Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүлүп, үй камагына чыгабы?

Чүйлүк бир катар белгилүү аксакалдар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жаштар Канатбек Исаевдин соттук процесси адилеттүү негизде каралышын, о.э. үй камагына чыгуусун өтүнүшүп, Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогону турушат. Ушул жума президенттин кабылдамасына жүздөгөн инсандардын кол тамгасы коюлган кат жетсе, маселе оң жагына чечилүүсүнө үмүт бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, Канат мырзага козголгон кылмыш иштери мурдагы режимдин өч алуусу, кылдан кыйкым издөөсү экенин айтпасак да түшүнүктүү болуп калды. «Жакшы тилек – жарым ырыс» дегендей, жакынкы аралыкта Исаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүлүп, үй камагына чыгуусуна мыйзамдуу негизде жол берилерине ишене туралы. Андан аркы сот процесстеринде каарманыбыз өзүнүн ак экенин далилдеп,  астында жүзү жарык экенин ашкерелеп алмакчы. Эмесе, Кудай колдосун!

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *