Калык Акиевдин 135 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду

2018-жылдын 21-февралда Кыргыз Республикасынын китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө Кыргыз эл артисти,  төкмө акын, чебер комузчу Калык Акиевдин туулгандыгынын 135 жылдыгына арналган

“…Кайран Калык ырчы эле,

болоттой болгон курч эле…”» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду, – деп маалымдады Улуттук китепкананын пресс-кызматы.

Кыргыз элинин атактуу эл ырчысы, алп акын чебер комузчу К.Акиев 1983-жылы Жумгал районунун Кара-Ой айылында туулган. Ал ата-энесинен эрте ажырап, жетимчиликтин азабын тартып, башынан өткөргөн азаптуу оор күндөрүн баяндаган “Жер кепеде өткөн күн”, “Саламдашуу”, “Эл менен учурашуу”, “Чыйбылдын үйүндө” аттуу ырларынан, өзгөчө революцияга чейинки өзүнүн өмүр жолуна, ырчылык тагдырына арналып жазылган “Баскан жол” деген чыгармасынан таасын байкоого болот.  ,Акындын ырчы катары эл оозуна алынып кетишине айыл арасынан уккан ырлар, уламыштар, жомоктор, санжыра, акындардын айтыштары таасирин тийгизген.

Алгач ал Калмырза, Эшмамбет, Жеңижок, Айдаралы өңдүү ырчылардан таалим алып ырчылык өнөрүн өркүндөткөн. Калыкка туура багыт берген, чындыкты таамай ырдоого, карапайым элдин турмушун тартынбай айтууга үндөп, көркөм сөздүн устаты катарында калың журтка тааныткан классик акыныбыз Токтогул болгон.

Эки акындын «Саламдашуу», «Карымшактыкындагы ыр», «Анжыян тарабында», «Бакачы дыйкан Кебекчи» деген алым сабак айтыштары бар.

К.Акиевдин «Калыктын ырлары»(1936-1938), «Өлбөс баатыр»(1940), “Ырлар жана поэмалар” (91940), «Ырлар жыйнагы» (1948,1949, 1950) деген ырлары бир нече жолу басылып чыккан. Анын айтуучулук шыгы «Жаныш-Байыш», «Кедейкан» эпосторунан, «Ак Мөөр», «Карагул ботом», «Өмөр жана Болот», «Өлбөс баатыр», «Шырдакбек», “Карач дөө”  аттуу эпикалык поэмаларынан, дастандарынан көрүнгөн.

Көп кырдуу, терен сырдуу чебер акындын төкмөлүк талантынан башка да, чоң комузчулук, куудулдук өнөргө да ээ болгон.

1926-жылы борбордо ачылган театрда иштейт. 1936-жылы филармония уюшулганда ага которулуп өмүрүнүн акырына чейин үзүрлүү эмгектенген.

Атактуу залкар комузчулар, төкмө акындар Муратаалы, Осмонкул, Шаршен, Карамолдо Алымкул, Ыбырай, Актан, Атай, Чалакыз, Муса, Молдобасан, Саякбай өндүү залкар  таланттар менен үзөнгүлөш жүрүп өнөрүн өркүндөткөн. Эл аспаптар оркестринде кыякта ойноп, П.Ф.Шубинден музыкалык сабатын жоюп, нота менен ойноого жетишет.

«Кер Өзөн», «Байге», «Түнкү күзөт» деген күүлөрдү кыл кыяк менен тартса, Карамолдонун «Насыйкат», Муратаалынын «Камбаркан», Токтогулдун «Миң кыял» аттуу классикалык күүлөрүн кол ойнотуп комуз менен черткен.

К. Акиевдин адабият жана элдик музыкага синирген эмгеги үчүн  ага Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам берилген. Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордендери, Эмгектеги каармандыгы үчүн медаль, грамоталар менен сыйланган.

Калык Акиевдин ысымы кечелерге, мектептерге берилген.

Көргөзмөгө Калык Акиевдин китептери, айтыштар, кошоктору, жомоктору, поэмалары, дастандары, эскерүүлөр, арноолор, иликтөөлөр, газета-журналдык материалдар жайгаштырылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *