Камила Талиева, коомдук ишмер: Эркин мамлекет катары бышып, жетиле элекпиз…

– Камила эже, мамлекеттик кызматтарга аралашкан адамсыз. Кайсыл президент эгемендүүлүктү сактоого жана көз карандысыздыгыбызды коргоого көбүрөөк салым кошту деп ойлойсуз?

– Эгемендүүлүк алган мезгилде президенттик так Аскар Акаевге буюруптур. Ал мамлекеттин түзүлүшүн калыптандыра турган бардык нерселерди жасады. Башкача айтканда мамлекет үчүн зарыл делген символикаларды кабыл алды. Улуттук валютабызды киргизди. Кудайга шүгүр, сом азырга чейин күчүн жогото элек. Бирок, эгемендүүлүктү сактоого, көз карандысыздыкты коргоого аракет кылганы менен ал да пендечиликке алдырып, кечирилгис катачылыктарга жол берди. Маселен, “Кумтөр” маселеси Акаевдин эле эмес, азыркы бийликтин да баш ооруткан маселесине айланды. Ошондуктан “бул президент кыйратты, тигил начар иштеди”- деп айтыш кыйын. Себеби, ар кимисинин оң жагы да, терс жагы да болду. Бакиев жакшы иштеп, экономиканы көтөрүп, тышкы карыздан кутулта баштаганы менен анын бийликтен кетиши ок атуу менен коштолуп, ал жасаган жакшы иштер көмүскөдө калып кетти. Андан кийинки келген бийлик да опол тоодой катачылыктарга жол берди. Кыскасы, мамлекетибизди үч киши башкарганы менен азыр деле там-туң баскан абалда. Эми кыргыз мамлекетинин тагдыры азыркы ажо Сооронбай Шариповичтин колунда. Башкача айтканда президентибиз өткөндөн сабак алып, өзүнө да талапты катуу коюп, кол алдына иштеген мамлекеттик кызматкерлердин баарына темирдей тартипти киргизиши шарт.

– Балким, күч менен бийлик алмашуунун өзү эгемендиктин баркын-баасын билбегенибизден болуп жүрбөсүн…

– Эгемендүүлүк асмандан түшкөндөй болуп, Советтер союзу тараганда опоңой эле ээ болуп калганыбыз үчүп ыйкы-тыйкы болуп, ынтымагыбыз жок болуп жатат окшойт. Ошон үчүн ар башка көз караштагы саясий агымдардан, саясий интригалар, саясый бут тосууларлан башыбыз чыкпай келатат. Бүгүнкү күндө эл болуп көрбөгөндөй саясый оюндардан тажап бүттү. Эгемендүүлүктүн баркын, баасын билип, эркиндигибизди баалашыбыз үчүн президент мамлекетти өсүп-өнүктүрө турган багытын аныкташы керек. Антпесе, элдин президентке болгон ишеними азайып кетет. Президенттин убактысы өтө аз. Бир жылы билинбей эле өтүп кетти. Ошон үчүн чукул арада программасын ишке ашыруунун аракетин көрүшү керек.

– Биз эгемен мамлекет катары жетилдикпи же эгемендик алганыбызга көп жыл болсо да адашып, жол таба албай ара жолдо калдыкпы?

– Чынын айтсам эркин мамлекет катары бышып, жетиле злекпиз. Биз эми гана телчигип, багытын аныктай албай, адашып жол издеп жаткан абалдабыз. Ошон үчүн бирде президенттик, бирде парламенттик башкарууга өтүп, ал башкаруулардын күңгөй-тескейин көрүп жаткан чагыбыз. Президенттик башкаруу үй-бүлөлүк башкарууга жол ачса, парламенттик башкаруу партиянын ичиндеги саясый интеллигенциянын өздөрүнүн кызыкчылыгы биринчи орунга койгонуна күбө болдук. Башкача айтканда парламенттик башкарууда мамлекеттин кызыкчылыгы эмес, партиянын лидеринин кызыкчылыгы алдыга жылаарына күбө болдук. Эми убакыттын өтүшү менен туура жолду тандап, чыныгы эл башчыга жолугарбыз деген үмүттөмүн.

– Сиз үмүт кылган улуттук лидер чыгаарына ишенесизби?

– Чын-чынына келгенде мамлекетибиз чыныгы улуттук лидерге жолуга элек. Ар бир келип кеткен президенттердин лидерлик сапаттары, жакшы жактары болгону менен алар улуттун жүгүн көтөрүшө алган жок. Элдин ичи куру эмес. Кудай буюрса, телегейи тегиз лидерге жолугабыз. Мамлекетибиз баштан кечирген оор күндөрүн унутат. Өнүккөн мамлекеттердин катаарын толуктайбыз. Көч бара-бара түзөлөт. Биздин өнүгүшүбүзгө азыр адашып жатканыбыз сөзсүз салымын кошот. Элдин, мамлекеттин кыйналганы эртеңки даңгыр жолдун баасын билдирет деп ойлойм. Алдыда жакшы күндөр көп.

Ч. Кутманалиев

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *