Кан куткарбайт… ажырашып кеткен жубайлардан түзүлгөн кылмыштуу топтун кылыгы

Бишкек ШИИББнын жана Свердлов РИИБнын опертоптору, ага удаа эле “тез жардам” айтылган дарекке жетип келишкенде бөлмөлөрдүн биринде киши колдуу болгон аялдын муздап бараткан денеси кан жайып, полдо жаткан эле. Аялдын башына ок тийгендиги көрүнүп турду. Окуя болгон жерди кароо учурунда бөлмөдөн Макаров тапанчасынын гильзасы жана андан атылган ок табылды. Ок маркумдун баш сөөгүн тешип өтүп, жыгач полго жарым-жартылай кирип, токтоп калган. Үй оокаттарынын башаламан чачылып жаткандыгына караганда, киши өлтүргүч баалуу буюмдарды алып кетүү максатын көздөгөн. Маркумдун уулу Баатырдын айтуусуна караганда өлтүрүү болгон учурда үйдөн дипломатта сакталган ири өлчөмдөгү акча, анын ичинде 15 миң АКШ доллары да жоголгон.

Шордуу аял жогоруда аталган даректе уул-келини жана 2 небереси менен жашап келген. Кырсыкты кабарлап милицияга коңгуроо чалган Баатырдын айтуусуна караганда ошол күнү апасы кичүү небереси менен үйдө болгон. Өзү келинчеги менен саат 9.30 ченде жумуштары менен шаарга чыгып кеткен. Кудай сактап, небере жабыркаган эмес.

Райондук жана шаардык милициянын жетекчилери кырдаалды талдап көрүшүп, бул өзгөчө оор кылмыштын изин суутпай, мүмкүн болушунча тез арада ашкерелөө милдетин коюп, зарыл сандагы күчтөрдү жана каражаттарды бөлүп берүү тууралуу чечимге келишти.

Натыйжада, жогорудагы маалымат Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүндө катталып, 3–17–256 сандуу кылмыш иши козголду. Кылмышты ачуу боюнча оперативдүү топко жетекчи болуп милициянын майору, ага тергөөчү Расул Сыдыгалиев дайындалды.

Ошентип, эксперт-криминалисттер, тергөөчүлөр, оперлер, аймактык тескөөчүлөр, коомдук жардамчылар өз иштерине киришишти. Бирок, иликтөөнүн алгачкы күнү натыйжа берген жок. Туугандардын, кошуналардын, тааныгандардын айтуусуна караганда 60 жаштагы маркум аял өзүнө душман арттыргыдай деле мүнөздө болгон эмес. Шордуу аял шаардагы көп базарлардын биринде 3 соода контейнерине ээлик кылып, ижара акы алуу менен жашап келген. Кээде тааныштарына карызга акча берип турган учурлары да болгон. Уул-келини болсо соода менен алектенген.

Эртеси милиция кызматкерлери өлтүрүү болгон үйдүн каршысындагы дүкөнгө орнотулган видеокамера аркылуу тартылган көп сандаган маалыматтарды карап көрүшкөндө, иликтенип жаткан өзгөчө оор кылмыштын алгачкы илинчеги пайда болгонсуду: S1835 R ак түстөгү “Мицубиси Дион” жогор жактан ылдамдыгын азайтып келип, окуя болгон үйдөн бир аз өтө түшүп токтоду. Видеокамерадагы сүрөттүн начар тартылгандыгынан жогорудагы сандар 1385ке да окшогонсуп турду. Унаанын алдыңкы оң жактагы эшигинен бою кыскача келген аял түштү. Айдоочу тараптан узун бойлуу, албеттүү эркек көрүндү. Аял-эркек кыска убакытка өзара сүйлөшүшкөндөй болушту да, бир нече кадам артка басышып, 387-үйдүн дарбазасынан кирип кетишти. Алардын өңдөрү таанылган жок. Кызматкерлер видеодискти артка кайтарышып, кайрадан карай башташканда аялдын бир аз аксаганы байкалды. Башында суусар тумагы бардай. Тончон. Бейтааныш эркек курткачан болуп, жылаңбаш эле.

Бейтааныш аял 1 мүнөт 25 секунддан кийин артка кайтып келип, машинага кайра отурду. Арадан 8 мүнөт 15 секунд өткөн соң, дарбазада коробкага же чемоданга окшогон нерсени колтуктай чыккан эркектин карааны пайда болду. Ал ылдамдай басып, рулга отурар замат машина жүрүп кетти.

Видеожазуу анчалык сапаттуу болбогондуктан, 1835 менен 1385 сандарын тактап ажыратуу оперлер үчүн оңойго турган жок. Ошондуктан, алар аталган сандар топтомунун 2 вариантын тең текшерип көрүүнү чечишти. Жапон өндүрүшүнөн чыгарылган автоунаанын ак түстө экендиги иликтөө иштерин бир кыйла жеңилдетти. Кечке жуук Мамкаттоо кызматы аркылуу шектүү автоунаанын так номери аныкталды: 1385 болуп чыкты. Ал шаардын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Көлмө айылынын тургуну, 36 жаштагы Токоев Эмил Накеновичке таандык экендиги белгилүү болду.

Ошентип, акыркы 3 сутканын ичинде маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары, тааныштары, кошуналары, ошол төгөрөктөгү таксисттер, дүкөнчүлөр, ижарада жашагандар болуп 130дай киши суралып, алардын ичинен кылмышка шектүү 3 киши кармалды: Токоев Накен Жумаевич, 1953-жылы туулган; анын мурдакы аялы Абдраимова Бурулкан, 1956-жылы туулган; алардын уулу, Токоев Эмил Накенович, 1980-жылы туулган.

Алгач Эмил Токоев кармалды. Милиция кызматкерлери Эмил менен маектешүү учурунда төмөнкүлөр белгилүү болду: шектүү машина аныкы, 3 күн мурда атасы айдап кеткен. Атасы, милициянын пенсионери Накен Токоев 66 жашта, апасы Бурулкан 61 жашта. Жубайлар көп жыл мурда ажырашып кетишкен. Айда-жылда уулунун үйүндө кокустан жолугуша калгандыктары эле болбосо, жашоо-тиричиликтери эки башка. Атасы Москва районундагы Серетенка айлында жалгыз турат. Апасы Көлмөдө неберелерин карап, уул-келини менен чогуу жашайт. “Апам анча-мынча аксап басат, оң колу жакшы кыймылдабайт, 3-топтогу майып” — ​деди Эмил, оперлердин суроолоруна жооп берип жатып.

2 күндөн бери атасынын телефону өчүк болгондуктан, Эмил анын дайны белгисиз экендигин билдирди. Оперлердин өтүнүчү боюнча Эмил апасынын кайда экендигин билүү үчүн чалганда, андан “Майрамкүл аяш апаң каза болуп, ошонукундамын” деген жооп алынды. Демек, шектүү аксак аялдын кайда экендиги белгилүү.

Милиция кызматкерлери Тыныстанов көчөсүндөгү тийиштүү дарекке келишкенде, жоон топ эркек жаназа намазын окууга тизилип калган экен. Бактысыздыктан пайда болгон кымгууттан пайдаланып, оперлердин бири коргонго кирип бараары менен казан-табакка аралашып жүргөн суусар тумакчан, карышкыр ичикчен аксак аял көзгө урунду. Милиция кызматкери сыр алдырбастан, акырын сыртка чыгып, шериктерине айтканда, алар жамаат сөөктү алып чыкмайынча күтө турууну чечишти. Арадан көп өтпөй, эркектер сөөктү машинага жүктөө үчүн алып чыгышканда, ичкериден аялдардын озондогон өкүрүгү угулду. Оперлердин бири акырын көз чаптырса — ​аксак аял да озондоп коё берген кези экен.

Сөөк жүктөлгөн “портердин” артынан бир нече жеңил машина ээрчип баратканда оперлердин бири аксак аялга келип, акырын аны чыканактан алды да, төмөнкүлөрдү айтты: “аяш апа, Эмил Сизди тез арада шаардан чыгып кетсин деп, такси жиберди. Баары билинип калыптыр. Накен байкени издеп жатышат. Тез болуңуз…”

Аксак аял: “кокуй, тынчтыкпы деги? Эмне болуп кетти? Мен азыр…” деди да, казан башында эт майдалап жаткан жигитке барып, колундагы пакетке тамактан салдырып алды да, оперди ээрчий сыртка чуркады. Кызматкерлерге ушул эле керек болчу.

Оперлердин өзүнчө бөлүнгөн тобу ошол эле күнү кечке жуук милициянын отставкадагы подполковниги Накен Токоевди Кара-Балтадан “күбө катары” кармашып, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына алып келишти. “Силер жаңылышып жатасыңар, силер түшүнбөстүк кылып жатасыңар” деп, жол катар тигил сайрап келди.

Ошентип, кылмышка шектүү неме сурак башталгандан тартып 2 күн “көгөрөт”. “Бурулкандын бул нерсеге тиешеси жок. Майрамкүл, маркум күйөөсү жана Бурулкан үчөөсү университетти чогуу аякташкан” дейт, мурдакы аялын жоопкерчиликтен калкалоо максатында. Анын айтуусуна караганда, 22-февраль күнү ажырашкан аялын ээрчитип алып, өзү үчүн жесир аяшынын колун сураганы — ​ага үйлөнүү үчүн жуучу түшүп, жогоруда айтылган Тыныстанов көчөсүндөгү 387-үйгө келишет. Токоевдин сөзүнө ишенсек, 3 күн мурда өзү жалгыз келгенде аяшы Майрамкүл макул болбой, кескин жооп берип койгон экен. Сыягы, ал ошондо акчалуу үйгө чалгындоо максатында келген өңдөнөт. Кырсык болгон күнү келгенде, босогодон аттай электе, ортодо чыр пайда болот да, Бурул ачууланып, сыртка чыгып кетет. Алдастап калган отставкадагы подполковник эмне кылаарын билбей, аяшын тапанча менен коркутуп коймокчу болгондо, кокустан атылып кетет имиш да, аялдын башына ок жаңылат… “Күтүүсүз болгон окуядан улам не кыларымды билбей, кетип калдым” дейт.

Кылмышкер канчалык жанталашпасын, айныгыс далилдердин кысымы астында аяшын атып өлтүргөндүгүн, диртилдеп жан берип жаткан аялдын халатынын чөнтөгүн аңтарып, 5 миң сомун алгандыгын, бирок, үйдөн жоголгон 15 миң долларды албагандыгын айтып какшайт.

Токоевдерге тиешелүү болгон даректерди жана автоунааларды тинтүү учурунда 1 даана пневматикалык тапанча, 1 даана “Байкал” үлгүсүндөгү травматикалык тапанча, 3 жерден бир топ өлчөмдөгү гашиш табылат. Тинтүү учурунда табылган баңгизаттар Накенге жана уулу Эмилге таандык болуп чыга келет. Буга чейин ата-бала баңгилик менен алектенгендиги да ашкере болду.

Дагы бир айтып кете турган нерсе — ​эки жыл мурда милициянын старшинасы Эмил Токоев кызмат учурунда баңгизат пайдаланып, анысы далилденип, жакында эле офицерлик кызматка дайындалып, али наамын алууга үлгүрбөгөн азамат ички иштер органдарынан куулган. Анын тергөө учурунда “2008-жылы гашиш чегип кармалып, кызматтан куулганмын” деп айтканы бар. Кийинчерээк ал пара менен милицияга кайрадан кызматка орношуп, 2016-жылы кайрадан эле эски жоругу үчүн ИИМдин коопсуздук кызматы тарабынан баңгизат пайдалангандыгы үчүн кармалып, кызматтан куулгандыгын көпчүлүк билбейт сыягы…

Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө аяшы Майрамкүлдү карактоо учурунда шордуунун жанын ырайымсыздык менен кыюуга колдонулган “Макаров” тапанчасын Накен айласы кетип, эки аягы бир чарыкка тыгылганда, “өз ыктыяры” менен бекиткен жеринен алып чыгып берет.

Накен Токоевдин айтуусуна караганда, аталган тапанчаны ал 5 жылдан бери мыйзамсыз сактап келген. Тапанчаны көп жыл мурда балык уулап жүрүп, суунун жээгинен таап калган имиш… Мүмкүн бир кезде өзгөчө коркунучтуу же уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринен тартылып алынып, көп жылдар бою кой терисин жамынган подполковниктин менчигине айланган тапанчаны кылмышкер-ардагер буга чейин да кылмыштуу максаттарын ишке ашыруу үчүн колдонуп келген болуп жүрбөсүн? Бирок ИИМдин эксперттик-криминалисттик борборунан жогорудагы тапанчанын башка кылмыштарга катышы жок экендиги тууралуу маалымат алынды.

…Көп жылдар мурда ажырашып кеткен жубайлардан түзүлгөн кылмыштуу дуэтке карата КР кылмыш-жаза кодексинин 3–97- жана 241-беренелеринин негизинде, алардын уулу, милициянын мурдакы кызматкери Эмил Токоевге 246-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, “үй-бүлөлүк кылмыштуу подряд” СИЗОго жабылып, тергөө иштери өз убагында аяктаса да, соттолуучулар жана алардын тарапташтары түрдүү шылтоолор менен соттук кароону ыксыз создуктуруп келишти. Ага карабастан, Свердлов райондук соту үй мүлкүн конфискациялоо менен Накен Токоевди 14 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Бурулкан Абдураимова 6 жылга кесилди. Баңгизатка кынык алган Эмил Токоев ири өлчөмдөгү акчалай айыпка кириптер кылынды.

Жогорудагылардан тышкары жабырлануучу тараптын жарандык доосунун негизинде Токоев жасаган өзгөчө оор кылмыштын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 1 миллион 199 миң сом (Токоев карактап кеткен 93 миң сомду, 15 миң долларды жана өлүктү узатууга кеткен чыгымдарды кошкондо), ошондой эле моралдык чыгым катары 500 миң сом өндүрүү милдеттендирилди.

Жогоруда чыгарылган өкүм боюнча мамлекеттик айыптоочу тарап да, айыпталуучу тарап да Бишкек шаардык сотуна өкүмгө нааразылык иретинде апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Жакында апелляциялык инстанция даттанууну карап чыгып, Накен Токоевге дагы 3 жыл кошуп, 17 жылга эркинен ажыратылсын, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөсүн, үй мүлкү конфискациялансын деп өкүм чыгарды.

Киши өлүмү үчүн мамлекет эч кимди аябастыгын, киши каны эч качан куткарбастыгын унутпашыбыз керек…

Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: “Жаңы ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *