Калдарбек Баймуратов, “РАЖ” фракциясынан ЖК депутаты: “Кооптуу жерлерде, ашууларда телефон тартпай калганы өкүндүрөт”

— Калдарбек Шакирович, жерди пайдалануу боюнча мыйзам долбооруна айрым өзгөртүүлөр киргизилип, уюлдук телефондорду тейлеген компанияларга сугат жерлерди пайдаланууга берүү жагы сунушталып жатыптыр. Сиздин оюңузча, бул канчалык туура болот?

— Депутаттар кайсы гана жерге барбайлы, эл “биз өз тиричилигибизди кылып жатабыз, жашообуз Кудайга шүгүр, бирок балдар, байланыш маселесин чечип  бергилечи, телефон тартпай жатат” дешет. Өзүңүздөр билесиздер, калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү тоо арасында, сууга жакын жылгаларда жашашат. Андай жерлердин баарында байланыш жагынан проблема бар. Мисалы, Бишкек-Ош жолун ала турган босок, Сосновкадан баштап тоннелге чейин кээ бир жерлерде телефон тартат, кээ бир жерлерде тартпайт. Суусамырдын теңинин баштап тартпайт дагы Өтмөктүн тушуна жеткенде бир аз алат. Андан ары Чычкандын ичинде, Көк-Белден Кара-Көлгө чейин да албай калат. Кара-Көлдөн бир аз тартат дагы, кайра Таш-Көмүргө чейин тартпай калат. Ошон үчүн биз “силер антенналарыңарды мектептердин котельныйларына, аскер комиссариаттарынын антенналарына жармаштырып алып колдонуп атасыңар. Канча компания ачылганы менен камтуу диапозонуңар кеңейген жок” деген маселени койдук. Чет элдерге, мисалы, Кытайга барсаң телефон тартпаган бир да жер жок, тоонун арасында, тоннелдерде да тартат. Бизде да Бишкек-Ош трассасынын баардык жеринде телефон тартышы керек болчу. Жолдордо автокырсыктар болуп, медициналык жардамдар керек болуп калышы мүмкүн. Же болбосо машина бузулуп, техникалык кызматтар керек болушу ыктымал. Анан стратегиялык Бишкек-Ош жолунда тартпаган телефон кайсы жерде тартат? Булар болсо  антенналарды чокуларга орноткондун ордуна сугат жерлерди сурап келишти.

— Чокуларга орнотпогонунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Чокуларга койбогон себеби, түз жерлерде свет бар, коммуникация бар. Алар акчасын коротуп тээ тоонун башына свет тартып баргысы келбейт. Ал жерге бир персоналды отургузуп, антенналарды тейлегени үчүн ага айлык төлөп турушу керек. Баары эле: токой чарбасы да, жогорку чыңалуудагы чубалгыларды тарткан электриктер да сугат жерди сурап алып жатышат. Ар бирине он сотых, жыйырма сотыхтан бере берсе, айыл өкмөттөрүнүн жери эмне болот? Эгин каякка себилет, эл эмне жейт? Антенналарын эл пайдаланбаган бийик жерлерге орнотушсун. Ошондо сугат жерлерге көз артуунун зарылчылыгы болбой калат, телефондор да баардык жерде тегиз тарта баштайт.

 Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *