Калыс сөзүн айткан улуулар сыйдан калбайт

Илгери кандайдыр бир салтанатка таанымал аксалдарды чакырмайынча келчү эмес. Наркын жоготпогон улуу муундагылар келсе да ашыкча сүйлөбөй уюткулуу сөзүн айтып, дасторкондо отурганда да эки жагын абайлап карап, жөндүү сунуштары менен эсте калышар эле. Биз негизи ошондой муундун жакшы жактарын сактап калууга ниетибизди бурдук. Азыр ошондой урматка татыктуу болгондордун саны азайып калды.

Учурдагы бороон-чапкынды жараткан айрым “саясаттан” кеткиси келбеген, ал тургай дале болсо бир койчолук алым бар дегендер аша чаап кетип жатканы алаканга салгандай байкалат. Эптеп эле бирөөнүн көзүнө көрүнүп калсам экен деп аракеттенген аксакалдар жайнап кетти. Ошол эле жетимиштен ашып калган, сексендин чайын ичип жаткандар бир жактуу пикирин айтканда ичиң сыйрылат. Албетте, айрымдарга мындай сөз майдай жагаары белгилүү. Ошентсе да карапайым калайык андай тилин чайнап сүйлөгөндөрдүн адатына башын чайкап тим болушат. А бирок, булар кулактарын шамалга тосуп эле турушат, дагы кайсыл чоң чакырар экен деп. Чамасы бул “илдетке” айланып баратат окшойт. Арийне, топук аксакалдар андай жерге чакырса да барбайт.

Өткөндө сыйлуу делген жерге мурдагы билермандарды, азыр да ишке жарамдууларды ажо чогултуп, кыйлага кызуу маек курушту. Ошондо көндүм адатына салып бата берчүлөрдүн жүзүн жалгыз эле Адахан Мадумаров сыйрып салып, баарын кыжаалат кылды. А бирок, көзгө сайып сүйлөгөндөн түк кайра тартпаган ушул кыраан жигит кептин ачыгын айтып, айрым эстүү карыларга эскертүү ыргытты. Эгерде ошолордун ичинен экөөнө оң таасир берсе анда көз караш жакшы жагына оойт дегенге негиз бар. Бир жарк эткен жагы менен байкалбаган Турсунбек Чынгышев, Апаз Жумагулов, Феликс Кулов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудиновдор өлкөгө эмес өздөрүнө гана байлык топтогон. Ушуларды бийликтегилер мындан ары тизмеге киргизбей эле койушса абдан туура болмок. Ал эми Адахандын калемпирге чыланган сөзүндө кызылдай чындык бар. Көрсө ашыра мактагандан көрө катуу, туура сындоодон бийлик башындагылар чыйралышы керек экен да. Аттиң, көп учурда сындаган кишини душманындай көрө бергени да бар. Адилеттүү падыша тескерисинче сынга маани берип, оң жыйынтык чыгарышы кажет.

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *