Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Жээнбеков Атамбаев менен достук шертин сактады, бирок Атамбаев Жээнбековго окшоп достук шертине тура алган жок”

«Кыргыз эли уңгулуу эл, кут түшкөн эл, элибиздин ырыскысы-кутун бүлдүрүүгө эч кимдин акысы жок…»

Акыркы бир айда Кыргызстандын соңку тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй бурулуш болуп өттү. Айрым саясый аналиктер акыркы окуяларды тынч ынкылапка салыштырып, Кыргызстанда үчүнчү революция болуп өттү деп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары КР Башкы прокурорун кызматтан алууга макулдук берүү жана С.Исаков жетектеген өкмөт курамына ишенбестик көрсөтүү менен өтө батыл саясый жүрүш жасады. Мындан улам, Жогорку Кеңешке болгон ишеним өстү жана акыркы бир айда Жогорку Кеңеш жана анын депутаттарынын кадыр-баркы тездик менен өсүп баратат десек болот. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев менен болгон маегибиз ушул багытта жүрдү.

 – Камчыбек мырза, Жогорку Кеңештин депутаттарынын акыркы айдагы чечкиндүү, ошол эле учурда күтүүсүз кадамдары эл тарабынан жылуу кабыл алынды. Депутаттардын рейтинги бир топ өстү. Көрсө, Жогорку Кеңеш өзүнүн саясый эркин көрсөтсө, депутаттардын колунан көп нерсе келет турбайбы?

– Иним, Жогорку Кеңеш жана анын депутаттарына карата айтылган жылуу сөзүң үчүн чоң рахмат. Адатта, эл кандай болсо, парламент, эл шайлаган депутаттар да дал ошондой болот дешет эмеспи. А кыргыз эли баатыр эл, айкөл эл. Биздин эл бардык жакшы нерселерге, жакшы жашоого татыктуу эл. Жогорку Кеңештин депутаттарын эл шайлаган, биз өзүбүздү элдин өкүлдөрү деп эсептейбиз. Эл алдында дайыма жүзүбүз жарык болсо, элге эмгек кылсак, эл бизге арткан ишенимди актасак, элдин сый-урматына татыктуу болсок деп ойлойбуз, эл алдындагы бийик жоопкерчиликти сезебиз. Биз КР Башкы прокурорун кызматтан алууга жана С.Исаков жетектеген өкмөткө ишенбестик көрсөтүүгө добуш берип жатып, өзүбүздүн саясый рейтингибизди көтөрүп алалы же ким-бирөөгө жагыналы деп ойлогон жокпуз. Биз депутат катары өлкө жана эл алдындагы өз миссиябызды аткардык. Акыркы айларда түзүлгөн кырдаалда башкача добуш берип, башкача чечим кабыл алууна мүмкүн эмес болчу.

Жогорку Кеңеш кабыл алган чечим чындыгында да, тарыхый чечим болуп калганында талаш жок?!.

– Бүгүн глобалдашкан дүйнөдө геосаясат тездик менен өзгөрүп жатат. Техникалык прогресс болуп көрбөгөндөй өстү. Былтыр күздө эле өткөн президенттик шайлоону алалы. Анда айрым өлкөлөрдүн олигархтары бизге, эгемендүү мамлекетке өз сценарийин таңуулагысы келди. Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман дегендей окуялар болду. Бирок, элибиз кеменгердигин көрсөтүп, туура жолду тандап алды. Өзүнүн эркин көрсөттү. Президенттик шайлоо тынч өттү, мамлекет башчысы алмашты, мыйзамдуу президент шайланды, мунун баары ырасында чоң тарыхый окуя эле. Бирок, айрым күчтөр эскини каалап туруп алды, бийликтен кетсе да, өз таасирин сактап калуу үчүн мүмкүн болгон жана мүмкүн болбогон аракеттердин баарын жасашты. Анын өзү саясый чөйрөдө олку-солкулук жаратты. Эски бийлик сыйы менен тынч жата бербей, мыйзамдуу бийликтин ишине кийлигише бербедиби. Мына ушундай саясый кырдаалда кырдаалга жараша тарыхый чечим кабыл алынганы ырас. Аны учур, геосаясат, Кыргызстандын келечеги талап кылды.

– Сапар Исаков өзү жетектеген Өкмөткө Жогорку Кеңеш ишенбестик көрсөтүү чечимин кабыл алган кечте «Апрель» телеканалы аркылуу «парламент – саясый өлүк» дегендей билдирүү жасады. «Баланын» сөзүнө кандай баа бересиз?

– Эми ал өзүң айткандай, жаш “бала”. А “баланын” иши чала. Кечээ эле ар бир депутаттын артынан жүгүрүп: «байкелер, мени колдоп койгулачы» дегенин унутуп калса керек. Өкмөт башчы болсом эле өлкө өнүгүп кетет деп убада кылган. Тескерисинче, өкмөттүн иши алдыга кетпей эле артка кетти. Айланасына жаш балдарды топтоп алып, кыштын кыраан чилдесинде Кыргызстандын борборун тоңдурду. Эси бар “бала” болсо, өкмөт башчылыктан ошондо эле кетип калса болмок. Ошол эң жөнөкөй кадамга да эрки жетпеди. Баланын ишин кылды. Аны олуттуу сөз кылып, ойго алып деле бекер. Эми «парламент – саясый өлүк» деген сөзүн айталы. Ал сөздү Сапар Исаковдун оозу менен башкалар айтышты.

Президент УКМКнын төрага орун басарын, Сүйүмбаевди кызматтан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол коюп жатса, премьер-министр арадан алты күн өтпөй, аны Экономикалык кылмыштуулук боюнча агенттиктин башчысы дайындап жатпайбы. Бул ачыктан ачык президент менен тирешүү болчу. Бул не деген саясат?!. Кыргызстан бир өлкө, бир мамлекет. Алты миллиондон бир аз көбүрөөк, алакандай элбиз. Эл кимдин ким экенин көрүп турат, С.Исаков балалыгын, чалалыгын көрсөттү. Башка эч нерсе. Ал бул кадамга башка бирөөнүн көрсөтмөсү менен барды. Ал ким экенин баарыбыз билебиз.

– Туура айтасыз, Президент менен премьер-министрдин позициясы эки башка болушу мүмкүн эмес да.

– Албетте, президент менен премьер-министрдин жашоого, мамлекеттин турмушуна, өлкөнүн өнүгүшүнө карата болгон көз караштары ар кандай болушу ыктымал. Бирок, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү чечимдерди кабыл алып жатканда, алардын позициясы бир болууга тийиш. Эгер, эки башкабы, анда бир гана жол бар. Президент жалпы эл тарабынан шайланган, демек премьер-министр кызматтан кетиш керек. С.Исаков өзүнө өзү өкүм кылды. Президент С.Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын февраль айындагы КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы айыгышкан күрөш болорун, мамлекет башчысы катары ага эрки жете турганын, эч кимге аео болбостугун айта келип коррупция менен күрөшүп жаткан күч структураларына карата даректүү сындарды айткан. Каталыктарды жоюуга убакыт берген. Бул тууралуу С.Исаков билбейт беле? Билген, эң сонун билген. Билип туруп, коррупцияга каршы күрөш жарыялаган президенттин позициясына каршы чыкканы “балалык” эмей эмне? Эгер, биз, Жогорку Кеңеш жана анын депутаттары С.Исаковду ордунда калтырсак, анда «антинародный» чечим кабыл алган болуп калмакпыз.

– С.Исаковдун өкмөтү жакшы иштеди. Экономикалык көрсөткүчтөр жакшы болчу, депутаттар канааттандырарлык баа беришкен деп жатпайбы?

– Туура, бир караганда, экономикада өсүү бар, жылыштар болуп жаткандай. Бирок, ал жылыштарда, өсүштө өкмөттүн үлүшү канчалык, бул чоң суроо. Экономикалык өсүү негизинен ички факторлорго эмес, сырткы факторлор менен, ошол эле мигранттардан келип жаткан миллиарддаган акча менен байланышкан. Өкмөттүн иши инерция менен жүрүп жатат. С.Исаковдун 40 кадамында кооз сөздөрдөн башка иштиктүү эч нерсе жок болчу. Анын тушунда аткаруу бийлигинин иши «самотек» менен жүрүп, алдыга эмес, артка кетти.

– Экс-президенттин кадрлары өкмөттөн, күч структураларынан тазаланып жатат, алар тынч жатып алат деп ойлойсузбу?

– Бир суткада 24 болсо, алар мейли 25 саат кыйкырса да, колдорунан эч нерсе келбей калды. Алардын поезди өтүп кетти. Эми эл аларды ээрчибейт.

– Эмнеге? Алар рейтингибиз укмуш деп жатчу эмес беле?

– Дечү. Бирок, анысы жасалма рейтинг эле да. Анан калса, алар 6 жылда эмне кылганы четинен чубалып чыга баштады. Менимче дагы да далай былыктары чыгат. Анан ошол булганган адамдарды эл ээрчимек беле? Мейли, 25 саат кыйкырсын, тим коюш керек, кыйкыра беришсин, эл аларды ээрчибейт, мен кепилдик берем. Алар элди тажатып бүтүргөн. Мамлекетти карызга отургузуп кетти. Кытайга эле 1,5 млрд карызбыз. Бир да президенттин тушунда карызыбыз мынчалык өскөн эмес. Ошол адамдарды ким ээрчийт?

– «Сооронбай эски дос эле» деп достукту колко кылып жатпайбы?

– Сооронбай Жээнбеков бүгүн журт башчысы, өлкө башчысы, ал бир эле Атамбаевге эмес, бүтүндөй Кыргызстандын элине да дос жана бир тууган. Ал Атамбаев менен достук шертин сактады, бирок Атамбаев Жээнбековго окшоп достук шертине тура алган жок. Эгер, чын эле Жээнбековду досум деп эсептесе, анын ишине кийлигишпей керек эле. Эгер Жээнбеков дос болсо, досуна жакшы мурас калтырышы керек болчу. Ал досуна эмне мурас калтырды? Миллиарддаган карыздарды калтырды. Аны да жөн калтырса бир жөн. ЖЭБге окшоп четинен жели чыга баштады. Эгер Атамбаев Жээнбеков менен чындап дос болсо, досуна мындай мурас калтырбашы керек эле. Кытайга эле 1,5 млрд. карызбыз, калтырган мурасы ушубу? Бул бир деп тур. Мейли, Атамбаев менен Жээнбеков дос экен, а кыргыз эли Атамбаев үчүн ким, доспу же каспы? Жээнбеков үчүн кыргыз эли ким? Ушул өңүттөн алганда, Жээнбеков алты миллион эл менен достукту же Атамбаев менен достукту тандап алышы керек, менимче Жээнбеков туура чечим кабыл алды. Экс-президент тараптагылар Атамбаев менен Жээнбековдун достугун унутпай эстешет да, Атамбаев менен кыргыз элинин ортосундагы мамилени унутуп калганы таңгалычтуу. Атамбаев Жээнбековго дос экен да, а кыргыз эли Атамбаевге дос болбогон үчүн анын тушундагы долбоорлордон коррупциялык схемалар четинен чыга баштаган экен да, ушундайбы? Достукту да багыш керек, өлүмтүгүн арткан ал достук эмес.

Эски бийликтин айланасы туура эмес жолго түшүп алды. Алар Кыргызстандын тагдырын эмес, бир адамдын тагдыры өйдө коюп жатат. Ырас эле Сооронбай Жээнбеков менен дос экен, анда президенттин ишине кийлигишпесин, колунан келсе, жардам берсин. Мына биз, депутаттар президент С.Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү деди эле, ага колдон келген жардамыбызды берели деп жатабыз. 120 депутат 120 иш жасасынчы, Кыргызстан гүлдөп өнүкпөйбү. Өлкө аз убакытта эле көтөрүлөт болчу.

– Арабызда, өзүн Кудайдын орун басары ойлогон, «мен элди көчөгө алып чыга алам» деген адамдар бар эмеспи?

– Эл эмнеге көчөгө чыгышы керек? Элди талап-тоногондордун артынан ээрчиппи? Жаратман адамдар эч качан куу кыйкырык, куу сүрөөн кылып, элди көчөгө алып чыкпайт. Алар жаратат, көпүрө курат. Спорттук комплекс салат, өндүрүш ачат, кыйратмандар элдин мүлкүн ит бекер менчиктеп же күч менен тартып алат да, жумшактан күлү, катуудан темири, кышы калбай калганча сатат. Эскилердин айланасында куу чирендер, бекер акчага көпкөн, бекер акчага көнгөн туура эмес адамдар көп. Алар үлпүлдөп эле, кабелтең кошомат айтышып, өз керт баштарын гана ойлошот.

– Ким билет, мүмкүн чыкса чыгаттыр?

– Өнүгүү мезгили кетти, аны эч ким токтото албайт. Кыргыз элинин эркин эч ким сындыра албайт. Элибиз өтө айкөл, чыдамдуу эл экен, баарына чыдады. Өйдө-төмөн, орой, балит сөзгө дурус эле чыдады, эми чыдай албайт.

– Акыркы айларда Бишкекте «Берекет» базары, Жалал-Абадда да борбордук базардын бири өрттөнүп кетпедиби, булардын өлкөдөгү саясый кырдаал менен байланышы жокпу?

– Эми мунун баарын ар кандай жоруса болот. «Берекет» базарында өрт бир убакта үч жеринен чыгыптыр. Базарды кайтаргандар ошол түнү мас болгону, өрт башталгандан 50 мүнөт өткөндөн кийин гана шаардык өрт өчүрүү кызматына кабарлаганы тууралуу айтып жатышат. Бул маалыматтардын өрт атайын жасалганынан кабарлайт. Демек, мунун артында кандайдыр бир күчтөр турат. Адатта, андай күчтөрдү үчүнчү тарап деп жүрбөйбүзбү, айтор алар кимдер болбосун, Кыргызстанга жана анын элине жакшылык жасагысы келген кишилер эмес. Элге, элдин мүлкүнө кыянат жасаган адамдар элге каршы адамдар. Мен ойлойм, өрттү элди көчөгө чыгарып, өлкөнү туруксуздаштырабыз деген күчтөр жасады. Андай кесепеттерден баарын күтсө болот. Элден айланса болот, кыргыз элинин душмандарынын тилеги таш капты. Эл көчөгө чыккан жок.

– Акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары тарайт деген сөздөр таратылып жатат. Буга мыйзамдык негиздер барбы?

– Андай сөздөр бүгүн гана эмес, кечээ да айтылып келген. Депутаттар тарабайт. Депутаттарды таратыш үчүн эки жолу бар. Биринчиси – үчтөн экиси, 80 депутат өз эрки менен мандатын таштайм деп жазуу түрүндө кол коюп бериши керек. Экинчиси, Жогорку Кеңешке премьер-министрди дайындоого макулдук берүүгө апкелгенде эки жолу өткөрбөй койсо, же депутаттар тарайт, же кайрадан башка премьер-министрди апкелиш керек. Андан башка жол жок. Азырынча, Жогорку Кеңеште андай кыйчалыш кырдаал жарала элек. Демек, мыйзамдык негиз жок.

Ал эми депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу айтсак, алар жаман иштеген жок, анан эмнеге тараш керек. Мындай имиштерди Жогорку Кеңешке өтпөй калгандар, ичи ачышкандар, тескери ойлуулар жасап жатат. Дегинкисинде, адамдардын кээ бир тиби болот эмеспи, жалаң бузукулук менен жашаган. Калп айтуу жана чагымчылык аларга атадан калган кесиби, бул адат алардын балдарына да калат, аттиң мына ушул гана өкүнүчтүү, ар бир жаман нерсе адамдын өзү менен гана кетсе эмне?!.

– ЖЭБди реконструкциялоого байланышкан 386 миллион долларлык коррупциялык схеманын бети ачылгандан улам, Жогорку Кеңештин дарегине таш ыргытылып жаткан чыгар?

– Андай да болушу ыктымал. Бизде, Кыргызстанда коррупциянын масштабы аябагандай өскөнүн ушул бир эле мисалдан көрсөк болот. Азыр мамлекеттик кызматкерлер Кудайдан да, мыйзамдан да коркпой калышыптыр. 386 миллиондук коррупциялык схема экстердин көбү булганып калганын далилдеп, тастыктап турат. Мамлекеттин энергетикалык коопсуздугуна карата жасалган бул кыянат ишти ачкан азыркы Жогорку Кеңеш жана анын депутаттары болду. Бул ишти аягына чыгарыш керек. Бул жөн-жай гана экономикалык кылмыш эмес, бул мамлекеттик коопсуздугуна карата жасалган кылмыш. Демек, бул ишке катышы бар ар бир жетекчи мыйзам алдында тийиштүү жазасын алууга тийиш. Бир кычкачты 600 долларга алат деген эмне деген шумдук!? Булар бийликтен түбөлүк түшпөйбүз, өз каалаганыбызды жасай берсек болот дешип, чартаңбай тебишкен. Ушул коррупциялык ишти ойлоп отуруп, элден уяласың, Жогорку Кеңеш ошол акчаны сол чөнтөккө солоп койгонсуп.

– Россиянын президенти В.Путиндин: «Көлөч уурдагандар ууру, миллиондорду уурдагандар мамлекеттик ишмерлер» деген учкул кеби бар. Анысы кандай, бул ишке тиешеси барлардын «чабактары» тутулуп, жазаланып, «ажыдарлары» кутулуп кетпейби? 

– Ким билет, андай болушу да ыктымал. Эмнеси болсо да, азырынча бул ишке тиешелүү дегендер УКМКга камакка алынып жатат. Менин айтайын дегеним, аларга мыйзамдуу жазасын бергенден мурда, уурдаган акчасын кустуруп, ордуна койдуруш керек. Эмне үчүн уруулардын – коррупционерлердин баары Канар аралдарынан, Чехословакия, Польшадан 500 миң доллардан дача сатып алып, ошол жакта бейиштегидей жашашы керек? Эмне үчүн Лондондон 5 миллион долларга үй алышы керек? Ырас, мамлекеттен жедиби-уурдадыбы, ал кайтарыш керек. Алгандын бергени бар, ээси келсе бээсин бер деген. Ал элдин акчасы, ал мамлекеттин акчасы. Алкымы жоондор, элдин канын ичкен, ырыскысын жегендердин алган акчасын эмне үчүн менин балам, сенин балаң төлөшү керек. Мына чет өлкөгө 3 млрд карыз болсок, ошонун 44% Кытайга карызбыз. Карызды төлөй турган убак келгенде, Кытай айтат, төлөйсүң же тиги алтын кениңди аламын дейт. Же мунуңду алам деп эле айтат, ал Россия эмес, карызын кечип койгудай.

– Жогорку Кеңештин дарегине карата дайыма жүйөөсүз сын-пикирлер, кер какшыктар, имиштер айтылып келет. Анын себеби жана максаты эмнеде?

– Адатта, ар бир айтылган жылуу сөздүн да, ачуу пикирлердин өз чындыгы болот, аны биз депутаттар түшүнүү менен кабыл алабыз. Ар бир айтылган сындын артында кимдер турат, ал сын-пикирлер эмне максатта айтылып жатат, Жогорку Кеңешти сындагандардын максаты эмне – анын баарын жакшы билебиз.

Эгер депутаттар тууралуу айтсак, Жогорку Кеңеш таанылгыс болуп өзгөрдү. Көп жаңы башталыштардын башында турууда. Жуликтердин, кошоматчылардын бетин ачып жатабыз. Кыргыз депутаттары жакшы болгон соң, кыргыз эли да жакшы, эл бул жолу жаңылган эмес деп айтат элем. Парламентке өз киндигин өзү кескен, өзүнө өзү ысым жасаган, өз эмгеги менен бутуна турган, азбы-көппү башкаларга жарыгы тийген адамдар чогулган. Көп учурда, депутаттарга карата – булар бизнесмендер, ишкерлер деп, алар парламентте өз кызыкчылыктарын гана коргогону отургандай, жактырбагандай мамиле кылышат. Бул эл өкүлдөрүнө карата туура эмес мамиле. Биринчиден, ошол эле ишкерлер түптөгөн бизнес обьектилери мамлекетке миллиондогон салык жана башка төлөмдөрдү төлөп жатат. Экинчиден, алар андан тышкары өз айылына, өзү туулуп өскөн районго, облуска социалдык инфратүзүмдөрдү, спорт комплекстерин курууга жардамдашып жатат. Депутаттарга миң адам кайрылса, ошонун жарымы акча сурап келет. Ишкер депутаттар колдон келген жардамдарын берип келатканын жана бере да берерин билем. Ал каражатты алар мамлекеттин казынасынан албайт, өз чөнтөгүнөн берет. Бул элге берилген жардам билинип-билинбей, миллиондогон сумманы түзүп калат. Андыктан, ишкер депутат десе эле мокочо көргөндөй болбой, эл багып келаткан адамдар катары түшүнүш керек. Анан да, депутаттардын катарында жалаң ишкерлер эле эмес, акыны да, жазуучусу да, артистти да, кинорежиссеру да, мугалими да, врачы, устасы да, тегирменчиси да, көмүр кенин иштеткен 3-4 кенчиси да, курулушчусу да, сүт, жүн, эт иштеткендери да, цемент заводун кургандары да, фармацевти да, молдосу да, атеисти да баары бар. Кыргызстанга миллиондогон инвестицияларды апкелип, кыргыз элин багып жаткандар бар. Бир сөз менен айтканда, депутаттардын дарегине негизсиз, жүйөөсүз сын айтылгандын өзү туура эмес. Эгер, Жогорку Кеңешке тили буудай кууруп, бирок колунан иш келбегендер келсе кандай болор эле? Муну да ойлонуш керек. Өзүнүн кара жанына, өз айылына жардам бере албаган киши кантип өз өлкөсүнө жардам бере алат?

– Камчыбек мырза, эсиңизде бекен, эгемендикке эми эле ээ болгон жылдарда, азыркы Өкмөт отурган имаратты Кыргыз мамлекеттик университетине берип, студенттер бир жылда бул тарыхый имаратты киши тааныгыс кылып, талкалап салган. Акыры ошол кездеги бийлик жаңылыштык кетиргенин сезип калып, кийин имаратты кайра алышып, миллиондогон каражатка оңдоодон өткөн. Анысы кандай, Жогорку Кеңештин гаражындагы машиналар ар кимге тарткатылып кетти, анын баары бир кезде бюджеттик миллиондогон сомдорго алынган болчу да. Ошонун зарылдыгы бар беле.

– Ал имараттын университетке айланганындагы кейпин көрүп мен да кейигем. Тарыхый жайларга антип мамиле жасаганда болбойт. Анын жанындагы Жогорку Кеңештин мурдагы имараты, ал да тарыхый жайлардын тизмесине кирген имарат эле, ал да бир топ жыл Америка университетинин имараты болуп турду. Ал да бир топ талкаланды. Эми азыр анда капиталдык ремонттон соң, Жогорку Сот отуруп жатат. Негизинде, ыйык нерсе, тарыхый жайлар, мамлекеттик бюджет каражатына сатып алынган мүлк бүлүнбөш керек. Жогорку Кеңештин гаражына таандык машиналар тууралуу айтсак, машина депутат үчүн «роскошь» эмес, болгону техникалык каражат. Күн сайын ишке байланыштуу колдонуп жаткан ноутбук, компьютер сыяктуу эле нерсе. Майда-чүйдө маселе. Менимче, биерде, маселенин төркүнү мында. Айрым бир күчтөр Жогорку Кеңештин депутаттарына жылына мынча акча кетет, минген машинасына эле жыл сайын мынча бензин коройт, шопуруна мынча айлык төлөнөт деп, коомдук ой-пикир түзүп, президенттик аппарат, аткаруу бийлиги өлкө үчүн, мамлекет үчүн жан аябай эмгектенип жаткандай түр көрсөткөн. Биз мейли деп, бюджетти үнөмдөйлү деп, машинадан да, депутаттын консультанттык кызматынан да баш тартканбыз. Көрсө, антип өздөрүн «элдик» адам көрсөткөн тараптар 386 миллион доллардын кашасын чалып жатканын ал убакта биз каяктан билдик. Мына маселе кайда? Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы. Мыйзамда эмне каралса, анын баарына депутат укуктуу. Депутаттык статусу деген бар. Кеп, машинада эмес, кеп мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы туурасында болушу керек.

Кээ бир адамдар кулдай ойлонушат. Бул өтө жаман. ЖК бюджет акчаларын жеп жаткандай сүрөттөп ийишет. Жок, жегендер бир эмес, мына ЖЭБден жешкен. Миллиондорду да эмес, миллиарддарды жешкен. Анан ошолор элдин көңүлүн алагды кылып, элге күйүмүш этип, ЖКга эле акчанын баары кетип жаткандай кылып жаткандай маалымат өнөктүгүн уюштуруп ийишкен.

– Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү колдоп берди, анын курамына кандай баа бересиз?

– Менимче, Өкмөт башына салмактуу, оор басырыктуу, турмушту терең түшүнгөн адам келди. Вицелери да жаман эмес. Не дейбиз, Жогорку Кеңештин да, Өкмөттүн да, Президенттин да көздөгөнү, кызыкчылыктары бир. Ал максат – Кыргызстанды өнүктүрүү, алдыңкы мамлекеттердин катарына кошуу, демократияны өнүктүрүү, укуктук мамлекет түзүү. Демек, Президент жана анын командасы, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт ошол асыл максаттарды биргелешип, бири-бирине жөлөк-таяк болуп аткаруулары керек.

– Кээде сиздин маалымат каражаттарына таарыныч айтып калганыңызды угабыз?

– Мамлекеттик маалымат саясаты бул өтө жоопкерчиликтүү нерсе. Айталы, КТРК эптеп эле иштеп жатат, саясаты бир жактуу. КТРК мамлекеттен миллиондогон каражат алып жаткан соң, ишти туура жолго коюшу керек болчу. КТРК Карыпбековдун менчиги эмес. Ал бала азыркы ордуна татыктуубу деген маселе бар. Ал эми маалымат каражаттары тууралуу айтсам, алар ким акча берсе, ошону мактайт, же акча берген киши жаманда дегенди жамандайт. Бул өтө ыплас көрүнүш.

 – Өзүңүз тууралуу эки ооз сөз айта кетсеңиз. Сизди бай адам дешет. Ошол байлыкты кантип топтодуңуз?

– Бишкекке 18 жашымда келдим. Темир жолго барып, достор менен, вагон түшүрүп иштедик. Бир вагондо 65 тонна көмүр. 2-3 саатта түшүрчүбүз. Тоннасына бир сомдон берчү. 65 сом алчубуз. Анан декабрь айында, муздак суу менен жуунуп алып, окууга кетчүбүз. Күзүндө Беловодски тараптагы талааларга барып, пияз терип, аны мүшөктөп, машиналарга, вагондорго жүктөп, карандай мээнет кылчубуз. Тоннасына 1 сомдон берчү. Ошентип, студент кезимде, там сатып алгам. Бу турмушта жеңил-желпи нерсе жок, эмгектениш керек. Эмне байлыгым болсо, баары маңдай тер менен келди. Айрымдарга окшоп уурдаган жокмун. 1995-жылдары көмүр өнөр жайын өнүктүргөнбүз. Жылына 150 миң тонна таза көмүр бергенбиз. 300-400 камаз иштеген, миңдеген жумушчулар болушкан. Ысык-Көл, Нарын, Таластын мектептерин бүт бойдон, Чүйдүн мектептерин жарым-жартылай 1-сентябрга карата көмүр менен камсыз кылып койчубуз. Кийин Өкмөт алмашканда, бизге бут тосуулар башталды, Казакстандын көмүр өндүрүүчүлөрүнө басым жасалды. Кыргызстандын көмүр өнөр жайына фашисттикмамиле болуп, натыйжада өнүкпөй калды. Азыр Казакстан чек арасын жаап койсо, сапаттуу көмүр келбей калат. Азыр тендер өткөрөбүз деп бул тармак мафияга айланды. Тескери иштер болуп жатат.

Элге да көп жардамдарды берип келатканыңызды билебиз. Бул иштерге канча каражат короттуңуз?

– Билбейм, анын эсебин алган эмесмин. Айрым иштерди айтсам, 10 чакырым жерге темирбетондон канал салып бергем. Ал канал менен 5 миң га жер сугарылат. Спорт залдарды курдук. Дүйнөлүк жана Азия чемпионатын өткөрсө болот. «Бешсары» спорт клубу 100дөн ашуун спорт чеберин даярдады. Белбоо күрөшүнөн 7-8 дүйнө чемпиону бар. 10дон ашуун күмүш медаль ээлери бар. 15 коло медалчы бар. Кыргызстандын туусун желбиретип жүрүшөт.

– Кыргызстанга жана анын элине эмне каалайт элеңиз?

– Буюрса, Кыргызстан бардык кыйынчылыктарга карабай өнүгүп жатат жана өнүгө берет. Байыркы элбиз, миңдеген жылдык тарыхыбыз бар. Кошуналар газга, нефтиге бай болсо, биз таза сууга, таза абага, бийик тоолорго жана ошол таза сууну ичип, таза абадан дем алган элге байбыз. Элдин маңдайына жазылган ырыскысы бар. Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен басташпа дейт. Кыргыздын кудай берген тоосу, суусу, көлү, абасы бар. Кен байлыктары бар. Токпейил эл. Ошону кудай кут кылсын. Миңдеген жылдык тарыхы бар, дагы миң жылдар жашайт, өнүгүп өсөт.

Булак: “Улутман” гезити, 3-май 2018-жыл

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *