Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “Сапар Исаков “парламентте 120 “саясый өлүк” олтурат, кыргыз парламенти бүт дүйнөгө осол болду” деп айтты”

“Кечинде теледен Сапар Исаков “парламентте 120 саясый өлүк олтурат, кыргыз парламенти бүт дүйнөгө осол болду” деп билдирди. Бул биз бир кезде 98 добуш менен “макул” деп шайлаган премьер-министрдин сөзү. Парламенттин ар-намысын спикер коргош керек. Сиз парламенттин ар-намысын коргой аласызбы? Сапар Исаковду сотко бересизби? Же эркиңиз жетсе аны кечирим суроого аргасыз кыласызбы? Өзүңүздүн расмий позицияңызды айтыңызчы”, – деп сурады бүгүн, 20-апрелде парламенттин кезексиз жыйынында депутат Каныбек Иманалиев спикер Дастан Жумабековдон.

“Ооба, мен да уктум анын сөздөрүн, аны мыйзамдын алкагында сүрүштүрөбүз жана мыйзам боюнча жообун алат”, – деп жооп берди спикер Дастан Жумабеков.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *