Кайыргүл Жоошбаева, врач: Йод жетишпеген балдардын кабыл алуусу, окуудагы жетишүүсү да начарлайт

Биздин климатыбызга, жашоо шартыбызга байланыштуу йод жетишсиздигинен богок оорусуна чалдыккан бейтаптар көп. Анын белгилери кандай? Йод жетишсиздиги биздин өлкөдө кандай абалда? Бул суроолорго КР саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринологиялык борбордун бөлүм башчысы Кайыргул Жоошбаева жооп берди.

– Йод жетишсиздиги боюнча Кыргызстандын абалы кандай?

– Баардыгына маалым болгондой, йоддун жетишсиздиги деңизден алыс жайгашкан тоолуу аймактарда байкалат. Ал эми биздин республика эки тоо системасынын аралыгында жайгашкан. Географиялык жайгашуусу боюнча Кыргызстан деңизден алыс жайгашкандыгы жана тоолуу аймак болгондугунан йоддун жетишсиздиги баардык аймактарда байкалат. Кыргызстан жайгашкан эндемикалык аймакта жаратылыштан алалбаган йодду жасалма жол менен алып туруш керек. Ал айрыкча кош бойлуу аялдар менен балдар үчүн маанилүү.

– Йод адам организмине эмне үчүн зарыл?

– Йод-бул эң керектүү минералдык элемент, аны биз тамак-аш, суу, аба аркылуу сырткы чөйрөдөн алабыз. Йод калкан безге келет да, бездин жардамы менен трийодтиронин (Т3) жана тироксин (Т4) гормондору чыгып, синтезделет. Бул эки гормон организм үчүн өтө маанилүү. Алар мээнин иштешине, аялдын аял болуу функциясына, зат алмашууга, жүрөк кан тамыр системасынын иштешине зарыл. Мээде буларды жөнгө салып туруучу гормонду тиреотроптук гормон (ТТГ) дейбиз. Ал жетишсиз болгондо организмдин өсүүсүн, зат алмашууну, акыл-эстин иштөөсүн үзгүлтүккө учуратат.

Чоң адам күнүнө орточо 150-200 мкг йод кабыл алып туруш керек. Ал эми кош бойлуу аялдарга күнүнө 290 мкг чейин зарыл.

– Азыркы учурда йод жетишсиздигин кантип аныктоого болот?

– Эң биринчи калкан бездин көлөмүн кол менен пальпация жолу аркылуу кармалап, андан кийин ультрадобуштук изилдөө менен да аныкталат. Йод жетишсиз болгондо калкан безинин ар кандай ооруларына алып келет. Йод кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга, ошондой эле өспүрүмдөр жыныстык жактан жетилип жаткан мезгилде өтө маанилүү. Анткени кош бойлуу кезде түйүлдүк үчүн да йод зарыл, эмизип жатканда баладагы йод жетишсиздигинин алдын алууга болот. Мындай чаралар баланын акыл-эсине байланышкан ар кандай тубаса оорулардын алдын алат.

Ошондуктан эндокринологдон кош бойлуулар жана аны пландап жаткандар текшерүүдөн өтүп коюш керек. Йод жетишпеген балдардын кабыл алуусу, окуудагы жетишүүсү да начар болот.

– Йод жетишсиздигинин белгилери кандай?

– Йод жетишсиз оорулары көп түрдү эндемиялык бопж оорусу, гипертиреоз, шишиктүү (узловой) богок оорусу болуп бөлүнөт. Ар бир оорунун өзүнүн белгилери бар. Эндемиялык богок оорусу болсо моюнду кысат, баш ооруйт, эске тутум начарлайт. Гипотиреоздун белгилери уйку келет, денени шишик басат, алы кетет, үшүйт, дене кургайт. Гипертиреоздо адам арыктайт, тердейт, жүрөгү тез-тез согот, ыйлагысы келет, ж.б. Шишиктүү болсо көбүнчө кокусунан ультрадобуштук изилдөөдө табылат.

Йоддун жетишсиздигинин белгилери билинбей башка оорулар сыяктуу өтө бериши мүмкүн. Мисалы, каны аз болуп, ичи катып, башка ооруларга окшошо бериши мүмкүн, бирок анализ тапшырып гормондордун деңгээлин билип алыш керек. Дарыгер ошого жараша дары жазса, аны калтырбай ичүү зарыл.

– Кайсы азыктарда йод көп болот?

– Богок ооруларын массалык алдын алуу үчүн тузду йоддоого туура келет, анткени тузду баардыгы колдонот жана арзан. Суткалык муктаждыкты алуунун негизинде керектүү өлчөмдө эле колдонсо болот. Албетге, биз деңизден алыс жайгашкан үчүн бизде өскөн өсүмдүктөрдө, жашылча-жемиште, азык заттарда, малдын этинде, абада, сууда йоддун көлөмү аз. Ошондуктан, сыртган келген деңиз продукцияларына (деңиз балыры, балыктары ж.б.) муктажбыз. Ошондой эле айрымдар дарылоо ыкмасы катары сүткө йод тамызып ичишет. Бул туура эмес. Анткени, ал тамчы болгону менен бир айлык йоддун дозасына бара-бар. Туз салган идиш күндөн алыс болуусу зарыл, анткени йод учуп кетүү касиетине ээ.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *