Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков бүгүн тил боюнча сынактан өтүшөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө планына ылайык бүгүн 9-августта төрт талапкер сынактан өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, алгач талапкер Каримов Алмазбек Ташполотович саат 9:00дө тестирлөө жайына кирет. Андан соң Уметалиева Токтайым Джумаковна саат 10:30да, Келдибеков Ахматбек Келдибекович саат 13:30да жана Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич саат 15:00дө тест тапшырып башташат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *