Кан коё бербейт: Убактылуу Өкмөт жоопко тартылышы керек!

Ушундай эле жыйынтыкка келчүдөй болуп калдык. Бакиев бийлигин кулатып, анын айынан жүздөгөн адамдардын каны төгүлүп, канчалаган балдар жетим, канчалаган аялдар жесир калып, мына ушунун шарапаты менен бийликке келген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн абийирлери төгүлүп, биринин этин бири жеп жатат. Кан коё бербейт деген ушул экен да. 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянты канга чыланып жатканда Атамбаев, Текебаев баштаган Убактылуучулар өз камын көрүп алышкан тура. Кан менен келген бийлик оңбойт, акыр түбү жаман болот деп ошондо эле карыялар айтышкан эле. 

Мына эми арадан алты жыл өтпөй өз абийирлерин өздөрү ачып, «сен мародёр, мен мародёр, кыргыз-өзбек согушун сен баштагансың, мен баштагам» болушуп, шерменде болуп жатышат. Буларды 7-апрелде курман болгондордун арбактары кечирээр бекен? Бири бийликте калгысы келип, бири бийликке баргысы келип, айтор Кудайдан деле коркпой калышты. Эми булар мындан алты жыл мурда жасаган иштери үчүн: курман болгон адамдар үчүн, июнь окуясы үчүн, алты жылдан бери сыр жашырып элди алдап келгендери үчүн жооп бериштери керек. Эмне үчүн Атамбаев менен Текебаев ушул кезге чейин маанилүү сырларды жашырып келишкен? Кылмышты жашыруу кылмыш кылган менен барабар болот.

Роза Отунбаева болсо куйругун түйгөн боюнча Батышты көздөй зуу койду. Өткөөл мезгилде БШКны жетектеп турган Акылбек Сариев кечээ жакында маалымат жыйын өткөрүп, «Отунбаеваны эл шайлаган эмес, Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча Референдумда Отунбаева президент деп көрсөтүлгөн эмес» – деп билдирди. Демек, Кыргызстан укуктук талаага келген эмес экен да деген ой туулат. Ошондо Роза Отунбаева бир жылдан ашык мөөнөттө өлкөнү мыйзамсыз башкардыбы? Анын чыгарган декреттери толук бойдон мыйзамсыз болуп калабы? Мына көрдүңөрбү, ушундай баш айланткан айлампага келип такалып калдык.

Булар элдин убал-сообунан коркпогон көрпенделер тура. Учурда 7-апрелдин шарапаты менен топтогон байлыктары менен телевидения, гезит-журнал, сайт, радио ачып алышып, бирин-бири шыбамайга өтүштү.
Булар өтө ыплас жолго түшүп алышты. Акыр аягы менен аяктайт? Туңгуюкка кептелип калышты. Дагы канчалаган сыр ачыкка чыкпай сакталып турат. Булар дагы кандай мыйзамсыз иштерге барышкан?

Ысык-Көлдө Бакиевдерге тиешелүү пансионаттар, баасы асмандын башын чапчыган котеждер, кымбат баалуу авто унаалар кайда? Алардын канчасы улутташтырылган да канчасын Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү улутташтырып алышкан. Бул маселеде Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Байтемир Ибраевдин түздөн-түз тиешеси бар дешет. Бекназаров 2010-жылдан кийин Ысык-Көлдө кандайча эс алуу жайга ээ болуп калгандыгы тууралуу да суроо жаралбай койбойт. Банк ячейкаларындагы миллиарддар, июнь коогалаңында түштүккө бөлүнгөн каражаттар кимдер тарабынан жок кылынган? Ал акчалардын эсеп-кысабы кайда? Эмнеге бул үчүн жооп берчү киши жок? Кыргыз элин келесоо ойлошот булар. Текебаев Жогорку Кеңештин трибунасында айтып тастыктады го «элдин бизден башка эч кимиси жок, карманаары жок» – деп. Ошол эч кимиси жоктугунан басмырлап колдон келет кылып жатышабы булар?

«Бакиев электр энергияны элүү тыйынга, уюлдук телефонду 60 тыйынга жогорулатты» – деп элдин баарын дүрбөтүшкөн ошол кездеги оппозиция өздөрү эмне кылышты. Электр энергия 50 тыйын эмес эки сом элүү тыйынга өстү го. Көрсө ошол кездеги оппозициянын максаты эл камын көрүү эмес, жөн гана башты айланткан шылтоо менен элди Бакиевдерге кырдырып туруп бийликке гана жетүү максаттары тура.

Айта берсе арман көп, кыскасы, учурда жалпы элдин кыжыры кайнап, эски саясатчылардын эсирген жоруктарына тоюп турат. Эски саясатчыларды ээрчип булганбаган, таза, билимдүү, курулай эле популизмден алыс, патриот улан-кыздар чогулуп алып, Кудайдан коркпогон, кандан коркпогон, арбактан коркпогон саясатчы-сойкуларды өлкөдөн кууп чыкчу мезгил бышып жетилди окшойт. Буга кандай дейсиңер туугандар? Үн кошкулачы, кайдыгер карабагылачы…

Баян Көлбаева, журналист

Булак: “Ачык саясат”

3 comments

  • Келечек says:

    Ким мамлекетти талап жеген, арты менен тууйт мезгили келгенде! Азыркы жаштар баарын коруп турат жана эч кимиси булардын арам кылык жоруктарын кайталагысы жок. Таза муун келет кудайым буюруса

  • медеr says:

    Ал таза муун кайда журот азыр? Ар кайсы байдын же эски саясатчылардын артынан ошолордун чачпагын которуп алар эмнеазыркыдайни айт десе ошону кыйкырып журушот. Ал эми копчулугунун мээлери алиге чейин боксо, толук эмес. Анализ жазаганды билбейт, батышта билим алып ошол жактын демократиясын алып келип бизге тануулап жатышат. Биздин элдин менталитетине шайкеш келтирип андан кийин элге алып чыгыш керек, жалпы Эл колдоосу учун. Негизи эле кыргыз элине парламенттик башкаруу туура келбейт экен. Мамлекетти президент же окмот башы башкарыш керек негизи эле. Ал эми бизде президент менен окмот башынан башка 120 депутат -жепутатыбыз бар. Алардын ар бири озулорун окмот башынан кем сезбейт, кааласа министрлерди бирден чакырып алып озулорунун гана маселесин чечуу менен алек. Элди ойлогондор ичинен 20-30 эле депутат болот азыркыдай. сессияларын телевизордон корсоткондо залда 30-40 эле депутат отурат иштеп калгандарын кудай билет кай жакта? эмне кылып жургонундо?! Бизге негизи эн коп эле дегенде 60 депутаттан ашыгынын кереги жок экенин турмуш акыркы 10 жылда далилдеп койду. Эмне учун депутаттарды санын 50% азайтабыз деп боло турган референдумга киргизбейбиз? Эгер ушул сунушту референдумга киргизсе эл 200 % колдоп береерине 100 % кепилдик бар го элде. Эми карап коргуло биздин 120 депутаттын (6 фракция) кылган иштерин. Министрликтерди болуп алып фракциянын жетекчилери министрдин ишине киришип, кадровый маселелерин чечип жатат. мисалы Онугуу фракциясы минселхоз менен Кыргызпатенттин кадровый маселесин бир гана Торобаев чечет экен. Ал айтмайынча эч бир адам кызматка дайындалбайт экен. Ал эми ошол министрликтердеги жетекчилер марионетка болуп эле. шефинин корсотмолорун аткарып, ал бар деген жакка барып ал айт деген созду айтып эле ага (мамлекетке эмес) кызмат кылып журот экен. Анан ушундай 120 баштуу парламенттин бизге кереги барбы??? Ар бир акыл эстуу кыргыз бир добуштан ЖОК!!! дешет. Ошл себептуу жалан жаш кадырларды эмес акыл эстуу жана тажрыйбалуу патриот кадрларды алып келиш керек саясатка жашына карабай. Ал эми Жогорку Кенештеги фракциялардын филиалына айланган министрликтерди жетекчилерин (Минсельхоздун, Кыргызпатентин, Минтранстын, МЧСтин, Минфиндин ж.б.) кызматтан айдап, министрликтердин жетекчилерин окмот мучолорун дайындоону окмот башынын озуно (Президенттик администрацияны да аралаштырбай) бериш керек. Болбосо окмот башында президент озу туруш керек, аппараттарын бириктирип.

  • Жапаш says:

    Бир депутаттын бир айлык маянасына бир,эки мамлекеттик кызматкер-адис бир жыл иштейт.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *