Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: “Мен бул Жогорку Кеңештен эч нерсени күтпөйм. Ага ишенүүнүн кереги жок”  

— Каныбек Осмоналиевич, президент Сооронбай Жээнбековдун коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөздөрү сизге кандай таасир калтырды?

— Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы отурумунда коррупция маселесинин каралганы эле симптомдуу болду. Мага жакты. Себеби, мазмунунда көп нерселер бар. Эмне, убагындай мындай сөздөрдү Акаев айткан жок беле? “Коррупция  7-кабатка чыгып кетти” дебеди беле? Эмне, Бакиев сүйлөбөй жүрдү беле? ”Экономиканын колу-бутун тушаган ушу нерсе турбайбы, мен биринчи коррупция менен күрөшөм” деп Акаевге караганда эки-үч эсе катуу кыйкырган. Отунбаева деле укмуш сөздөрдү айткан. Атамбаев өзүчү? “Акүйгө киргендер ажыдаар болуп кетет экен, мен коррупцияны түп-тамырынан бери жоём” деген. Натыйжасы эмне болду? Жаңы президенттин сөзүн ошолордун катарындагы эле сөз катары кабыл алгандар да жок эмес. Чындыгында Жээнбековдо тарыхый бир мүмкүнчүлүк турат азыр. Бирок, анын бир талуу жери бар, элдин басымдуу бөлүгү аны Атамбаевдин ишин улантуучу катары кабыл алып турушат  азырынча.  Эгер ошол жол менен эле кете берчү болсо, эч кандай саясый келечеги болбойт бул кишиде.  Лидер катары дагы, мамлекеттик ишмер катары дагы. Ошон үчүн бул киши аябай ойлонуп,  жанагындай сөздөрдү айтты болуш керек.  Катуу айтты.  Эл шайлаган президент катары эмне үчүн мен соттордун одоно чечимдерине кийлигишпешим керек? Кийлигишем деди. Чындыгында эле Конституция боюнча акысы бар. Себеби, ал мамлекеттин башчысы да, улуттун лидери. Бул сөзү мага аябай жакты. Бирок, ошондо эле менин жүрөгүм бир “тыз” этип алды. Эмне үчүн алдын ала “арт подготовка” кылып алып, анан алып чыкпады маселени? Айталы, күч түзүмдөрү ага түздөн-түз баш ийет. Бир-эки кадрды дароо жумуштан алыш керек болчу. Ошол эле АКСтин башчысын (АКС башынан эле мыйзамсыз түзүлгөн. Ал конституциялык орган эмес. Конституциялык орган болуш үчүн УКМКга, ИИМге баш ийбеген улуттук бюро сыяктуу орган болуш керек. Сингапурдун лидери Ли Куан Ю улуттук бюро деп түзгөн). Балким, башкы прокурорду да алыш керек болчу. Зал адегенде дендароо боло түшкөнү менен тез эле оңолуп кетти деп айтар элем. Жарыш сөзгө чыккандар бири-биринин сөзүн улап, бири-биринин сөзүн оңдоп, орустар айткандай, исходная точкага кайра айланып келгендей болуп калышты. Тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдаланыш үчүн Жээнбеков абдан тез, ыкчам кыймылдап, батыл киришиши керек.  Айлана-тегерегиндегилер сөзсүз  бут тосушат. Бут тосуулар эчак башталды.

— Бүгүн эски аянтта президентти колдоп, сот системасында олуттуу реформалар жүргүзүлүшүн талап кылган митинг өттү. Мунун өзү эл президенттен чечкиндүү кадамдарды күтүп жатканынын белгиси эмеспи?

— Митингге чыккандар “биз сизди колдойбуз, сиздин айткандарыңыздын баары туура, бирок, аракетиңиз болбой жатпайбы” дешип, абдан тыкан саясатты жасап коюшту. Митингге катышкан аксакалдардын бири Топчубек Тургуналиев  атүгүл “бул кыймыл жалпы улуттук кыймылга айланышы керек” деп айтып жиберди.  Бул мага үч-төрт ай мурда Румынияда болгон окуяны эске салды. Ал жакта да башкы прокурорду колдоп, коррупцияга каршы 200 миңдей киши чыккан. Бизде да Бишкектеги жүрүшкө удаа эле Нарында да митинг болду. Эл бир чети президенттин 8-февралдагы сөзүнө ишенип турса, экинчи чети анын анчалык чечкиндүү эмес  кыймылына ичи чыкпай, демилгени өз колуна ала башташты. Кечээги Иштамбердиде, андан мурдараак Кадамжайда,Тогуз-Тородо  болгон окуя буга далил. Мындан ары басаңдоо болбойт, күчөй гана берет.  Мен ачык эле айтып коюшум керек, мугалимдер биригип атышат азыр. Эми элестетип көрсөңөр, 4-5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айлык алышат. Ал эми пенсияларын айтпай эле коёюн. 40 жыл иштеген киши 5 миң сом пенсия алып жатат. Ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков жарым жыл, бир жыл деп созуп отурбашы керек.

— Коопсуздук  кеңешинин отурумунан бери бир айдай убакыт өттү. Бирок, экс-президент ага эч кандай реакция жасап, өз позициясын билдире элек. Муну кандай жоромолдосок болот? Сооронбай Жээнбековдун кадамдарын тымызын колдоп жаткандагысыбы, же тескерисинче, каршы кадамдарды жасап атабы?

— Жээнбеков 8-февралда сүйлөдүбү, ал 10-февралда туура, же туура эмес деп өз оюн айтып коюшу керек болчу. Дымып жатканынын өзү анын Качинскийдин ыкмасына өткөнүн билгизет. Бул эмнеден көрүндү? Биринчиден, өзү унчукпай отуруп алды, экинчиден, аппарат жетекчиси кетем деп арыз жазды. Биз келесоо эмеспиз да, баары көрүнүп турат. Атамбаев азыр от менен ойноп атат. Жээнбековду лидер катары элдин алдына чыгаргысы келбей жатканы көрүнүп турат. Эгер чындап эле тарыхта калам деген ниети болсо, Индонезияда эс алып жатабы, же Индияда жүрөбү, өз пикирин билдириши керек болчу.  Ошондо баарыбыз Атамбаевге ыраазы болмокпуз. АКШда президент Трамп бир демилге көтөрсө, эки-үч саттан кийин эле экс-президенттер өз ойлорун айтып жатышат. Өткөндө Клинтон айтты, андан мурунураак Буш айткан. Азамат экен, жаманбы-жакшыбы Роза эжебиз тегерек үстөлдө өз оюн айтты го. “Азыр КСДП баарын басып алды, ага альтернатива боло турган башка саясый партия болбосо авторитаризмге барып калабыз” деди. Болбосо өзү убагында  КСДПдан депутат болгон.

— Анда, президенттин аппарат жетекчисинин арыз жазуусуна Атамбаевдин тиешеси бар дейсизби?

— Менимче, бул Фарид Ниязовдун өзүнүн демилгеси болду. Четке чыгып кетиш керек да. Анан калса, тиги жерде оюн болуп атат. Шайлоодо Жээнбековго колдоо  көрсөткөн амбициялуу азаматтар толтура. Алар аны ансыз деле сүрүп чыгарып баратышат. Мына ушул нерсе себеп болду көрүнөт. Атамбаев аны каалайбы-каалабайбы, Жээнбеков өз командасын түзүшү керек. Болбосо иштей албайт. Бирок, жүз күндөн кийин эмес, он күндүн ичинде түзүшү керек болчу. Америкада, Европада командасы өзү менен кошо келет го.

— Азыр ыйгарым укуктары эң чоң орган – бул парламент. Анда ал эмне үчүн мынчалык мажирөөлүгүн көрсөтүп жатат деп ойлойсуз?

— 2015-жылы алтынчы чакырылыштагы парламент шайланып келгенде Атамбаев көзүнө жаш алып, “болуп көрбөгөндай сапаттуу парламент болду” дегенде мен каткырып күлгөм. Себеби, мен дагы шайлоого катышып, самосвал менен акчалар ташылганын көргөм. Ошондо эле мен олигархтык парламент келди, булардын баары автоматтык түрдө чөнтөк депутаттар болуп калды  деп айткам. Себеби, Кыргызстанда бизнес кылуу деген эмне? Салыкты жашыруу, бажыны пайдалануу, бюджеттин тендерине эгедер болуу. Атамбаев өзү ушунун баарына катышты деп айта албайм, бирок, жол берип таштады да. Мына, былыктар четинен чыгып атат. Бир депутаттын Казакстанга барып колго түшкөнү, же болбосо Өзбекстандын бир олигархын “бул кыргыздын сыймыгы”  дегендери… Ошон үчүн мен бул Жогорку Кеңештен эч нерсени күтпөйм. Ага ишенүүнүн кереги жок. Эгерде беттеринде тырмактын учунчалык уяттары болуп, элди ойлошсо, тез таркап кетүүлөрү керек. Эгер парламент тараса кийин көчкүнү пайда кылчу элдин толкуну да токтойт болчу. Керек болсо эл алаксып калат болчу.  А балким, эмки чакырылышта чындап эле эл үчүн анча-мынча күйүп-бышкан депутаттар келип калат беле…

— Анда сиз парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарап кетишин жокко чыгарбайт турбайсызбы?

— Жокко чыгармак турсун, тарап кетишин каалайм. Азыр эл кыйналган абалда турганда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу менен күндөн-күнгө өрчүп аткан саясый процесстерди жакшы нукка салганга шарт түзөт эле. Себеби, Жогорку Кеңеш мындан ары болбогон, чийки мыйзамдарды кабыл алганга эле кудурети жетпесе, башка эч нерсе колунан келбей калды. Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурганы жөн гана жалкоолук, чалпоолук эмес, булар элге каршы иштеген органга айланып калды. Мына кечээ эле бир депутаттын Казакстанга барып колго түшкөнү, кош жарандуулугу чыкканы, Казакстандын тергөө органдары аны уюшкан топтун башчысы катары мүнөздөп жатканы, биздин Жогорку Кеңеш селейип отуруп, бир жумадан кийин адегенде “Кыргызстан” фракциясы аркылуу коргоп, андан соң биздин төраганын аларга кат жазганы… Кээ бирөөлөр “Казакстандын жетекчилиги  былтыр күзүндө болгон ыйкы-тыйкылыктарга жооп иретинде ушундай иштерди жасашууда” деп айтып атышыптыр. Жок, алар өздөрүнүн ишин жасап атышат. Болгондо да жогорку профессионалдык деңгээлде жасап атышат. Алар да контрафакттык товарлар үчүн Россиянын, Белоруссиянын алдында уят болуп атышат да. Экономикасы зыян тартууда. Цивилизациялуу коомдо парламент өзүн-өзү таратып же жакшынакай тыянактарды чыгарышы керек болчу. Бирок,  азыркыга чейин жанталашып аткандары булар парламентти көз карандысыз бийлик бутагы катары эмес, байый турган контора катары карай тургандарын толук айгинелеп койду.

— Акыркы кездерде “парламент тарайт экен” деген сөздөр күч алганына караганда, бийлик өзү деле  аны таратууга каршы эмес окшойт.  Тек, алдыдагы шайлоодо кайра жеңе алабызбы деген суроо гана аларды ойлондуруп, саранаа кылып  тургандай…

— Булар акылы болсо маселени антип койбошу керек. “Буга чейин жыргап башкарып келдик, мындан аркы тагдырыбыз элдин ичинде болсун” деп каниет кылыш керек да. Кыргыздын жакшы жомогу бар го, бир ууру күнүгө ар кимдин уюн уурдап, жылкысын уурдап, этин атасына алып келсе, атасы ал эттен кичинеден кесип алып бир шишке сая берет экен. Анан дагы бир күн кезектеги уурулукка кетип баратканда атасы айткан экен, “балам, шишиң толду” деп. Ушундай эле нерсе да. Менимче, булар демилгени өздөрү колго алуулары керек. Шайлоодон утулуп калса эмне экен? Эмне, турмуштары өтпөй калабы?

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *