Камчыбек Ташиев: Орозодон кийин айтчу сөздөр көбөйүп кетти…

-Камчыке, Алмазбек Шаршенович тарабынан сизге сунуш түшкөнү кеп болууда. Эмне мааниде? Мындай маалыматтардын чын-бышыгын тактап койбойсузбу?

– Мага эч кимден эч кандай сунуш түшкөн жок. Бул боюнча сунуш болушу да мүмкүн эмес. Мен андай маалыматтарды төгүнгө чыгарам. Бирдемени жазарда кичине кайрылып, тактап коюш керек да. Биз азыркы президентибиз Сооронбай Шариповичти колдогонбуз жана алдыда да колдойбуз. Бул кишинин мамлекеттин түйшүгүн көтөрүүдөгү ишине тоскоол болбой, убакыт берели.

– Коомчулукка ачык чыкпай, маек бербей, сыпааланганыңызда кандай сыр бар? Же ортодогу мындай жым-жырттык кызмат күтүүнүн тыныгуусу болуп жатабы?

– Орозо бүтсүнчү үкам, ошондо кеңири интервью берейин. Айтчы сөздөр али алдыда. Кеп кылчу сөздөрүбүз көбөйүп кетти. Кичине сабырдуу боло тур.

– Устатыңыз Бекболот Талгарбековдон кабар алып жатасызбы?

– Мен Бекболот Талгарбековичтен ар убак кабар алып, үй-бүлөсү менен байланышып турам. Жакында да өзүнө кирип, жолугуп чыктым. Кудайга шүгүр, абалы жакшы, духу «боевой»! Буюрса, Бекболот агабыздын чыгаар күнү алдыда деп билем. Мен анын тезинен эркиндикке чыгып алышына тилектешмин.

Калыгул Бейшекеев

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *