлан АЛЫМБАЕВ

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *