Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери: “Ар бир адам кошоматчылык менен колдоонун айырмасын билиш керек!”

-Камчыбек Кыдыршаевич, мына азыр, ушул тапта коомчулукта Сооронбай Жээнбековдун президент катары бир жыл ичинде жасаган иштери кызуу талкууга алынып жатат. Андыктан, алгач, маегибиздин башында бул маселеге карата сиздин дагы ой-пикириңизди билип алсак. Сооронбай Жээнбековдун ушул бир жыл аралыгында жасаган иштери элдин бийликке болгон ишенимин калыбына келтире алдыбы, эң башкысы, жаңы ажонун аты менен байланышкан үмүттөр акталып жатабы?

– Ооба, коомчулуктун берген баасы ар түрдүү болуп жатат, айрым саясат талдоочу, коомдук ишмерлердин “чоң реформалар болбой жатат, экономика өскөн жок”- деген кыйкырыктарында калп айткан менен болобу, чындыктын үлүшү бар. Мурдагы эле инерция менен бараткандай сезилиши мүмкүн. Бирок, мына ушул жаңы бийликтин бир жылынын тушунда биз өзгөчө чоң саясий кырдаалга туш болдук. Сооронбай Жээнбековду “жетеленме президент кылабыз, дачада жатып алып эле башкара беребиз”- деген мурдагы мамлекетти жетектеген бир ууч топтун кытмыр ою бар экени азыр даана ачыкка чыкты. Башта эл тарабынан шайланып, ишке киришкен жаңы ажонун абалы абдан оор болчу, колу-буту чынжырланып, экс-президенттин капканынан чыга албачудай көрүнгөн. Келечек үчүн, кийинки урпактарга гүлдөп-өнүккөн мамалекетти калтыргысы келсе, Сооронбай Шарипович эң алды мына ушул чынжырларды үзүп, бошонуп алышы зарыл болчу. Президенттин бир жыл ичинде болгон убактысы, акылы мына ошол туңгуюкка каптап, туш-туштан таландыга алган эски бийликтин саркындыларынан кутулууга, “досум”- деген менен Жээнбеков аркылуу кайрадан мамлекетти өзү каалагандай башкаргысы келген Атамбаевдин алдыртан даярдап койгон тузагынан арылууга кетти. Ошол эски бийлик “өрттөп кеткен” көпүрөлөрдү оңдоого, б.а. тышкы саясаттагы өнөктөш мамлекеттер менен бузулуп бүткөн мамилелерди калыбына келтирүүгө канча мээнет жасады. Жыйынтыгында, эч кимге көз каранды болбогон, саясий жактан элдин таламын талашкан чыныгы Журт атасына ээ болдук. Кыргызстанды талап-тоногон эски элитаны сүрүп чыгарып, өз алдынча, даана эл талап кылган маселелерди чечүүгө багыт алганы  жакынкы убактарда өлкөнүн бардык тармактарында өнүгүү болорунан кабар берип турат. Өнүгүүнүн убактысы мына, келе баштады….

– Президент шайлоонун тушунда элге берген убадасында туруп, коррупцияга каршы катуу күрөш ачты. Өтө чоң резонанстуу кылмыш иштеринен алкагында мурда премьер-министр болуп турган адамдар камакка алынды. Майда чабактар да топ-тобу менен колго түшүп жатат. Бирок, эски бийлик башында тургандар “коррупцияга каршы күрөш тандалма 6олуп жатат, мунун 6аары саясий куугунтук, Кыргызстанда жашоо коркунучтуу болуп калды”- деген обонду созушууда. Ажо баштаган коррупцияга каршы күрөш сизди канаттандырдыбы?

– Коррупцияга каршы күрөш жогору жактан башталганда гана андан майнап чыгышы мүмкүн. Себеби, жогорку жетекчиликтин саясий эрки болбосо, мурункудай эле илең-салаң көрүнүштөр орун ала берет. Бул жагынан президент Сооронбай Жээнбеков мурда болуп көрбөгөндөй кадамдарды жасап жатат.

Жемкорлукка каршы күрөштө саясий эрки, керек болсо, премьер-министрди да жоопкерчиликке тартууга жетерин далилдеп берди.Элдин ырыскысын жеген болсо, досу, тууганы, мурда өлкө үчүн чоң салым кошкон адам экендигине да карабастан жоопко тартыларын коомчулуктун көзүнчө көрсөттү. Бирок, президент канчалык туура кадам жасабасын, азырынча бул күрөштөн эл күткөн майнап чыкпай жатат. Камакка чейин барышты, бирок андан кийин дымып калат, жеп-ичкендерин элге жарыя кылынган деңгээлде кустурушканын да байкабадык. Чын эле миллиондогон долларлык мамлекетке чыгым жасагандары айтылып, камалып жатат, бирок, коррупцияга каршы күрөштөн атайын эсепке түшкөн каражатты карасаң, күлкүң келет. Эмнеге ушундай болуп жатат? Себеби, коррупцияга каршы күрөштүн башында турган кадрлар начар. Алардын көпчүлүгү учурунда жемкорлукка жакын экендиги жарыяланып келген. Анан коррупцияга каршы күрөштү коррупционер кадрлар кантип жүргүзөт? Өздөрүн өздөрү камайбы? Элдин канын мите курттай соруп, ичип-жегенден башканы билбеген кемчонтой кадрлардан арылбаса, коррупцияга каршы күрөш жемишин бербей, азыркыдай дымып тура берет.

– Бийликтин кадр саясаты кандай жүрүп жатканын сиз дагы жогоруда айттып өттүңүз. Аныгында, коомчулукта бул жаатта нааразылыктар акыркы кезде көп айтыла 6аштады. Өзгөчө, кайсы бийлик келбесин аттан түшпөгөн, кошоматчылыкты адатка айлантып алган, күн тийген жердин күкүгүндөй болгон адамдардын кайрадан зоболосу көтөрүлүп, президенттин амири менен дүжүр кызмат ордуларына барып жатышы кимди болбосун күйдүрбөй койбойт. Сизге да ушундай туюлуп жатабы?

– Мен бул маселе боюнча президентке акыл үйрөткүм келбейт, себеби, ал киши өзү да баарын көрүп, туюп турат. Бир гана таң калыштуусу, “эл-журт үчүн жанымды үрөп иштейм, элимдин эртеңки келечеги үчүн керек болсо бардык күчүмдү жумшайм, жанымды да аябайм, коррупция кылбайм”- деген канча азамат уул-кыздарыбыз жүрөт, эмне үчүн алардын бири да кызматка тартылбай жатат? Алардын “жаңы, адилеттүү бийлик келсе, биздин да керегибиз тийип, эл-журтка кызмат кылабыз”- деген үмүтү акталбай жатат. Ошол эле кезде, атын атасаң элдин итиркейи келген кошоматчы кадрлардын күнү тууй баштаганы калппы? Булар эч качан элге да, бийликке да жакшылык кылышпайт, эптеп күн өтсө болду. Мунун баарын бир адам гана калыпка сала алат. Кадр саясаты элди нааразы кылбагандай чечилиши керек. Кечээ күнү Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди саткан адамдар эртең Жээнбековду сатпайт дейсиңерби? Биринчи болуп дал ушул күнкарама, кошоматчы, саткын, жегич кадрлар жамандап чыгышат. Азыркы күндө бул арзыматтар бүгүнкү бийликке жагыныш үчүн эмне деген гана сөздөр менен мактап, а кеткен бийликти жамандап жүрүшөт. Ошол кошоматчылар убагында Атамбаевге сөз айтуудан коркуп, аны мактап-жактап, даңктап келишпеди беле?!

-Бизде, кыргыз саясатчыларында акыркы кезде жаман адат пайда болду. Бардыгы болбосо да, көпчүлүгүнө мүнөздүү бир сапат бар, ал кечээ чогуу, командасында иштеген адамды сатып кетүү. Бүгүн экс-президент Атамбаевди жамандап жаткан адамдардын көпчүлүгү да анын тушунда чоң кызматтарда иштегендер. Жаңы бийликке жагалданыш үчүн экс-шефин жерге уруп жатышканы элге билинип эле турат. А чындыгында Атамбаевди жамандап чыкканга мына сизде моралдык укук бар болчу. Себеп дегенде, анын тушунда өзүңүздү ойдон чыгарылган иш менен камап чыгышты, мандатыңызды тартып алды, үй-бүлөңүз абдан оор куугунтукту кечип өттү. Ошентсе да, эмнеге Атамбаевди жамандап жаткан хорго кошулгуңуз келбейт?

– Менин башынан эле өзүмдүн мүнөзүм ушундай, мен жерде жаткан адамды эч качан тепкилебейм. Андан көрө, эгерде мыйзам бузгандыгы, жеп-ичкени далилденсе, толук жоопкерчиликке тартуу зарыл, керек болсо камасын. Бирок, кечээ күнү Атамбаев менен табакташ болгондор, аны журт атасы деп жүргөндөр кыйкырып жатса, чын эле абдан осол угулат экен. Булар келечек муунубуз, балдарга эмне тарбия көрсөтүп жатышат? “Аа, мына, кызмат үчүн кимди болсо да сатыш керек болсо, коркпой сатып кете бер”- деген саясий маданиятты жайылтып жатышабы? Бизге мына ушундай адепсиз саясий элитанын мураска калганына албетте, мурунку бийлик ээлери күнөөлүү. Журт башкарган адам кошоматчылык менен колдоонун айырмасын билиши керек. Кечээ эле тигил коктуда жүрүп, бүгүн эле башка коктудан чыга келип сени мактап, мурунку жайлуу коктусун жамандап кирсе, андай адамдардан коркуш керек. Булар буга чейин мактап жүрүп канча президентти жутуп тынганын ойлой жүрүү абзел. Дагы бир жолу кайталап айтам, бул адамдар эч качан Жээнбековго жакшылык кылбайт, эгерде, Кудай анын жүзүн нары кылсын, эртең ээрден тайа баштаганын сезе баштаса, дароо, ойлонбостон сатып кете беришет. Буларды саясаттагы хамелеондор десек туура болот.

Ал эми Атамбаевге келе турган болсок, ооба, мен да чыгып алып аны тепкилесем жарашат. Бирок, андай пастыкка баргым келген жок. Ошентсе да, дагы бир жолу айтып коюшум зарыл, Атамбаевди жамандап кыйкыра бербестен, текшерип, мыйзам бузганы далилденсе, эркелетип олтурбастан, камашпайбы. Эмнени күтүп олтурушат?

– Алмазбек Атамбаев “Апрель”телеканалына берген маегинде сиз жөнүндө да эки-үч жеринде айтып өттү. Мурдагыларында да тийишип жүргөнүн билебиз. Эмне үчүн Атамбаев кандай сөз болбосун, сизди кошуп сүйлөгөндү жакшы көрөт?

-Анын ар дайым мени кошуп сүйлөгөнү – Атамбаев менден коркот! Ал мурда “”Москва, Ташкентте эгерде өкмөт үйүнүн кашаасынан ашып өтсө – атып таштайт” – деп айтчу, кечээкисинде Американын Ак үйүн да кошуп алыптыр. Мен ал кишинин логикасын түшүнбөйм. Мен “Кумтөр” маселесине кайдыгер караган бийликтин, коомчулуктун көңүлүн бул маселеге буруу максатында өткөн митингдин катышуучуларына тосмонун ички тарабынан ок жаадыра баштаганда ошол жерден качып кетпестен же жатып калбастан, аларды коргоп, аман-эсен алып чыгуу максатында Ак үйдүн кашаасын аттап өттүм, ошону менен бирге алардын бирин да калтырбастан, тынч алып чыгып кеттим. Ошол эле кезде 2010-жылдын 7-апрелинде Атамбаевдер алып чыккан жоон топ митингчилер Ак үйдү көздөй ок атып, дарбазасын талкалап кирип барып, бүт толук талоонго алышпады беле? Атамбаевдин бизге койгон доосунун логикасын карасак, анда алар 7-апрелде Бакиев бийлигин мыйзамды бузуп, кулатканбы? Мыйзам бирөө эле, ал эч качан эки башка мааниде колдонулбашы керек. Мени айыптап жектегенди жакшы көргөн Атамбаевдин өзүн анда эмнеге токсонго жакын эр-азаматтардын өлүмүнө алып келген апрелдеги ызы-чуусу үчүн жоопко тартпайбыз?

– Маегинде Атамбаев:“Сооронбай Жээнбеков менин жолум менен эмес, Бакиевдин жолу менен баратат”- деп азыркы ажону күнөөлөдү. “Бакиевдин жолу”деп ал кайра эле түндүк-түштүк темасын козгоп, чайпагысы келип жатабы?

– Атамбаев өзүнүн саясий келечеги үчүн арык чаап жатат. 7 жыл бийликте турду. Бакиев оозунан түшкөн жок. Экономикасы өнүкпөй жатса да, Токтогулда суу азайып кетсе да, баарына Бакиевди күнөөлөп келди. Азыр да Сооронбай Жэээнбековду Бакиевге жабыштырып жамандаганга өттү. “Ушинтсем аны жаман көрө башташат”- деп ойлосо керек. Мунун баары элди бөлүп-жаруу аракети. Кечээ мамлекет башкарган адам мындай жеңил ойлуу болбошу зарыл. Түндүк-түштүк деген жомок капкачан бүткөн. Эл эч качан бөлүнбөйт.

– Бүгүн эки адамдын башы кошулган жерде эле “жазында АША революция жасаганы камданып жатат”- деген сөз талкуүга түшөт. Атамбаев бул опурталдуү жолго барышы мүмкүнбү? Колунан дагы бир ирет революция жасоо келеби?

– Колунан келеби, келбейби, ал экинчи маселе. Эгерде ал мамлекеттин келечегин ойлогон адам экени чын болсо, буга барбашы керек. Анткени, башкысы, өлкөгө тынчтык жана туруктуулук керек. Саясий араздашуулар маданий жол менен гана чечиле турган коомго жетип калдык. Ким болбосун, өлкөдө ызы-чуу жаратып, төңкөрүш жасоо ниети болсо, ага каршы туруу бардыгыбыздын милдетибиз.

– Экономикадагы кырдаал боюнча, маектин башында учкай кеп салдыңыз эле, эми кенен токтололү. Мухамедкалый Абылгазиевдин өкмөтү да президент Жээнбековдун ишеними менен иштеп келе жатат. Алар ажонү уят кылбагандай иш жасай алыштыбы? Кандай баа 6ересиз өкмөттүн ишине?

– Өкмөт ар дайым сындын үстүндө келген. Бизде өкмөткө сын айтылбаш үчүн элдин турмушу оңолушу керек, жумуш орундары ачылып, чет жакта мигрант болуп жүргөн мекендештер кайтып келиши зарыл, пенсия-пособие, айлык акы жашооңо жете тургандай берилип турушу эп. А бүгүнкү өкмөт эмне кылып жатат? Алардын кылган ишинен дайын жок. Бир жакшы иши көрүнбөйт! Анан кантип бул өкмөттү жакшы деп, мактайбыз? Кыргызстандын калкынын 95 пайызы өкмөттүн ишине нааразы. 6 миллион калк болсо, анын 5 млн 800 миңи өкмөткө “нөл” деген баа коёт. Калган 200 миңи да өкмөттө баласы, кызы, же туугандары болгон үчүн эле аргасыздан колдошу ыктымал. Кыскасы, алар 18 миң мамлекеттик кызматтагы адамдардын тууган-уругу. Мындай болуп аткандан кийин, колунан иш келбеген өкмөттү кармап туруунун эмне зарылчылыгы бар? Экономикалык өсүш 2,7% болсо, инфляция 10 пайыздан ашып кетти, бул көрүнүш: “өсүш жокко эсе, а кымбатчылык аша чаап кетти”- дегенди билдирет.

– Президент коомдук активисттер, жаштар, экс-спикер, экс-премьерлер менен жолугушканда коомчулуктун абакта жаткан саясий туткундарды чыгаруу маселеси көтөрүлдү. Муну карапайым адамдар да күтүп жатат. Элдин талабы болуп жаткандан кийин эмнеге Жээнбеков аны аткарууга ашыкпай жатат?

– Президенттин “соттордун ишине кийлигишпейм, бирок ортодо арбитр катары карам турам, эгерде туура эмес чечим кабыл ала турган болсоңор, керт башыңар менен жооп бересиңер”-деген позицияда тургандыгы туура. Анткени, эгерде бүгүн ажо “эл талап кылып жатат”- дегенге шылтап сотторго команда берип, абактагы саясатчыларыбызды чыгарып ийсе, кийин, соттордон саясатчыларга чыккан чечимдердин баарына өзү жоопкер болуп калат. Ал баары мыйзам жүзүндө ишке ашышы керектигин айтып, эң туура позицияны карманууда. Бирок, саясий туткундар маселесин чечиш керек. Себеби, алардын баары Атамбаевдин тушунда куугунтукка алынган, сындаган сөздөрү үчүн камалып кеткен. Мына азыр айрымдарынын иши Жогорку сотко жете элек, кээ бирлер жаңы ачылган жагдайларын айтышууда. Ушул жагынан аларды абактан чыгарып алуунун юридикалык жолдорун таап, тезинен бул маселени чечүү зарыл. Акыйкаттуулук калыбына келтирилиши эп.

– Досуңуз Садыр Жапаровдун ишин соттор жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карай баштаптыр го. Андан кабар алып турасызбы?

– Түрмөдө бир гана досум Садыр Жапаров эмес, башка да үзөңгүлөш, жакшы мамиледе жүргөн кыргыздын азамат уулдары, саясатчылар олтурушат, устатым Бекболот Талгарбеков бар. Мен ошолордун баарынан тегиз кабар алып турганга аракет жасап жүрөм. Көп ирет жолуктук дагы. Анын ичинде өзгөчө Садыр досумдун тагдыры ойлонтот. Ошондуктан кабар алып, үй-бүлөсү менен да баарлашып, байланышып турам.

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Булак: Майдан

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *