Каныбек Осмоналиев, экс-депутат, профессор: “Министрдин шоопуру менен илимдин доктору бирдей айлык алса, анан кантип азыркы жаштар илимге тартылышат?!”

– Каныбек агай, Билим берүү министрине татыктуу министрлер келбей жатабы же билим берүү тармагыбыз улам эксперимент болуп атабы – эмнегедир билим берүү маселеси жылдан жылга оорлошуп баратат. Эмне кылсак билим берүүнүн сапаты жогорулайт?

– Университеттердеги билим берүү сапатын өстүрүүнүн эң маанилүү себептеринин бири окуу процесстери менен катар эле илимий иштердин ийгиликтүү уюштурулуусу эсептелет. Ошондуктан, тээ илгерки замандардан бери эле “Мен!” деген окумуштуу өзүнүн бүткүл өмүрүн университет менен байланыштырып келген. Бул абдан туура.  Анткени, адам баласынын ар кандай кесиптик муктаждыгынын керектүү нерсеси болгон шакирт тарбиялоо вазийпасы илим ишинде өтө эле маанилүү. Болочок илимпоздор так ушул университеттерден табылат. Профессор лекция окуйт жана студентти илим ишине тартат. Аны өзү түзгөн илимий мектебинде тарбиялайт. Бул тарыхый процесс. Советтер Союзу ушул айныгыс аксиоманы бекем карманып келген. Ал кездеги мамлекет башчылары Петр Iден бери өзгөчө мурас болуп калган Илимдер Академиясын ЖОЖдор менен кошо өнүктүргөн. Айтсак бул тандемди Сталин өзү жеке көзөмөлүнө алып турган.  Эми бул аракет ошол кездеги талапка туура келип өзүн актаган. Натыйжада, СССР кыска эле убакыт ичинде илим жаатында дүйнөлүк лидерликке жетишкен. Кыргызстан өзүнчө эгемендик алгандан кийин эмне болду? Академик Аскар Акаев Илимдер Академиясынын кадры катары, алгач аларды катуу колдоп турду. Андан кийин популисттик өнөрү оолжуп кетип, элдер аралык университеттерди ача баштады: Кыргыз – Орус (Славян) университети, Кыргыз – Түрк (“Манас”) университети, Кыргыз – Түрк (“Ала-Тоо”) университети, Кыргыз – Өзбек университети, Кыргызстандагы Америка университети, Кыргыз – Кувейт (Чыгыш)  университети ж.б. Кыргызстандагы ансыз деле саны аз окумуштуулар эми ошол жогорудагы университеттерге чил тарагандай тарап кетишип өз оокаттарын өткөрүп калышты. Илимдер академиясынын кызматкерлери дагы ошолорду көздөй багыт алышты. Мындай учурда өлкөдө бирдиктүү илим саясатын жүргүзүү боюнча сөз кылууга дагы мүмкүн эмес эле. Окумуштуулар мандикерлик ыкмага өтүп алышып, бир нече ЖОЖдордо лекция окуп жүрүштү. Окуу сапаты таптакыр унутулуп, илим изилдөө иштерине кол тиймек турсун, көңүл бурууга дагы шаймандары келген жок. Илим изилдөө лабораторияларын көздөй баскан адам болбоду!

Илимий наамдар сатылып жатабы же көчүрүп, уурдап алуу күчөдүбү айтор, Кыргызстанда илимий даража алгандардын саны кескин көбөйдү. Бул боюнча не дейсиз?

– Таң калыштуу окуя – илимий даражалар менен наамдарды  аттестациялоо иштеринде болду. Дароо эле өкмөттүн алдында толук автономиялуу Жогорку Аттестациялоо Комитети (ВАК деп коёбуз) түзүлдү. Эбегейсиз сандагы Адистештирилген Диссертациялык Кеңештер түзүлүп кетти. Натыйжада, 1992-жылдан баштап Кыргызстанда илимий даражаны алгандардын саны кескин өстү. Цифралар менен айтайын. 2016-жылга салыштырмалуу: 840 илимдин докторлору жана 3980 кандидаттык даражасы бар илимпоздор эмгектенишет. Мунун ичинен физика-математика жана техникалык багыттар боюнча 232 доктор, 800 кандидат; гуманитардык илимдерден (филология, коомдук илимдер, педагогика) тиешелеш түрдө – 341  жана 2180;  медицина, биология жана агрардык илимдер жаатында – 267 жана 1 000ден ашуун. Бул цифралардын өсүү темпи укмуш! Мисалы, 2015-жылы 65 доктордук жана 262 кандидаттык диссертациялар корголсо, 2016-жылы ушул эле көрсөткүчтөр тиешелеш түрдө 77 жана 281 болгон. Илимий даражалардын саны боюнча чемпион экономика багытында, андан кийинки “сыйлыктуулар” медицина, педагогика жана тарых. Бул көрсөткүчтөрүбүз азбы же көппү? Адилеттик үчүн айтып коюшум керек. Чынындыгында мурдагы союздук республикалардын кээ бирлерине караганда бизде баары бир аз экен. Мисалы, 1000 кишиге салыштырмалуу бизде илимий даражасы бар окумуштуулардын саны 0,8 болсо, бул көрсөткүч Казакстанда 1,7; Беларуссияда 4,7;  ал эми Россияда – 7,5.  Салыштырып болбойт, өтө эле арттабыз. Бирок, кашайып сапаттуу диссертацияларыбыз дагы өтө эле сейрек. Акыркы 25 жылда бирин-экин гана “илимий ачылыш” деген наамды алыптырбыз. Кийинки жылдары Өкмөт жасалма жолдор б.а. талапты катуу коюу менен “илимий иштерди” коргоону азайттык деп айтып жүрүшөт.  Бирок, ишенбейм, менимче, тескерисинче көбөйүп эле жатат! Бир областтын же райондун экономикасына анализ берген доктордук дисссертацияны көрдүм. Кимди алдап жатабыз? Статистикалык отчеттордон көчүрүп алынгандары канча?! Эгерде СССРдин учурунда кандидаттыкты коргогондон кийин доктордук ишти бүтүрүп жактоого 10-15 жыл оптималдуу деп эсептелсе, азыркы кээ бир таланты ашып-ташып кеткен мекендеш “окумуштууларыбыз” 1-2 жылдан кийин эле илим доктору болуп чыга келет. Өзүнүн диссертациясынын мазмунун резюмелеп айтып бере албагандары канча! Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп илимдин доктору болуп койгон “вундеркинддерибиз” дагы аз эмес. Эреже катары так ошондой азаматтар илимий мекемелерди тез эле жетектеп алып жатышат.  Илимий саясатты кандай жүргүзөөрүн түшүнүп эле турасыздар да. Илим жаатындагы коррупция, паракорлук, айрыкча диссертацияларды акчага жаздырып алуу өнөрлөрү Кыргызстанда азыр көз көрүнөө эле базарга айланган.  Аны баары билишет. Унчугушпайт.  Анткени, бул кылмыш иштерине Ак үйдөн баштап катардагы илимий лабораторияларга чейин активдүү катышышат. Ар бир диссертациянын өз баасы бар деп айтышат. Балким ошондойдур, билбейм.  Бул чоң улуттук трагедия!  Билим берүү жана илим  министрлерибиз илимий даражасы жок, өмүрүндө бир илимий макала жазбаса же жаза албаса, анан эмнени айтайын!  Бул абалга мурдагы бийлик алып келди. “Мындан ары бул акмакчылык саясатты токтот го!”- деген үмүт менен азыркы бийликти карап турам.

Азыр эмне көп, илимий мекеме көп. Ошол көп илимий мекеменин  пайдасы  байкалып жатабы?

– Кыргызстанда илимий мекемелер дагы өтө эле баш-аламан жана чар-жайыт жайгашкан. Сөздүн түз дагы, кыйыр дагы маанисинде. Алсак, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына караштуу илим-изилдөө мекемелеринин саны – 24. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуулары – 16, ЖОЖдордун алдындагы “илимий институттар” – 38! Юстиция, Транспорт, Коргоо жана Экономика министрликтеринин ар биринде бирден бар  – 4.  Мындан сырткары илимий статусу бар 2  китепкана. Ар биринде администрация, бухгалтерия, тейлөөчү кызматкерлер ж.б. “коммунизим куруучу персоналия”! Баракелде!  Бул жагынан дүйнө жүзүндө алдыда болсок керек. Убагында ушул обу жок көп “армиянын” санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды берип жүрүп,  жаман көрүнүп, “эл душманы” болгомун. Мейли эми өттү кетти.  Бирок, булардан биздин эл чарбабызга пайда барбы?  Жок!  Тескерисинче, жаштарга жаман үлгү боло турган гана жактары күчөп жатат! Ушул ишканалардын каржылануу  булактары дагы кызыктуу: республикалык бюджет, бюджеттик эмес фонддор, кредиттер менен гранттар, инвестициялар. Жыйынтыгынын нөл экендигин жогоруда айттым.

– Илимде мактана турган нерселерибиз барбы?

– Илим жаатында бардыгы эле жаман дегенден алысмын. Бирок, кээ көшөкөрлөнүп мактангандарга жооп берип коёюн. Кыргызстандагы илимди чет өлкөлөрдө айрым бир гана илимпоз адамдарыбыздын иштери менен эле билишет. Алардын жетишкендиктери өзүлөрүнүн жекече гана ийгиликтери. Илимий мекеменин дүңгүрөгөн коллективдүү иштери жокко эсе. Бөлүнгөн акчанын 90 пайызы эмгек маянасы менен социалдык төлөмдөргө гана кетет. Кыргызстан бүгүнкү күндө илим жана инновациялык иштерге Ички дүң продукциянын киреше бөлүгүнүн  0,12 пайызын гана берет, б.а. 200 млн сомго жакын. Бул дүйнө жүзүндөгү антирекорд! Салыштыруу үчүн бул көрсөткүчтөр кээ өлкөлөрдө: Казакстан – 1,2 %;  Россия 1,7 %; Беларусь – 1,1 %;  Тажикстан – 0,7 % (бизден 6 эсе көп!);  Молдова – 1,7 %;  Армения – 0, 2 %; Еврокошуун , орточо – 3 %,  АКШ – 4 %;. Япония – 4,5 % ж.б. Илим-изилдөө иштерине суудай керек болгон приборлор, жабдыктар, техникалык инфраструктура, химреактивдер окумуштуулардын түшүнө дагы кирбейт. Анысы аз келгенсип КУИАнын жана кээ бир ЖОЖдордун илимий мекемелеринин имараттарына өкмөттүн эле сугалак чиновниктери дайыма көз артып келет. Жакында эле экс-премьер Сапар Исаковдун “боевиктери” КУИАнын бир имаратын аз жерден алып коё жаздашты же алып коюштубу?  Так айта албайм. Чатакташып жүрүшкөн. Ботаникалык бакты менчикке алам дегендер канча! Эми ошол илимге деген мышык ыйлай турган акча каражаты кандай бөлүштүрүлөт? Ал Министрликтин колунда.  2012-жылы Жогорку Кеңеште чырылдап атып Илим жана инновация фонду түзүлсүн,  ал автономиялык саясатты жүргүзсүн деп токтом кабыл алганбыз. Жыйынтыгы кандай болду?  “Баягысы баягы, койчумандын таягы болуп” эски адат менен эле бир топ сугалак  чиновник-мыкчыгерлер акчаны жилик бөлүштүргөндөй кылып өз тааныштарына берип келишет. Мына сага коррупция, паракорчулук, тууганчылык жана жердешчилик!  Илимге карындаш-уруктун кеселин аралаштыргандан кийин анан кайсы илимий-техникалык прогресс жөнүндө сөз кылабыз. Мен  бул иштер боюнча жүрүзгөн изилдөөлөрүмү документалдык материалдары менен укук коргоо органдарына берейин  деп турам. Бир-эки тактоо моменттери эле калды. Мындай мафиялык кесепеттерди кескин жана аёосуз токтотушубуз керек!

– Илимпоздор илимге маани берилбегени үчүн аз айлык алышабы же бюджеттин алсыздыгы үчүн ушул жагдай жарала береби?

– Илим – бул азыркы замандагы өзүн-өзү урматтаган ар бир өлкөнүн визиттик карточкасы.  Анын интеллектуалдык дараметинин деңгээли. Биз кыргызстандыктар ушул көрсөткүч боюнча баш көтөрүп бир нерсе айта алабызбы. Жок! Илимге чыныгы берилип, ага баш оту менен кирип жашаган бир ууч инсандарыбыз менен гана сыймыктана алабыз! Аттиң дей турган жери ошол ыйык аалым профессорлорубуз 15-20 миң сом айлык маяна менен гана өлбөстүн оокатын көрүп келе жатат. Өткөндө Жогорку Кеңеште айтылды го. Улуттук банктын жетекчиси 120 миң, “Мегакомдун” баштыгы 700 миң сомдон айлык маяна алышат экен деп. Караңыз, илимдин доктору, профессор тиги “Мегакомдун” директору болгон “чычкак” баланын бир айлык маянасын алуу үчүн 3 жыл иштеш керек экен!  Койгулачы, ушул кантип болсун!  Биз Кыргызстан деген антикоомдук мамлекет түзүп алыппыз!  Ошондуктан жалчыбай келе жатабыз. Министрдин шоопуру менен илимдин доктору бирдей айлык алса, анан кантип азыркы жаштар илимге тартылышат. Мындай статистиканы билесиздерби? Азыр Кыргызстандагы илимпоздордун орточо жашы өтө эле жогорулап кетти. Илимдин докторлорунун орточо жашы – 60 жыл, кандидаттардыкы – 50 жаш. Анын ичинен 35 жашка чейинки жаштар 14 %, ал эми 45 жашка чейинкилери – 30 пайызды гана араң түзөт. Нобель сыйлыгын алган физиктердин 95 пайызы негизги илимий ачылыштарын 35 жашка чейин эле жасашкан экен. Илимге жаштарды тартуу боюнча өткөндөгү Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтарын угуп алып алгач, ыйлагым келди, анан өзүмчө келиштирип туруп сөгүп алдым! Азыр аспиранттын стипендиясы канча? Айтпай эле коёюн, баары бир ишенбейсиң, Чынайым карындашым!  Анан калса аспирант болом деген уул-кызыбыздын көңүлүн “кайт” кылып койгум келбейт. Дагы бир биздин өзгөчө феномен. СССРдин  учурунда аспирант кандидаттык диссертациясын 5 жылда жазып бүтүрүп коргоо милдетин мойнуна алса, азыр чек жок. 10-15 жыл деле жүрө берет. Сураган эч ким жок. Шылуундары 2-3 жылда эле  илимдин кандидаты болуп коёт.  Өткөндө бир тааныш иним келиптир: Агай бир арап бизнесмен досум доктордук  диссертацияны сатып алып жактаса болобу, Кыргызстанда!”- деп! Мен айттым:“Эмне үчүн Кыргызстанда, өзүнүн мекенинде эле коргой бербейби?”- десем, уялбай туруп, “Ал досум силерде баары сатылат, го деп кыстап жатат!”– дейт.  Иними көңүлүнө карабай, сөгүп таштадым. Бирок, уялып калганын деле байкаган жокмун. Демек, ошондой балит  иштер бизде жасалат экен, да, же андай эмеспи? Андай болбой эле калсын!  Пессимисттик сөздөр менен окуурмандарды түйшөлтүп жибердим окшойт. Бирок, биздин  илим жаатындагы абалыбыз ушундай.

– Абалды ондош үчүн эмне кылышыбыз керек?

– Кыргыз өкмөтү илим менен инновацияга катуу көңүл бурбаса болбойт. Азыр Кыргыз өкмөтү илимди Билим берүү министрлигине, инновацияны Кыргызпатентке берип салган. Бул уят иш! Тезинен экөөнү бириктириңиздер. Болбосо башка мамлекетердин мисалын алыңыздар.  Европа, АКШ, Япония жана бизден башка КМШ өлкөлөрү илим, инновация жана интеллектуалдык менчик саясаттарын бир министрликтин ичинде жүргүзүшөт.  Мындан 5 жыл мурда катуу айтып жаман көрүндүм эле. Азыркыга чейин өзгөрүү жок! Кайра өзүмү куугунтукташып, болбогон бир күнөөнү ойлоп табышып сотко сүйрөп жүрүшөт. Эми бул өзүнчө айта турган маселе.  Окумуштууларды меники же сеники деп бөлбөңүздөр. Окумуштуу бир аз тежик, өзүнүн билгенин оңойлук менен бербеген жан болот. Табияты ушундай.  Аларга аяр мамиле кылып шартын түзүп берсеңиздер, сөзсүз ыраатын көрөсүздөр. Биринчи кезекте мамлекеттин келечеги болгон окумуштуу кадрларды аласыздар. Экономиканы илимий жол менен аракеттенүү чарасы  гана дүркүрөтүп көтөрөт. Болбосо, күчтүү өлкөлөрдүн алдында сырьё бере турган алсыз, арсыз улут болуп жүрө беребиз.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.Kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *