Каныбек Иманалиев: “50-100 жылда гана бир келүүчү тарыхый миссиялар бар. 2018-жылы кандуу саясий репрессияга 80 жыл болот”

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү ата-бабалардын эмгегин баалоо менен аларды эскерүү иш-чараларын өткөрүү сунуштарын ортого салышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Каныбек Иманалиев элүү жылда, жүз жылда бир келүүчү тарыхый миссиялар боло тургандыгын, ага мисал катары Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленгендигин айтты. Дагы бир тарыхый миссия келерки 2018-жылы саясый репрессиялардын башталышына 80 жыл болоруна токтолду. Анын айтымында, аталган репрессияда 21 миңден ашуун адам атылган. “Ата-бабалардын эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында репрессия курмандыктарын эскерип, алардын өздүгүн тактап, эмне үчүн курман болгондугу тууралуу китеп чыгарып, арбактарына багыштап куран окутуу зарыл, Бул иш-чараны бийик деңгээлде белгилешибиз керек”,- дейт К.Иманалиев. Ошону менен катар эл өкүлү коңшу мамлекеттер менен экономикалык жана саясый маселелерди чечүүдө парламент институтун, парламенттик дипломатияны колдонууну сунуш кылды.

7-8-ноябрь күндөрүн ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилене тургандыгын кубаттаган депутат Зарылбек Рысалиев кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн сап башында турган Жусуп Абдырахмановдун эл-жерине жасаган иштерин тизмектеп, ага эң жогорку даражадагы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгарууну сунушу менен чыкты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *