Камактагы Мурат Суталиновдун абалы оорлошкону сөз болууда

КурСалиевичтин доорунда алгач ИИМди, андан соң төрт жыл бою атайын кызматты жетектеген «свадебный генерал» Мурат Суталинов эски бийликтин тушунда элге колу менен жосунсуз жоругун көрсөтүп, эсире көппөдү беле? Жоругу жолдо калгыр бул эргул 7-апрелдин шарапаты менен оор жаза алып, 20 жылга кесилип кеткени бар. Учурда абактагы абалы оорлошуп, бир катар катуу дарттарга чалдыкканы, буга чейин бөйрөгүн алдырса, жакында да ички органдарынын биринен жабыркап, натыйжада, кесели оорлошуп кеткени сөз болууда. Баса, анын мындай аянычтуу абалына абактагы «карасы» менен «кызылдары» да түшүнүү менен сый мамиле кылышып, каарманыбызга түйшүк жаратышпай, түзүк көз карашты карманып жатышканынан кабардар болдук. Албетте, мындайды ылайым пенденин башына салбасын. Ошондуктан Суталиновго моралдык жактан колдоо иретинде ден соолук каалап, ылайым мойнундагы жазасынан эртелеп бошонуп чыгышына тилектешпиз.

Булак: «Азия ньюс»

1 ой-пикир

  • Алмазбек says:

    Мурат Суталинов менен Кулматов 2010-жылдагы революциянын негизги ишке ашыруучулары. Эмнеге мындай акыбалга туш болду, таптакыр тушунуксуз. Же саткындарды ушундай кылабыз дедиби? Мурат Суталинов болору болду деп туруп мемуар жазып койсо, коп иштин бети ачылмак.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *