Камактагы тажик адвокаты атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан жок

Тажикстанда белгилүү жазуучу, камактагы адвокат Бузургмехр Ёровдун атасы Равшан Ёрмухаммад 76 жаш курагында дүйнө салды.

«Атабыз өлөрдө жанында балдары болгон жок. Биздин үй абакка жакын жайгашкан. Өлөрүнө бир күн калганда ал мага чалып, биз үчүн абдан кабатыр болуп жатканын айткан», -деди жазуучунун кызы Хосият Ёрова.

Хосият Ёрованын айтымында, атасынын сөөгү туулуп өскөн жери Жалолиддин Балхи районунда жерге берилет.

Бузургмехр Ёров – Равшан Ёрмухаммеддин тун уулу, 2015-жылдан бери камакта. Бузургмехрдун карындашы жана иниси – Хосият менен Жамшед куугунтуктоолорго байланыштуу өлкөдөн чыгып кетишкен.

Хосият Ёрова билдиргендей, атасы ооручу эмес, бирок уулу камалгандан кийин мүңкүрөп калган.

Равшан Ёрмухаммад 2016-жылы декабрда Бузургмехр камалгандан кийин жалгызсырап калганын, «Махмуд Газнави» романынын акыркы барактарын жазып жатканын билдирген.

Тажик жазуучусу Равшан Ёрмухаммад убагында журналист болуп дагы иштеген. 1998-2003-жылдары Тажикстан Жазуучулар биримдигинин төрага орун басары болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *