Канатбек Ашырбаев, мамлекеттик «Кыргызкөмүр» ишканасынын директору: Быйыл сегиз айдын ичинде үч мамлекетке 247 миң тонна көмүр экспорттолду

Каарманымдын мамлекеттик «Кыргызкөмүр» ишканасынын директорлук кызматына келгенине үч айдын жүзү болду. А негизи орустардын «Чананы кышка колдонуу үчүн жайында камда» деген лакап кеби бар эмеспи. Анын сыңары, камбыл адамдар эбак эле көмүрканасын толтуруп аткан кез. А биз ишкана жетекчисине 3-4 собол таштап, учурдагы абал тууралуу кеп кылдык.

– Канат мырза, учурда көмүр казуу, аны камдоо жагдайы кандай болуп атат? Өлкө кышка даярбы?

– КР өкмөтүнүн №249 22-май, 2018-жылкы токтомуна ылайык быйыл күз-кыш мезгилине карата 2 млн. 300 миң тонна көмүр дайындалышы керек. Анын ичинен 1 млн. тонна Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ), 1 млн. 83 миң тонна калктын керектөөсүнө, андан тышкары 246 миң тонна бюджеттик социалдык мекемелерге багышталат.

– Мынча көмүр кайдан ташылат жана канчасы даяр болду?

– Ошонун ичинен Бишкек ЖЭБге сарптала турган 1 млн. тоннанын 600 миң тоннасы «Кыргызкөмүрүнөн», 550 миң тоннасы Кабак көмүр бассейнинен, 50 миң тонна Таш-Көмүрдөн коюлат. Калган 400 миң тоннасы Казакстандан алып келинет. Бүгүнкүкүндө Кабак бассейнинен алынып келе турган 550 миң тонна көмүрдүн 160 миң тоннасы ЖЭБге келип түштү. Калган 390 миң тоннаны март айынын аягына чейин ай сайын биздин график боюнча 60-70 миң тоннадан коюлуп турат.

– Үзгүлтүккө учурабайбы?

– Бул иштер үзгүлтүккө учурабайт. Элге дайындалып аткан 1 млн. 83 миң тонна көмүрдүн 1-сентябрга карата 222 миң тоннасы дайындалды. Калгандары кийинки айларда план боюнча кете берет.

– Жалпы республика боюнча көмүр кампалардын абалы кандай?

– Республика боюнча быйылкы жылга, тактап айтканда, азыркы учурда 630 көмүр кампалары иштеп жаткан кез. Ал кампалардын даректерин, телефон номурларын http:/Ayr gyzkomur.gov.kg сайты-бызга илип койгонбуз.

– Бюджеттик, социалдык мекемелерди айтпай кеттиңиз…

– Бюджеттик мекемелерди алсак, 246 миң тонна көмүрдүн ичинен 8 айдын ичинде 70 мйң тоннасы дайындалды. Негизинен 8 айдын ичинде жалпы республика боюнча көмүр ишканалары менен 847 миң тонна өндүрүлдү. Былтыркыга салыштырмалуу 106%ды түзүп, 790 миң тонна көмүр өндүрүлгөн. Анын ичинен 290 миңи түндүк аймакка жайгашкан ишканаларга тиешелүү. 557 миң тонна бул түштүк аймактардагы иш-каналар тарабынан дайындалды.

– Эми бааларына токтоло кетсеңиз? Алып-сатарлар кымбаттатып ийчү эле, аларды ким тизгиндейт?

– Баалар боюнча айтсак, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында бир тонна көмүр 3500 сомдон сатылып атат. Ал эми Казакстандан келген Шабыркуль көмүрү 4000 сомдон. Былтыркыга салыштырмалуу аз да болсо арзан. Кыш мезгилине жакындаганда сезондук кымбаттоо болбой койбойт. Анткен менен антимонополдук орган бааны туруктуу кармап туруш үчүн тыкыр көзөмөлгө алып, көмүр бассейн же көмүр кесиндисинен, тилкесинен алып келинген көмүрдүн толук чыгымына чейин эсептеп, андан 20 пайыз ашык баада сатылбасына, алып-сатарларды тизгиндөө максатында тиешелүү чараларды көрүшмөкчү.

-Эгер сыр болбосо айтсадыз, көмүрдүн баасы жеринде тоннасы канчадан?

– Казылып аткан жерде кесек көмүр 1100 сом, ал эми майдасы, «күлү» деп коёт эмеспи (анысы ЖЭБге жарактуу), тоннасы 1200 сом.

– Биздин көмүр экспортно кетеби же өзүбүз менен эле чектелип калабызбы?

– Былтыр 2017-жылы Кыргызстандан 251 миң тонна көмүр экспорттолгон. Кытай, Тажикстан жана Өзбекстанга. Ошонун ичинен 135 миң тоннасы Өзбекстанга, 14800 тонна Тажикстанга жана эң көбү 101200 тоннасы Кытайга кеткен. Быйыл 8 айдын ичинде ошол эле үч мамлекетке 247 миң тонна көмүр экспорттолду.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *